🔰 БЕРЕШЕНДИК
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
🌴 АЯТ: "Эй, ыйман келтиргендер! Силерге ким берген ырыскыбыздан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган күн келгенге чейин Аллах жолунда сарптагыла! Каапырлар - алар залимдер ". ("Бакара" сүрөсү; 254-аят)
🌴 ХАДИС: "Берешендик - тамыры бейиште, бутактары бу дүйнөдө ийилип турган мөмөлүү дарак. Ким ошол бутактарга асылса, ал бутак аны бейишке алып барат. Ал эми сараңдык - тамыры тозокто, бутактары бул дүйнөдө ийилип турган дарак. Ким анын бутактарына асылса, ал бутак аны тозокко алып барат".
🌴 ОКУЯ: "АЛ МЕНДЕН АШКАН БЕРЕШЕН"
Берешендиги менен белгилүү болгон Хатами Таиден:
- Сенден ашкан жоомарт адам бар бекен? - деп сурашат.
- Албетте, бар! - деп башынан өткөн бир окуяны айтып берет:
"Күндөрдүн биринде бир жаш жигиттин үйүндө конок болдум. Ал кедей болгонуна карабастан, мени сыйлап бир кой союптур. Ал алдыма койдун бөйрөгүн тартуулаганда: "Мен койдун бөйрөгүн аябай жакшы көрөм" дедим. Үйдүн ээси бир аз убакытка эшике чыгып кеткен эле. Бир аздан кийин ал баш-аягы жети койду союп, жетөөсүнүн тең бөйрөгүн алып келиптир.
Мен аябай ыңгайсыз болдум. Анткени анын жакыр экенин билчү элем. Мен ага:
- Эмне себептен мага болгон жети коюңду сойдуң? Мен сага ушундай кыл дедимби. Болгону, койдун бөйрөгүн жакшы көрөөрүмдү айткам, - дегенимде, ал:
- Мага кудайы конок келсе, кантип мен ага анын жакшы көргөнүн тартуулабай коём? - деп жооп берди.
Жаш уландын ушунчалык меймандостугуна таң калып, менин көздөрүм жашка толду..."
Хатами Таинин жанындагылары:
- Анын жакшылыгына кайра эмне кайтардың? - деп сурашат.
Ал:
- Дароо үч жүз төө, беш жүз кой жибердим, - дейт.
Жанындагылар:
- Демек, сиз андан ашкан берешен экенсиз да, - дешет.
Анда Хатами Таи:
- Жок, ал менден ашкан берешен! Анткени ал мага колунда болгонун тартуулады. А мен болсо мал-мүлкүмдүн бир бөлүгүн гана тартуу кылдым - деген экен.
📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222