𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Ruscha
Toifa: Din


🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Ruscha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


☪️ ФИТИР САДАКАНЫ АЙТ НАМАЗГА ЧЕЙИН БЕРИҢИЗ

Фитир садака кедей-кембагал жетим-жесирлердин акысы

Пайгамбарыбыз (ﷺ) башка бир хадисте: “Рамазан айындагы кармалган орозо, фитир садакасын бермейинче, асман менен жердин ортосунда Алланын астына жетпей байланып турат” - деген.

Жардамга муктаж болуп оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Гүлжан эжеге жардам берүүгө чакырабыз. Жолдошу да жок, өзү ооруганына карабай 4 кичинекей жетим калган балдарын жалгыз карайт, бир баласы да мүмкүнчүлүгү чектелген даарыланууга да каражаты жок. Ар кайсы жерде квартирада жашап жүрүшөт.

Келиңиздер туугандар фитир садаканы Гүлжан эжеге чогултуп берелик бүр үй-бүлөнүн кубануусуна себепчи бололук ин шаа Аллах

Мбанк
0505439686 Гүлжан Т деп чыгат
О! Деньги
Москвадан Единица кылып салса да болот. О!

Ибн Умар (р.а) дан келген сахих хадисте Аллахтын элчиси, (ﷺ): “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” -деп айткан. (Бухари: 2/138; Муслим: 984).

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: “Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз” – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари).

Аллахтын элчиси, (ﷺ): “Садаканын абзели – Рамазанда берилгени” – деген. (Тирмизи)

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: "Жашыруун берилген садака Аллахтын ачуусун кетирет.” (Байхаки)

Башкалар менен да бөлүшүп коюңуздар

Орозоңуздар кабыл болсун!Аллахым сиздерден ыраазы болсун!🤲


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
АЙТ НАМАЗДЫ ОКУУНУН ТАРТИБИ

Айт намазына баруу адеби:
1. Тан эртелеп такбир айтуу (Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллооху Аллоху акбар, Аллоху акбар уа Лиллахиль Хамд)
2. Айт намазы үчүн жуунуу (Гусл алуу)
3. Эн кооз кийим кийүү
4. Атыр жыт, миск себинүү жана мисвак колдонуу
5. Орозо айт Намазына чыгаар алдында таттуу бир нерсе жеп алуу
6. Намазга бара жаткандагы жол менен кайткандагы жолдун башка болуусу.
7. Жөө баруу
8. ⁠Фитир Садака берүү
9. Айт майрамы менен куттуктоо

30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:30 Баяндар;
07:30 Орозо айт намазы.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫНА БАРУУ ТАРТИБИ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


☪️ ФИТИР САДАКАНЫ АЙТ НАМАЗГА ЧЕЙИН БЕРИҢИЗ

ФИТИР САДАКАНЫ МУКТАЖДАРГА БЕРЕЛИ

Ибн Умар (р.а) дан келген сахих хадисте Аллахтын элчиси, (ﷺ): “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” -деп айткан. (Бухари: 2/138; Муслим: 984).

Пайгамбарыбыз (ﷺ) башка бир хадисте: “Рамазан айындагы кармалган орозо, фитир садакасын бермейинче, асман менен жердин ортосунда Алланын астына жетпей байланып турат” - деген.

Аллахтын сыноосу тагдыры менен ата-энеси жок балдар үйүндө чоңойгон жолдошу да каза болуп жалгыз кызы менен оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Нурзат карындашыбызга жардам берүүгө чакырабыз. Колдон келишинче жардам берсеңиздер болот.

Мбанк
0508084962 Нурзат Т деп чыгат
Москвадан Единица кылып салса да болот. О!

Келиңиздер туугандар фитир садаканы Нурзат карындашыбызга чогултуп берелик бүр үй-бүлөнүн кубануусуна жашоо шарты жакшырып кетүүсүнө себепчи бололук ин шаа Аллах


Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: “Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз” – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари).

