Кыргызстанда шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, азыр шайлоо системасында адам фактору жок. Анда иштер электрондоштурулгандыктан бюллетендерди аппарат санайт.
«Шайлоо аяктагандан кийин жарым сааттын ичинде маалымат жалпы республика боюнча чыгарылат. Бюллетендерди көрүп жатасыздар, шайлоочу каттоодон өткөндөн кийин бир кишиге бир гана бюллетень берилет. Ал башка шайлоо участогуна барып шайлай албайт. Азыр илгеркидей «карусель» деген жок да», — деди президент.