Кыргыз акындарынын ыр саптары


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Kitoblar



Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Кээде туруп ызалыктан өлгүм келсе,
Кээ учурда бирөөлөрдү көмгүм келет.
Кээ кездерде тирүүлүк ысык болуп,
Кээ кездерде дүнүйө тарып кетет.

Сыноо деп бул жарыкты берген экен,
Сыйына кимдер тоюп, кимдер жеткен.
Тирүүлүк кумар тура адам үчүн,
Кана албай далай инсан өксүп кеткен.

Сөөгү морт, эти жумшак адам уулу,
Кээсине бакыт болсо кээси муңдуу.
Бирине кара курсак топук болуп,
Айрымдарга бул дүнүйө жылан уулуу.

✍️ Нурбек Саяк


Куттуу болсун майрамыңар Айымдар,
Куттуктоого аял затын акым бар.
Жарыктыкты бүт ааламга жарыткан,
Жалгыз гана Жарыктыкта затым бар.

Жарыгысын бул дүйнөнүн жалгызы,
Мээрим деген түшүнүктүн жарчысы.
Жалгыз өзүң, бийлеп алып ааламды,
Бүт дүйнөгө мээрим жолун салсычы.

Аял сенсин, бул жашоону тараткан,
Чыдап келген, бул турмушка жадаткан.
Жолдоп келем, сен баштаган жолуңду,
Такыр калбай,мээрим төккөн адаттан.

Автор: Абыльпата Адылбеков.
Екатеринбург шаары.




Аялзатына

Аял заты - бул жашоонун гүлү деп,
Аялзаты - тийген күндүн нуру деп.
Ыр жазышат даңазалап акындар,
Аял менен бул жашообуз сулуу деп.

Айтылганга чын дилимден кошулам,
Бул ырымды аялга арнап олтурам.
Ыр саптарым ысып барат кызарып,
Аял затынын карегинин отунан.

Бар болгула, асылзаада перилер,
Эмгек менен оор турмуш чегинээр.
Үйүңөргө бакыт орноп, кут орноп,
Арыктаган көңүл дагы семирээр.

Аял заты - апакем да, эжекем,
Аялзаты - келиним да, берекем.
Аялзаты - кызым жана өзүммүн,
Аялзаты - мени тууган энекем.

Сайра Сейитова


Силерге мен зар болдум.

Киши көрдүм, өңү түсү кубарган,
Көп кыйналып,бул жашоодо сыналган.
Балдарынын келечегин көп тилеп,
Өзүн дебей, балдарым деп чыңалган.

Адам көрдүм, каттык нанды кажыган,
Балдарым деп чет өлкөдөн тажаган.
Айласыздан басып жүрөт сен үчүн,
Жакыны жок көңүл бөлүп караган.

Ата көрдүм, балдарым деп зардаган,
Талаа басып, бүт жандары калбаган.
Кантип жүрөт, кабар алган адам жок,
Мээрим менен,бүт дүйнөсүн арнаган.

Апа көрдүм, балдарым деп ыйлаган,
Балдарым деп, суук шамал кыйбаган.
Жетишпестик бөлүп салды көрсөтпөй,
Качан кетет мээрим жоктой кыйнаган?

Автор: Абыльпата Адылбеков.
Орусия. Екатеринбург шаары.


Чынгыз Айтматовго

Чынгыс хандай айгайлаган ураансыз,
Бүт дүйнөнү багындырып куралсыз.
Чыгармаңыз которулган көп тилге,
Чындыгында Чыңгыз агай чыгаансыз.

Укканым жок калемиңиз талганын,
Жер шаарынан ашып түшөт салмагың.
Карышкырды ээрчип жүргөн немедей,
Кантип жаздың «Акбаранын» арманын?

Прозада пайгамбардын бирисиң,
Шекспирдей ага кошкон үлүшүң.
Келиштире жазаныңды танбайбыз,
Кеч ойгонгон «Жамийланын» сүйүүсүн.

Байкап көрсөң бардык жерден көрөсүң,
Ысык-Көлдүн сыйкырлуу «Ак кемесин».
Жер шарынын баарын чыкты кыдырып,
«Деңиз бойлой жорткон ала дөбөтүң».

Кылымдарды жашасак да карытып,
Кыргыз эли аз экенбиз үркөрдөй.
Ошентсе да чыкканыңа таң калам,
Асыл жандар Толгонайдай, Дүйшөндөй.

Жар бооруна ак көбүгү бүркүлө,
Аска-зоолор добушунан силкине.
Айтматовдун талантындай күч менен,
Агып жатат албуут дайра - Күркүрөө.

Калыс жүргөн классиги кыргыздын,
Атак-даңктын бийлигиндей жылдыздын.
Бардык элдин жазуучусу аталган,
Багы тоодой, чындыгында, Чыңгыздын.

