ПОЛИТ УЗНИК


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Siyosat


Саясий куугунтукка жол — ЖОК!
НЕТ — политическии репрессиям!
МЫ боремся за соблюдения прав человека и законности!

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Siyosat
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ата Түрк паркындагы үйлөр түртүлүп жери мамлекетке кайтат, колдойлу!


Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы тарабынан 2024-жылдын 7-февралында чыгарган мени актоо жана мамлекеттик айыптоочу З. Байбагышеванын өтүнүчүн четке каккан чечими колго тийди.

Бүгүнкү күнгө чейин колдоо көрсөтүп келе жаткан санаалаштарыма ыраазычылык билдирем! Мындан ары жакшылыктар гана болсун!

Ырыскелди Жекшенашиев


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
«Мен прокурор менен тергөөчүнү сотко бергенге укугум бар болчу, бирок андай кадамга барган жокмун. Бул чечимим менин эч кимге кек сактабаарымды ошондой эле таарынычым жок экендигин далилдеп турат.

Президенттибиз Садыр Нуркожоевич жана УКМКнын төрагасы Генерал Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда саясий куугунтук жок, соттор көз каранды эмес деп айтышкан. Мына бүгүн ал нерсе далилденди!»

Эскерте кетсем, 18-айлык соттук териштүүдөн соң Ырыскелди Жекшеналиев ага тагылган айыптардан толук акталды.


ПолитКлиника медиа dan repost
Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевди актоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган.

Прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.

Ырыс Жекшеналиев 2022-жылы августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.

Активистке кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

@politklinika


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Жараткан Аллахым ыраазы болуп, садаканы кабыл кылган болсун! Эки дүйнө бакытын насип этсин, Аке!


Жалаң жакшылыктардын үстүндө жүрөлү! ✨


Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүн мага карата Биринчи май райондук соту чыгарган актоо чечиминин үстүнөн прокурор Байбагышева Бишкек шаардык соттук коллегиясына аппеляциялык арыз менен кайрылып, жокко чыгарууну жана кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөнүн сотко барганда капыстан билип калдым. Максатымда соттун чечими күчүнө кирди деп мөөр бастырып, Жалал-Абад облусуна барып, курорттон мындан аркы даарылануумду улантайын дегем.

Мен, сөздүн ачыгы, түз жүргөн, берген убадама бек турган жигитмин. Адвокаттарыма сунуш киргизип, акылдашып, мамлекеттен моралдык чыгым өндүрүү үчүн сотко кайрылбайбыз деп чечим кабыл алганбыз. Бул менин эч кимге кегим же таарынычым жок экендигинен кабар берет.

Эми мындай… Мен өзүм күткөндөй, ишенгендей эле жылдап созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин акталдым. Сотто ачык айткандай, жаштыгыма салып Урматтуу президенттибиз Садыр Нуркожоевич менен Генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевичтин алдында ката кетирип алгандырмын, бирок мыйзам алдында кымындай да күнөөм жок дегенмин. Бул менин туруктуу пикирим.

Мен 29-декабрь күнү ооруканада жатканда интервью берип, ошол жерде белгилеп өткөндөй эле мындан ары өзүмдүн ден-соолугумду чыңдап, билимимди бышыктоо менен, жакындарымды аёо менен гана алек болом дегем. Ал оюмдан кайтпайм.

Ошентсе да, мен баарыңыздарга ыраазычылык билдирем! Менин акталышыма, менин адилетти эңсеген үнүм керектүү адамдарга жеткенине себепчи болгондорго рахматымды айтуу парзым деп эсептейм.

Бирок, кандай болбосун, жалаң жакшыны ойлогон, оптимист жаным бу алдыдагы шаардык сотто райондук сот чыгарган чечимди бекемдеп, тактап айтканда мени дагы бир жолу соттук коллегия аркылуу актап койгону жатышат деп ойлоп турам.

Жараткан жалпыбызды жалгасын! Жакшылыктарда гана жүз көрүшөлү, журт жакшылары!

09.01.2023




Кымбаттуу мекендештер!

Камалгандан тарта ушул күнгө чейин сотто мыйзам алдында ак экенимди айтып келдим. Албетте, менин үнүм эркин медиалар аркылуу гана коомчулукка жетип турду. Эгер көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары, Эл аралык уюмдар, жарандык коом болбогондо менин үнүм эч жака жетмек эмес. Учурдан пайдаланып баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем!

