#Аида_САДЫКОВА
* * *
Күзгү шамал, шаардын чаңын сапырган,
Ойлорум да ордунда эмес тополоң.
Капастагы чычкан өңдүү тынбаймын,
Түгөнгүр ай, бүтпөгөн иш кокодон.
А бул мезгил түлкүлөрдүн мезгили,
Мен аларды жакшы таанып алыпмын.
Анткени алар аңга түртөт байкасаң,
Аз калганда шооласына жарыктын.
Жетчү жерге жетейин деп баратам,
Көккө учкан баштыктарга үңүлүп.
Таштандыны көкөлөткөн асманга,
Шамалдан да бараткансыйм түңүлүп...
Жасалма бир куурчактар да көбөйдү,
Жагалдана жылмаюулар, аттиң ай.
Жакшы сүйлөп, жакын жүргөн сөрөйдүн,
Кылыгынын ушунчалык жаттыгы ай.
Ойрондордон озуп кетер амалы,
Не кылайын, мен да шумдук аялмын.
Күзгү шамал, кыштан келген жуучубу?
А мен анын кыялына даярмын!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү
* * *
Күзгү шамал, шаардын чаңын сапырган,
Ойлорум да ордунда эмес тополоң.
Капастагы чычкан өңдүү тынбаймын,
Түгөнгүр ай, бүтпөгөн иш кокодон.
А бул мезгил түлкүлөрдүн мезгили,
Мен аларды жакшы таанып алыпмын.
Анткени алар аңга түртөт байкасаң,
Аз калганда шооласына жарыктын.
Жетчү жерге жетейин деп баратам,
Көккө учкан баштыктарга үңүлүп.
Таштандыны көкөлөткөн асманга,
Шамалдан да бараткансыйм түңүлүп...
Жасалма бир куурчактар да көбөйдү,
Жагалдана жылмаюулар, аттиң ай.
Жакшы сүйлөп, жакын жүргөн сөрөйдүн,
Кылыгынын ушунчалык жаттыгы ай.
Ойрондордон озуп кетер амалы,
Не кылайын, мен да шумдук аялмын.
Күзгү шамал, кыштан келген жуучубу?
А мен анын кыялына даярмын!
____________________
👉 "КЫСКА-НУСКА"
🖌️ Авторлор
🙏 Колдоо көрсөтүү