📍 Эгер бардык жубайлар акыларын
талап кылбастан, милдеттерин да билип, аны толук
аткарышса, бактылуу болушмак. Бул макалада
эркектин аялынын алдындагы милдеттери тууралуу сөз
кылабыз.
1. Махр беруу
Эркек нике кыйылып жатканда, аялы айткан өлчөмдөгү
махрды беркуге милдеттуу. Бул тууралуу Куранда
айтылат: «Баш кошкон аялынарга махр-калынын чын
дилден бергиле. Эгер алар калындын каисы бир бөлугун өз ыраазылыгы менен силерге багыштаса,
анда аны алсанар болот...»
(Ниса, 4).
2. • МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДОО
Аллахтын элчиси с.а.в айткан: "Озунөр жеген нерседен
аларга (аялынарга) да жедиргиле, езунөр кийгенди
аларга да кийгизгиле" (Абу Дауд).
Аял тапкан каражатын уй-булөлөсүнө сарптоого
милдеттуу эмес. Аялды багуу, анын муктаждыктарын
камсыздоо эркекке жуктөлгөн.
3. ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ
Ислам эркекти аялына мээримдуулук менен жумшак
мамиле кылууга чакырат. Аллахтын элчиси с.а.в
жубайларына жакшы мамиле кылгандардын сап
башында турат. Ал өз хадисинде мындай деген: "Эн
жакшынар - аялына жакшы мамиле кылгандар..
Силердин аранардан мен да аялына жакшы мамиле
кылгандарданмын".
4. Жардам беруу
Пайгамбарыбыз с.а.в кийимдерин өзу жамап алчу, эчки
саачу. Уй-тиричилигинде жубайына жардам беруу
суннөт болуп саналат. Айшадан Аллахтын элчиси уйдө
эмне менен алек болгондугун деп сураганда: "Уй иштери менен алек болчу, намаз убактысы болгондо мечитке барчу", - деп айткан.
5. Кемчилдиктерин кечируу
Эркек жубайынын катачылыктарын кечире билгени
жакшы. Пайгамбарыбыз с.а.в жубайлары сезимге
алдырып, туура эмес кадамга барганда, токтоо жана
сабырдуулук менен мамиле кылган. Хадисте келет:
"Момун эркек момун аялды жек көрбөшү керек.
Эгерде анын мунөзунун кайсы бир жери ага жакпаган
болсо, анда ал башкасынан ыраазы болот" (Муслим)
6. ЖОЛ KOPCOTYY
Эркек - уйдун башчысы, акыретте уй-булесу учун жооп
берет. Ошондуктан ал аялдын шариятка туура келбеген
кадамдарын тыйып, жол көрсөтү керек. Уй-булөсүнө
шариятты тушундурө алгыдай денгээлде илими болушу
зарыл.
7. ТУУГАНДАРЫН СЫЙЛОО
Пайгамбарыбыз с.а.в жубайы Хадижанын туугандарын ал
каза болгондон кийин да унуткан эмес. Кой сойгондо, эттин бир белугун аларга жиберип турган. Мунун озу эркек жубайынын туугандарына жакшы мамиле жасаш
керектигин далилдеп турат.
8. ОЗУН КАРАП, ЖАКШЫ КӨРҮНҮШТӨ БОЛУУ
Ибн Аббас (р.а) айтат эле: Аялымдын мен
учун кооздонуусун жакшы көрунгөндөй эле,
мен да аялым учун кооздонууну жакшы көрөм".
9. МААНАЙЫН КОТОРУП, ТАМАШАЛАШУУ
Аялы менен азилдешип, тамашалашып
туруу да эркектин милдети болуп саналат.
Бул аялдын көнулун көтөруп, бактылуу
кылат. Пайгамбарыбыз с.а.в жубайларынын
мунөзүнө жараша азилдешип, ойноп-
кулгөн. Алтургай эки жолу Айша энебиз
(р.а) менен жарышып чуркаганы айтылат.