Ар бир соттук процессти күзөтүп, укугумду коргоп берген Гулшайыр Абдирасулова башында турган Общественный Фонд "Кылым шамы", Институт Медиа Полиси уюмдарына, жактоочуларым Кантемир Турдалиев жана Нурбек Сыдыковго алкышымды айтам.

Айтор, бүгүн сот мага карата Өкүмдү окуганда ошондогу ар бир оор күнүм, колдоп жаткан тараптардын элестери кино плёнкадай тизилди. Бул сиздердин мен үчүн кылган мээнетиңиздерди эч качан унутпай, түбөлүк жүрөгүмдө болорунан кабар берет.

Жалаң жакшылыктарда жүз көрүшөлү! Кем болбоңуздар!


Kloop dan repost
Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ырыс Жекшеналиев выступил с последним словом в суде. Он попросил судью вынести справедливое решение по его делу.

Жекшеналиев заявил, что нельзя лишать свободы человека на 7 лет за репост видео в соцсетях.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
КР Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичке, УКМК төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ачык кайрылуу


24KG Новости Кыргызстана dan repost
Кто достоин звания Человек года — 2022?
So‘rovnoma
  •   Садыр Жапаров
  •   Викрам Рузахунов
  •   Пограничники
  •   Валентина Шевченко
  •   Мээрим Жуманазарова
  •   Болот Темиров
  •   Ырыс Жекшеналиев
  •   Асель Байбагышева
  •   Жоламан Шаршенбеков
  •   Задержанные по кемпир-абадскому делу
1144 ta ovoz






В Первомайском районном суде прошло заседание по делу блогера Ырыса Жекшеналиева — на этот раз гособвинение запросило 7 лет лишения свободы вместо шести, о которых речь шла раньше. Об этом сообщила журналистка Кундуз Жолдубаева.

Прения сторон состоятся 27 ноября, а после будет оглашен приговор. Напомним, Ырыс Жекшеналиев был задержан в августе 2022 года за пост в соцсетях — с ссылкой на источник. Опубликовал обращение Абдиля Сегизбаева двухлетней давности. Видео было связано с месторождением Жетим-Тоо.


В Первомайском районном суде города Бишкека сегодня прошло очередное заседание по делу Ырыса Жекшеналиева, на котором, должны были присутствовать эксперты по лингвистической экспертизе!
Но эксперты не явились на процесс уже во третий раз! Напомним, ранее об их присутствии ходатайствовал прокурор!

В связи с их отсутствием, процесс пришлось перенести на 16 ноября 2023 г. в 10:30 часов!

Мы будем следить за развитием событий и держать вас в курсе.


Ырыс Жекшеналиев извинился перед судом и прокурором

В зале суда адвокаты и прокурор выступили против проведения дополнительной экспертизы.

Жекшеналиев заявил, что, когда его арестовали, то снимали на камеру мобильного телефона и требовали принести извинения. "Я сейчас прошу прощения у судьи и прокурора, которые здесь. Если бы я тогда согласился и принес извинения людям, которые меня задержали, то, возможно, всего этого бы не было сейчас, и вам не было бы тяжело со мной в суде", - сказал он.
Задержанный тоже выступил против проведения экспертизы. "Следователи и Улан Жапеков в этом деле привели всех к тупику. Алина Асанова публиковала это видео тоже, но почему-то она не сидит рядом. Хотя я не сторонник того, чтобы она тоже сидела, но ведь должна быть справедливость. Я против дополнительных экспертиз", - заключил Ырыс Жекшеналиев.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Дело Жекшеналиева: Суд постановил провести повторную экспертизу и продлил блогеру домашний арест

Блогера Ырыса Жекшеналиева оставили под домашним арестом до сентября 2023 года. Также суд постановил провести повторную комплексную и лингвистическую экспертизы по делу блогера, несмотря на то, что адвокат и прокурор были против.

Суд в отношении блогера идет из-за публикации в паблике «Полит Узник» архивного видеообращения экс-председателя ГКНБ Абдиля Сегизбаева в Facebook о месторождении Жетим-Тоо в Нарынской области. Блогеру предъявлено обвинение по статье «Массовые беспорядки», а гособвинение запросило для него 6 лет лишения свободы.

👉https://tinyurl.com/h5zn78tv

Видео: Kloop




Сүйүнчү!
Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Тилекке каршы адилетсиз камап, андан дагы коё бербей, үй камагына чыгарып койгонуна кубана турган заманда жашап калыптырбыз.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.