"Сиз уулуңуз Таймурасиктин өкүл атасы К.Конгантиевди абдан жакшы көрөрүңүздү түшүнөм" "КСДП" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков абактан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады
Темирлан социалдык тармактарга жарыялаган өз кайрылуусунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында бардык тергөөчүлөр, оперативдүү кызматкерлер КСДП партиясы тарабынан эч кандай добуш сатып алуу болбогонун, бирок атайын кызматтын төрагасынын тапшырмасы менен иш алып барууга аргасыз болуп жатышканын айтканын жазган.
-деген ал.
Ошондой эле Султанбеков Камчыбек Ташиевди калыс лидер болууга чакырган.
, - деген ал.
Султанбеков, Конгантиевдин буга чейин бир топ партияларда мүчө болгонун, соңунда келип "Ата - Журт" партиясына кошулганын, кримтөбөл аталып жок кылынган Камчы Көлбаевден да 3 бөлмөлүү батир алганын кошумчалап, өзүн жана Конгантиевди калп аныктоочу детектордон өткөрүүнү сунуштаган.
Эске салсак, "Добуштарды сатып алуу" беренеси менен иш козголгон Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын Свердлов районунун соттук чечими менен 2 айга абакта калтырылган. Ал эми 14-ноябрда КСДП партиясы жергиликтүү кеңештер шайлоосунан четтетилген. Учурда Султанбеков менен кошо партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина, партия мүчөсү Роза Турксевер да абакта отурушат. Алар 13-январга чейин абакта болушат.
Темирландын бул коомчулукка жарыялап жаткан биринчи кайрылуусу эмес. Ал абактан күн сайын социалдык тармак колдонуучуларына кат жолдоодо.
@kgosho Билип жаша!

"Далил катары мага УКМКнын 8-ноябрдагы тергөө буйругун көрсөтүштү",
-деген ал.
Ошондой эле Султанбеков Камчыбек Ташиевди калыс лидер болууга чакырган.
"Сиз бүгүн өлкөбүздөгү лидерлердин бирисиз. Баарына бирдей мамиле кылышыңыз керек. Сиз Таймурасикти жана анын өкүл-атасы К.Конгантиевди (Кубанычбек Конгантиев - Бишкек шаардык кеңешине эң көп мандат менен келе жаткан "Жаңы күч" партиясынын төрагасы) абдан жакшы көрөрүңүздү түшүнөм. Бирок сиз мени жана башка миллиондогон балдарды өз уулуңуздай көрүшүңүз керек. Сиз адилеттүү лидер болушуңуз керек"