🇰🇬🇷🇺 Кыргызстан Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультацияларга катышат
5-октябрда Россияда Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын сегизинчи жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын өкүлдөрү да катышат.
Жыйынга Ооганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын өкүлдөрү жана жогорку кызмат адамдары катышат. Беларусь менен Египеттин делегациялары конок катары чакырылган.
🇦🇫 Ооганстан тарапты тышкы иштер министри Амир Хан Моттаки жетектейт.
Жыйында Ооганстан менен аймак өлкөлөрүнүн саясий жана экономикалык кызматташтыгы, ошондой эле терроризмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык талкууланат.
📄 Жыйындын соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алуу пландалууда.
@kgosho Билип жаша!