Автор: Арабаева Элгүлү


Бир адамды сагындым

Жыйыштырып, намысымды, арымды,
Менден кеткен бир адамды сагындым.
Тузагынан качып жүрүп сүйүүнүн,
Кайра келип тузагына чалындым.

Менден кетти унчукпастан узап тим,
Сүйүп туруп кол булгалап узаттым.
Ал адамды унутууга бир өмүр,
Жетпейт чыгар, керек балким узак жыл.

Тагдыр балким, сынагыңдан мертиндим,
Муңдуу комуз добушундай чертилдим.
Кадамымды шилтеп эми ой келди,
Бүт ааламды дербиш өңдүү тентиймин.

✍️Альбина Шерали кызы


Балалык кез

Иргебестен жакшы жаман адамдарды ,
Алар эмне периштедей жаралганбы?
Чан көчөдө үстү башым кир болсо да,
Балалыктай бактылуу күн табылбады .

Чоңдордун образында оюн ойноп ,
Жасалмалуу келин күйөө тоюн тойлоп ,
Батыраак чоңоюну көп эңсебей,
Жасалмасыз балалыкта калсам болмок .

Коңшу апа тамак берип чайын койгон ,
Аз нерсеге кубанып курсак тойгон .
Китеп окуп, оюн ойноп, жумуш кылып ,
Ал учурда убакыт да кенен болгон .

Жаш муунду көрүп көөнүм толбой калды ,
Тиктеп туруп көңүлүм музга айланды.
Жашынышып, кубалашып ойнобостон ,
Телефондон бир да алыс болбой калды !

✍🏻К.Э


Аярлуум жана аярым

Жыттасам жыты жанды эриткеним,
Жылынчы кучагыма келип менин.
Сурасаң өмүрүмдү бергим келет,
Суйкайган аруу дүйнө келинчегим.

Кейибей бул турмуштун азабына,
Кел, кеттик улуу сүйүү сапарына.
Сен менин жалыныма жылып, бирок
Сен менин азабымда жашадың, аа...

Көнбөстөн көр турмуштун ченемине,
Көнбөстөн аны-муну дегениңе.
Көзүңдөн жаш агыздым эчен ирет,
Анда да жарап турдуң керегиме.

Сен менин өмүр берген булагымсың,
Сен менин аялуу бир тумарымсың.
Өзгө кыз кошулса эгер тагдырыма,
Өзүңдү эңсеп ыйлап турарым чын.

Мен сени өмүр боюу жандайынчы,
Мээримге канып Күндөй жайнайынчы.
Сен менсиз калба ушул дүйнөдө,
Мен сенсиз жер үстүндө калбайынчы...

✍Зайырбек Ажыматов


Жан дүйнө ак, а колдор кара болгон,
Эркеликтен кээде чуу сала койгон.
Бүгүн душман, эртеси доско айланган,
Бала бойдон калсак ээ бала бойдон…

Ар оюнда жан тартып өнөк болгон,
Тах-тах ойноп жарадар, жөлөк болгон.
Ошондогу аяган агаларга,
Бөбөк бойдон калсак ээ бөбөк бойдон…

✍️ Темирлан Боскеев


Жалбырактар

Бет алдым куурап жаткан сан жалбырак,
Бак ичи күбүрөшпөй, ээн, аңгырап.
Кыйырсыз асемдиктин тынчсыз жаны —
Көмкөрүп бардык мүлкүн кеткен сымак.

Термеле, уйкусуздан, наздуу эрип,
Жел консо туш тараптан учуп келип.
Үрпөйгөн эң акыркы жалбырактар
Кетишет илең-салаң төмөн чөгүп.

Санаага учсуз ойду айырбаштап,
Житире азгын чөптү турам таптап.
Алыстайт сезимдердин шаңдуулары,
Томсортуп куу бактарга жалгыз таштап.

✍Шербет Келдибекова


Жооп

Менден жашоо: «тегиң ким?» - деп сурасаң,
Эрктин алпы болуптур дейм, түп атам.
Түптүү элдин, калыс кандын тагы эмес,
Түйшүксүздүктүн түпкү туусун кулатам.

Менден жашоо: «тегиң ким?» - деп сурасаң,
Тунук дүйнө болуптур дейм, түп апам.
Каржалганга караанымды тийгизип,
Канкорлорго ыйман бер деп сүт чачам.

Да сурасаң: «Туугандарың демек ким?..»
Дыйкан баскан талаа боорум демекмин.
Ак олпогум, эмгек менин бешигим,
Жалкоолорго мунаписчил эмесмин.

Да сурасаң: «Кайсыл сенин кесибиң?..»
«Акындыктын татып жүрөм кешигин.
Жазгандарым элде калса болгону,
Жалгыз буюруп эки кулач кепиним!..»

