“Манас” аэропортунун FRU коду BSH болуп өзгөрүшү мүмкүн
“Манас” эл аралык аэропорту учурда колдонулган FRU кодун алмаштырууга аракет кылып жатканын бүгүн парламентте Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Данияр Бостонов билдирди.
Анын айтымында кодду өзгөртүү процедурасы 1 жылга созулат.
Ал Кыргызстанга учуу жасаган бардык авиакомпаниялардан уруксат алынганын айтты. Ошондой эле аба кемелеринин кодун өзгөртүүгө уруксат берген эл аралык ассоциацияга (IATA) да сурам жиберилген.
Бостонов код кандай болуп өзгөрөрүн айткан жок. Бирок, буга чейин BHS деп өзгөртүү сунушталган.
@kgosho Билип жаша!