🇰🇬 𐰶𐰃𐰺𐰴𐰕 KAGANAT dan repost
🇰🇬🇹🇯 Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухридин расмий түрдө 2110 км² (211.000 га) ашуун жерди Кыргызстан басып алган, ал жерлер мыйзам түрдө Тажикстанга таандык деп ООН-дун трибунасынан сүйлөгөн 2022 жылы. Ага чейин зам.министри Содик Имоми брифингте картага чейин көрсөтүп берген, башында 4100 км² талаштуу жер болсо, булар кыргызды таарынтпайлы деп 2110 км² эле талап кылдык деп мактанып жатышкан.
Биздин комиссия 1991 жылы кол коюлган Алматы декларациясы менен чек араны чечүүгө аракет кылса, ошол эле учурда Тажикстан ал декларацияны моюндабай келген. Булар дооматын 1924-1927 жылдагы улуттук чек араларды бөлүштүрү учурундагы карталар менен чечүүнү талап кылган. Бирок Камчыбек Ташиев ага макулдук бербей, 2023 жылы эскертүү берген: "Эгерде Тажикстан дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан өзүнүн дооматын Мургаб менен Жерге-Талга коет".
Бүгүн генерал Ташиев расмий түрдө чек ара маселеси Алматы декларациясы менен чечилди деп билдирди. Ошондо Тажикстан дооматынан баш тартты дегенди билдирет, генерал айтып кеткендей - "мажбурладык".
Төрт-Көчө нейтралдуу болду, ошондой эле Ворух - Дача / Миң-Өрүк - Самаркандык нейтралдуу жолдор курулат. Ошондо Лейлекке 2 нейтралдуу жол жана көз карандысыз Көк-Таш - Ак-Сай - Рават жолу бар. Буга чейин Төрт-Көчө тажиктерге таандык болчу, ошого учурдан пайдаланып жолду тосуп турчу.