Адахан Мадумаров


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


🇰🇬Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
🔹️"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери
🔹️Коомдук ишмер

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri






Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
"Кыргыз тарыхын калчап келген аксылыктарга кайрылуу!"
_________________
17-ноябрь күнү өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү, Кербен шаардык кеңешине аттанган "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлерин колдоп коюңуздар!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
«Гимнди парламент же президент өзгөртөт. Мамлекеттик катчы гимнди өзгөртпөйт. Мага белгилүү аксакалдар, илим, маданият ишмерлери келип турушчу. Алар ар кандай
варианттарды сунушташкан. Бул талкуулар менин кеңсемден алыс болгон эмес. Ал (Садыр Жапаров) менин кабинетимде болгону эсимде жок. Эмне үчүн мен ага бул сөздөрдү ишенип айтмак элем? Мен ага бир нерсе айта тургандай ал ким ?!»

Адахан Мадумаров

Апрель ТВ


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
"Жогору жактан буйрук болмоюнча Жогорку Кеңеш чүчкүрө да албайт"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров мамлекеттик символдорду өзгөртүү демилгеси тууралуу Азаттык үналгысына пикирин билдирди.

28.10.2024


Урматтуу мекендештер!
 
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Temirov LIVE долбоорунун 11 журналистинин үстүнөн чыгарган өкүмүн угуп катуу жийиркендим, жүрөгүм ооруду, өкүндүм. Биз кандай элге айландык? Кайсы доорго түшүп калдык? Кыргыз тарыхында качан эле айткан сөзүң үчүн абакка отургузулуп, өз көз карашың, ишенимиң үчүн жазаланган элек? Качан эле биздин төкмө акындардын тили кесилген эле? Качан эле акындар сөзүн айтаарда эки жакты карап, жалтаңдап калган күнгө жеткенбиз? Кай заманда ушундай оор сыноолорду башыбыздан өткөргөн элек?
 
Биздин ата-бабаларыбыз “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген улуу накылды бекеринен калтырган эмес. Адам төрөлгөндө эле өзүнүн оюн айтууга Жараткандан укук алат. Бул укук мыйзам менен да, бийлик менен да берилбейт. Ал адам менен кошо төрөлөт. Адамдын тили, ою, көз карашы бар болгону үчүн - адам. Эгер бул укуктарды адамдан тартып алсак, анын айбандан айырмасы эмне?
 
Акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине болгон кысымдар күндөн-күнгө күчөп, чындыктан корккон бийлик ооз ачкандарды темир торго камап, элди жапырт коркутуу жолуна түштү. Бул эмне деген бийлик, эмне деген жапайычылык? Бул эмне деген зулумдук? Ой жүгүртүүгө, сөз айтууга тыюу салуу — элди маңкурттукка алып келет! Бул улуттук өзгөчөлүгүбүздү, маданиятыбызды, тилибизди жок кылууга алып баруучу коркунучтуу жол! Кыргызстан — тилибиз, Манасыбыз, эпосубуз, дастандарыбыз менен даңкталып келген элбиз. Элибиз канчалык оор күндөрдү башынан кечирсе да, сөз эркиндигинен ажырабаган. Бир да бийлик буга чейин сөз эркиндигине мындай катуу сокку урган эмес.
 
Дагы бир жүрөктү ооруткан нерсе — жаш баланы энесинен ажыратуу. Бул эмне деген шумдук? Ата-энеси тирүү туруп, баланы балдар үйүнө берүү кандай кордук? Ушундай жапайы жоруктарга жеткенибизге ким күнөлүү? Кыргыз адам баласын эмес айбандардын-куштардын балдарын да энесинен ажыраткан эмес го.
 
Айланайын эл азаматтары! Кыргыз эл баатырлары, акындары, жазуучулары! Силер кайдасыңар? Энени баладан, баланы энеден ажыратып, чындыктын үнүн басып жатышса эмнеге унчукпайсыңар? Ушундай зулумдукту көрүп туруп өз оюн айта албаган кайдыгер,мага эле болсо болду деп четтен карап сыйлык күткөн, майрам күндөрү дасторкондон үмүт эткен, кандай устукан тиет экен деп күткөн жалган баатыр карыялардан не пайда? Каарман, акылман деп эсептелген аксакалдарыбыз кайда? Кылым карыткан каада-салты бар, улуттук наркы бар улуу элбиз деген кыргыз ушундай болуп майдаланып аска-зоо эмес көзгө илинбеген кумга айланып жок болуп кетебизби? Келечегибиз бүдөмүк...
 
 
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы
 
Адахан Мадумаров


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
«Билим — теңдешсиз байлык, анын баасы күндөн-күнгө өсөт....»
_______________
02.09.2024
Бишкек шаары, Ломоносов атындагы орто мектеби.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
"Бир эшикке кирип чыккандан кийин мандатын тапшырган депутаттар боюнча..."
________________
02.09.2024


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Шаардык сот Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

10-июлда Бишкек шаардык соту оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровго Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Соттук отурумдан кийин Мадумаров чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.


⚡️Эртең, 4 - июль күнү саат 16:00дө Бишкек шаарынын Административдик сотунда Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча аппеляциялык арызы каралат.

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 64 .

________________________

⚡️5-июль күнү саат 09:30да Адахан Мадумаровдун Биринчи май райондук сотунун чечимине карата
аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралат.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 37.


🚨 Эртең, 19-июнь күнү саат 09:30да Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралат.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 37.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Соттук териштирүү иши, сот адилеттүүлүгү, Башкы прокурордун кызматтан кетиши, саясий кырдаал боюнча Адахан Мадумаровдун пикири...

Адахан Мадумаровдун Бишкек шаардык сотунда 3-июнга белгиленген соттук иши 7-июнь күнү саат 9:30га жылдырылды.


Эртең, 3-июнь күнү саат 14:00дө Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралат.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 37.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун 28-майда Бишкек шаардык сотунда каралуучу аппеляциялык арызы 3-июнь күнүнө жылдырылды.


28-май күнү, саат 15:30да оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралат.

Дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү 37.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Адахан Мадумаровдун даттануусу канааттандырылды.


Бүгүн, 22-май күнү саат 16:00дө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун "соттун өкүмүнө карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү боюнча" соттук отуруму өтөт.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Мадумаров берген даттанууну "даттануу мөөнөтү өтүп кеткен" деген шылтоо менен кабыл албай кайтарып берген.

Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 163/1.


«Азаттык» радиосу dan repost
Сот Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты

20-майда Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкумдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.

@azattyk_radiosu




Бүгүн, 8-майда, Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Сот аны каттап, кабыл алды.

Ал эми КР борбордук шайлоо комиссиясынын Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чечимине каршы арыз Бишкектин Административдик сотунда 20-майда карала турган болду.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.