Депутаттар мектептерде акча чогултууга тыюу салган мыйзамды кабыл алышты. Эми мындай аракеттерге айып пул каралат
Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде депутаттар мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырышты.
Комитет “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Документте билим берүү мекемелеринде акчалай жыйымдарга тыюу салуу сунушталууда.
Демилгечи Миргүл Темирбаева мыйзамда ата-энелердин өз ыктыяры менен мектепке демөөрчүлүк жардам көрсөтүүсүнө тыюу салынбай турганын айтты. Эл өкүлү мыйзамда кеп окуучулардан акча чогултуп, фонддорду түзгөн билим берүү жайлары тууралуу жүрүп жатканын кошумчалады.
Миргүл Темирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн 20 миң сом айып салууну сунуштоодо. Ошондой эле, фонддорду түзүү үчүн жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салуу каралган.
@kgosho Билип жаша!