Жумаида ТАГАЙБЕКОВА
ТААРЫНДЫҢБЫ, АКУТАЙ?
Кайсы күн, кандай күн экени эсимде жок. Айтор, кадимки эле Киев менен К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага келип, машрутка күтүп жаткам. Аябай чарчаганымды билем. Курсагым да ач. Көчөлөр ремонт болуп жатканга машруткалар башка жолдор аркылуу жүрүп калган эле. Ага маани деле бербейм,мени башка ойлор түпөйүл кылат. Окууну бүтүп жатам, эми жумушту эмне кылам деген суроолордун үймөгүнөн чыга албай жолду телмире тиктейм. Азыр машруткам келип, жол катар айнектен элди карап кетсем бир аз болсо да мээмдеги жамгырдай жааган суроолордон алаксыйт белем, ким билет. Канча ойлонсоң ошончолук оорчулук үстөмө-босток боло береби, айтор 179- менен 132-маршуттарды көпкө дейре күттүм. Башка жака кетчү машруткалар биринин аркасынан бири кубалашып келет, дал меники күттүрүп жок. Буттарым зыркырап, ысыктан жүдөп чыктым.
Жанымда бир кыз менен улуураак эже олтурду. Кудай да мени уктубу, “ээ мейличи, алаксысын бечара” дедиби, оюм ушул эки адамга бурулуп кетти. Тиги эже жаш кыздын апасы окшойт мамилелери аябай ынак экен. Орто бойлуу, жашыл көйнөк кийип, кыска чачтарын артка байлап алыптыр эже. Бирөөгө аябай окшош экен. Көздөрү жымыңдап бир башкача, боорукер, жакшы адам экени бир караганда эле байкалат. Ал эми кара торусунан келген, орто бой, чачын узун коё берген кыз улам мени жактырбаган өңдүү карайт. Беттери кызыл тартып, ысыкта жинсы куртка кийип алган. Таң заарлап чыгышкан го шаарга. Кыздын улам-улам баш көтөрүп, мени карай бергенинен өзүмдү ыңгайсыз да сездим.
Алар да машрутка күтүп турса керек, бир телефонду, бир жолду карашат. Жүктөрү оор. Жанына коюп алышыптыр. Бирок, жүздөрүндө чыныгы бакыттын болбосо дагы көңүл ток жашоонун күлкүсү. Бири-бири менен тамаша айтышып, алыс-жакын туугандарын сөзгө кошуп коюп жатышты. “Эртең Жами эжеңдердикине барып коёлу эми,уят болот” десе тиги жаш кыз; “ий, аларыңыз бир нерсе көтөрүп бармайынча жактырчу эмес эле” дейт. Алардын маеги эмнегедир мага жагымдуу сезилип, мыйыгымдан жылмайдым.
Кыз тогузду бүтүп эле окууга келген окшойт. Ак-Ордого барчу маршрутту күтүп, эмне үчүн келбей жатканын, дагы башка кайсы маршруткалар барарын айтып сүйлөшүп жатышты. Мага бул маек аябай тааныштай сезилди. “Ай, Ак-Ордого мобу машрутка, мобу автобус кетет, бул минтип, тиги тигинтип кетет” деп айтып жибергиң келет. Бирок, унчукпадым. Кызык, эмнеге? Дагы сүйлөшүшсө экен, дагы күлүшсө экен, дагы бири-бирине эркелешишсе экен деп олтурдум.
Бир убакта эле тиги кыз апасына таарына кеттиби, кыскасы, телефонго үңүлдү да ошол бойдон башын бир көтөрбөй койду. Андан кайсы бир кыска видеолорду улам-улам өткөрүп жатты. Мен аларды көз кыйыгым менен карап коём. Баягы каткырык күлкү, жагымдуу маек жок. Чынында буларды көрүп, кимдир-бирөөнү эстеп алаксып кетипмин. Эмне үчүн чатакташа кетти? Ким баштады? Жакшы эле олтурушпады беле?..