“Жашың жетти үйлөн. Жашың өтүп кетет турмушка чык” деген сөздү айткандар өздөрүн укмуш сонун кеңешчи катары санайбы? Билбейм.
Үй-бүлөлүк жактан моралдык жактан даярбы? Бул нерсе ошол “кеңешчилерди” кызыктырып койбойт. “Башын байлап коёлу” деп кыз же күйөө издеп башташат.
“Сүйүүнү башыңа тартасыңбы, биз деле ушинтип баш кошконбуз” дешет.
Мурдагы муун менен азыркы муунду салыштыргылачы… Көз караш, дүйнө тааным, ой жүгүртүү такыр дал келбейт. Айтайын дегеним, азыр жашың жеткен менен көңүлүңдөгү адамды таба албасаң, башка бирөө менен жашап кетүү өтө кыйын.
Түркиялык агай (өзү араб) айткан эле:
“Жашың жетти, үйлөн” дешти. Ошол нерсе мээме сиңип калган. “Измирде кыз бар, жолук” дешти, бардым жолуктум. “Стамбулда жакшы кыз бар. Жолук” дешти, жолуктум. Кыз издеп барбаган жерим калган жок. Же кыз мага жакпай калат, же мен кызга. Көңүлдүн туура келиши кыйын экен. Ошентип үйлөнөм деп 8 жыл жүрдүм. Эң кызыгы, кимге үйлөндүм билесиңерби? Өзүмдүн эле шаарымдан, биздин көчөдөн бир кызга. Насип деп ушуну айтса керек”…
Жашың жеткенде эмес, көңүлүңө туура келген адамды тапканда үйлөн/турмушка чык.
Жашың жеткенде эмес, моралдык жактан даяр болгонуңда үйлөн/турмушка чык.
Жашың жеткенде эмес, насибиңе жолукканда үйлөнөсүң/турмушка чыгасың.
14.12.21