Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Кыргызстан Италияга мунай экспорттойбу? Депутат таң калды
Кыргызстандын Италияга күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) экспорттоп жатканы кыргыз элчилигинин видеопрезентациясынан белгилүү болду.
18-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитети Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаевдин отчетун укту. Элчилик 2020-жылы түзүлүп, 2024-жылдын октябрында президент Садыр Жапаров Римге 25 жылдан берки алгачкы расмий сапарын жасаган. Сапардын жүрүшүндө эки өлкө ортосунда бир катар келишимдер түзүлгөн.
Презентацияда Кыргызстандын Италияга экспортунун көбүн КММ жана механикалык тетиктер түзөрү айтылганда, депутат Улан Примов таң калып, суроо узатты: “Бул кандай күйүүчү май? Биз тескерисинче КММ импорттойбузго?”.
Элчи Базарбаев да бул маалыматка таң калганын билдирип, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары экенин жана Италия тараптан жооп күтүп жатышканын айтты.