Оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору ЖКда биринчи окуудан өттү.
Аталган мыйзам долбоорун ИИМ сунуштоодо. Министрлик оң рулдуу унаалар жолдогу автокырсыктын көп болушун шарттап жатат, деп эсептейт.
Депутат Дастан Бекешов оң рулдуу автокөлүктөр менен такси кызматына чыккан айдоочулар бардар жашоодо жашабастыгын айтып, мындай мыйзам менен алардын каражат таап үй-бүлөсүн багууга чек коюлуп каларына министрликтин көңүлүн бургусу келерин айтты.
Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитети билдирген маалыматка ылайык, 2024-жылы 910 оң рулдуу автоунаа катышкан жол кырсыгы катталып, 56 адам каза болуп, 1420 киши жаракат алган.
Кыргызстанда 180 миңден ашык оң рулдуу автоунаа катталган.
@osho Билип жаша!