Президент Садыр Жапаров окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуяга коментарий берди
Мамлекет башчысы жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуяга - бир окуучунун апасы мектеп мугалимин „баламды урушасың“ деп тилдегенине капа болгонун айтты.
- деди ал.
Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсыл жеринде болбосун жол берилбеши керектигине токтолду. "Мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү", - деди өлкө башчысы.
Ал мындай пикирин бүгүн, 20-ноябрда, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында билдирди.
@kgosho Билип жаша!

" 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок . Ал эми бул жосунсуз жорукта 45 мүнөт сабак токтогону аз келгенсип, „мугалим“ деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, ошол жерде мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялы талкаланды",