✍ Өмүркул Кулумбаев


Эшек

Жаныбар эшек илгертен бери,
Жакшы сөз элден укпадың деги.
Куйругу жаман, кулагы чоң деп,
Көргөндүн баары шылдыңдайт сени.

Тамсилге кошуп далайлар жазды,
Бирөө да анча көрбөдү жакшы.
Аңкоо, макоо, жалкоого теңеп,
Арзыбас сага аттарды такты.

Чыкпады — дейсиң бир дагы даңкым,
Чыдагын чыгат, чыдамдуу жансын.
Эт, сүтүң арам болгону менен,
Күчүң бар, адал эмгегиң алтын.

Баспаган жардан туягы аттын,
Куланган жоксуң, тартынбай бастың.
Койчулар минсе ташыркап койбой,
Койчулап шагыл кырлардан аштың.

Аптапта дагы топурак күйгөн,
Өзүңдөн оор кишини минген,
Жүк-мүгү менен көтөрүп алып,
Кыдыңдап талбай жүргөнүң жүргөн.

Жеңил баа болуп келгениң жетет,
Мактоого сени келди эми кезек.
Айбандар менен укугуң тептең,
Айкыргын күчөп алп күчтүү эшек.

✍️ Байдылда Сарногоев


«Чыгыш-5 кичи аймагы, 10-үй»

Үч бөлмөлүү үйгө жетип акыры,
Тогуз кабат көрүнбөгөн чатыры.
Төрт кабаттан чуркап түшүп балдарым,
Ойноп улам, лифтке түшүп жатыры

Күн чыгышты, батыш жакты караган,
Терезеден нуру үйгө тараган.
Ысык, муздак суусу агып чоргодон,
Көп кабатка ал айныбай жараган.

Баары ыңгайлуу ушу жаңы конуштун,
О, жараткан боор оорудуң-болуштуң.
Шаардыкча мен да жашоо уланттым,
Кепесинде жүргөм далай орустун.

✍️ Өмүрбек Бөкөлөев


ДҮЙНӨМ ГҮЛ
Дүйнөм гүл ,соолутпагын аярлап,
Сезим гүл , оорутпагын жаралап.
Билинбей куурашына жол бербе,
Сүйүп ал , гүл дүйнөмдү жыл-айлап.

Дүйнөм гүл, бакыт сунсун сезимдер,
Сезим гүл , сага деген ийримдер.
Жүрөгүм өз ээсине байланып,
Калууга бир сен болчу себепкер.

Дүйнөм гүл , сезим менен сугаргын,
Сезим гүл ,мээрим менен курчагын.
Миң түркүн турмуш жолун бассак да,
Түбөлүк сүйүү үчүн чуркагын.

Дүйнөм гүл, күн нурундай жаркыган,
Сезим гүл , көктө жанып балкыган.
Жылдыздай көптөр сулуу болсо да,
Ай сымал сага гана арналгам.
Сен үчүн ,бир сен үчүн жаралгам.

✍Алтынай Таалайбекова


Жигит дебейм сөзүнө турбаганды,
Адам дебейм ак эмгек кылбаганды.
Сулуу дебейм акылсыз кашын боёп,
Көлөкөдө ак бетин сырдаганды.

Тааныш дебейм сырымды билбегенди,
Тууган дебейм жаныма күйбөгөндү.
Досум дебейм кейисем кошо күйүп,
Тозогумду бөлүшүп жүрбөгөндү.

Күлкү дебейм сүйүнүп күлбөгөндү,
Сүйүү дебейм экөө тең сүйбөгөндү.
Акын дебейм айтканы насаат болуп,
Арткы муундар эскерип жүрбөгөндү

Автору:Шакен Мамбетаипова


Чыңгыз жана мен

-Чыңгыз, кайда?
-Москва, Берлин, Лондондо.
-Эмнеге кетти?
-Бир маанилүү маселе болгон го.
-Байдылда кайда?
-Мал жайылган тоолордо.
-Эмнеге кетти?
-Туз берип жүрөт койлорго.
-Чыңгыз кайда?
-Прага, Парижде, Римде
-Эмнеге кетти?
-Эл аралык адабияттын
-Абалын билүүгө.
-Байдылда кайда?
-Таластагы үйүндө.
-Эмнеге кетти?
-Тамеки үзүүгө,
-Апийим тилүүгө.

-Чыңгыз дүйнөнү кыдырат
-Кыргызга сыймык жыйнайм деп.
-Байдылда тоодо отурат
-Тоолорумду кыйбайм деп
-Тоо жылмайынча
-Жылбайм деп.

Байдылда Сарногоев




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Балдарың сыймыктанып турмак үчүн,
Бекем бол түбөлүккө ырдаш үчүн.
Биз сени бабалардан карыз алдык,
Келаткан келечекке урпак үчүн.



20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.