Аллахтын элчиси, (ﷺ): “Садаканын абзели – Рамазанда берилгени” – деген. (Тирмизи)

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: "Жашыруун берилген садака Аллахтын ачуусун кетирет.” (Байхаки)

Башкалар менен да бөлүшүп коюңуздар

Орозоңуздар кабыл болсун!Аллахым сиздерден ыраазы болсун!🤲


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
АЙТ КҮНҮ МАЙРАМДАЙЛЫ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


☪️ КЕЛЕРКИ РАМАЗАНГА ЧЕЙИН...☪️

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.


Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жоро-жолдоштору (сахабалар) Рамазан айына бул айдан алты ай мурун ыкластуу ыбадаттар менен күн мурунтан камына баштап, Рамазан айы чыккан соң дагы алты ай бою Рамазан менен коштошуу маанайында жашашкан экен. Ошондуктан алардын жыл он эки айы бүт бойдон Рамазандын руху менен өтчү дешет...

Мынакей, динибиздеги ибадаттардын ичинде эң маанилүү жана өзгөчө орду бар Рамазан айы менен да коштошуп жатабыз. Кудум жамаат менен окулган намаздагыдай, Жараткандын сыйларына шүгүрчүлүк маанисинде айтсак, өлкөбүздө жашап жаткан мусулмандардын көпчүлүгү бул куттуу айда чогуу орозо кармашты, бирдей убакыттарда саарлыкка туруп, кечинде ооз ачуу кубанычын баштан өткөрүштү. Шам намазынын азаны айтыларга жакындаган сайын үйлөрүн көздөй шашыла жүргөндөрдүн, окшош сезимдерге толуп-ташып улуу Жараткандан сооп күткөндөрдүн абалы, кыбыланы карай бир багытка жүздөнүп чогуу сапка тизилип намаз окугандардан айырмасыз эле. Кыскасы бардыгынын максаттары бир болчу - азан айтылары менен ыйык чакырыкка үндөшүп: "Оо, Аллахым! Өзүң үчүн орозо туттум, Өзүңө ишендим, Өзүңө гана таяндым. Өзүң берген ырыскылар менен ооз ачып жатамын" деп Жаратканга тилек айтып ифтарлыкка олтурушат...

Кудум бир кудсий хадисте намаз тууралуу: "Пендем парздарды аткарган соң, нафилдер менен Мага жакындашат" делгениндей, орозо тууралуу да ушул эле нерсени айтууга болот. Деги эле Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) парз намаздардын алды-артында сүннөттөрдү, аввабин, духаа жана тахажжуд сыяктуу нафил намаздарды кошуп окуп бизге жол көрсөтүү менен бирге, орозо ибадатында да ушундай нафилдерге өзгөчө көңүл бурган. Мисалы, Рамазан айы бүтүп, айт күндөрү өтөрү менен эле Шаввал айында дароо алты күн орозо кармоо, "жарык күндөр" деп аталган ар бир айдын 13-14-15- күндөрүн орозо тутуу менен өткөрүү; аптанын ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүндө орозо кармоо; айрыкча чамасы жеткендер Дауд пайгамбардын орозосу деп аталган бир күн орозо- бир күн оозу ачык жүрүү ж.б. мына ошол нафил ибадаттардын катарында.

Кыскасы, келерки Рамазанга чейин нафил намаздар жана нафил орозолор менен ар дайым рухубузду курчутушубуз зарыл. Ошондо гана парз намаздарда жана келерки рамазанда (тирүү турсак) татыктуу кулчулукка кадам таштоого мүмкүнчүлүк туулат. Бир улуу аалымдын айтканындай, намаздашкан жана орозолошкон бактылуу инсандардан бололу...

АЛЛАХ ТААЛА БААРЫҢЫЗДАРГА ЭКИ ДҮЙНӨДӨ БАКТЫЛУУЛУК ТАРТУУЛАСЫН. САЛАМАТТА КАЛЫҢЫЗДАР!


📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222




☪️ АЙТ НАМАЗДЫН УБАКТЫСЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.


Айт намазы айт күнү күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин (күндүн чыкканына 45-50 мүнөт болгондон кийин) окулат. Айт намазына күн так төбөгө келгенге чейин окуса болот. Орозо айттын биринчи күнүн аныктоодо каталык кетирилсе, же болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам убагында окулбай калса, айт намазы эртеси деле окула берет. Андан кийинкиге калтырылбайт. Курман айтта жүйөлүү себептерден улам калтырылган айт намазы экинчи же болбосо үчүнчү күнү деле окула берет.

АЙТ НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ ЭРЕЖЕСИ

Айт намазы эки ирекеттен турат. Жамаат менен бирге окулат. Айт намаз кадимки эле эки ирекет намаздардай эле окулат. Бир гана айырмасы: алгачкы ирекетте "субханака" дубасынан кийин үч жолу такбир айтылат жана экинчи ирекетте рукуга баруудан мурда дагы үч жолу такбир айтылат. Ошондой эле, айт намазы үчүн азан жана каамат окулбайт.

АЙТ НАМАЗЫ МЫНДАЙЧА ОКУЛАТ:

Башталганда кайсы айт болсо ошого жараша "эки ирекет Рамазан же курман айт намазын окууга" деп ниет кылынат. "Аллаху акбар" деп биринчи имам, артынан жамаат намазды баштоо такбирин айтып, колдор кулак тушуна чейин көтөрүлөт. Колдор байланганда "субханака" дубасы окулат. Кийин имам үн чыгарып, жамаат болсо үн чыгарбай үч жолу "Аллаху акбар" деп такбир айтат. Ар бир такбирде колдор кулак тушуна чейин көтөрүлүп, анан кайра капталдарына карай түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндиктин астына байланат. Имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окуйт. Анан кадимки руку жана саждалар кылынат. Экинчи ирекетте имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окугандан кийин рукуга баруудан мурда үч жолу такбир айтат. Жамаат да имамдын артынан үч жолу такбир айтып колдорун кулак тушуна чейин көтөрүп, үчүнчү такбирден кийин гана рукуга барылат. Саждалар кылынып, олтуруп Ат-тахиййат жана салаваттар окулгандан кийин салам берилет.

Ошону менен намаз бүтөт. Мындан кийин имам хутба окуйт. Жамаат имамдын хутбасын угуп бүткөн соң намаздан тарайт.

📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222


Айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат

30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:30 Баяндар;
07:30 Орозо айт намазы.


АЙТТАН КИЙИН 6 КҮН ОРОЗО КАРМАҢЫЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
АЛЛАХ ҮЧҮН ФИТИР-САДАКАНЫН ЭҢ ЖАКШЫСЫН БЕРИҢИЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


☪️ РАМАЗАН АЙЫНЫН АКЫРКЫ ЖУМА КҮНҮ

Бүгүнкү жума күнү сообу эсепсиз бериле турган амалдардын бири “САДАКА" берүү фитир садаканы айт намазга чейин берип жетишип калыңыз

Ибн Умар (р.а) дан келген сахих хадисте Аллахтын элчиси, (ﷺ): “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” -деп айткан. (Бухари: 2/138; Муслим: 984).

Пайгамбарыбыз (ﷺ) башка бир хадисте: “Рамазан айындагы кармалган орозо, фитир садакасын бермейинче, асман менен жердин ортосунда Алланын астына жетпей байланып турат” - деген.

Жардамга муктаж болуп оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Гүлжан эжеге жардам берүүгө чакырабыз. Жолдошу да жок, өзү ооруганына карабай 4 кичинекей жетим калган балдарын жалгыз карайт, бир баласы да мүмкүнчүлүгү чектелген даарыланууга да каражаты жок. Ар кайсы жерде квартирада жашап жүрүшөт.

Келиңиздер туугандар фитир садаканы Гүлжан эжеге чогултуп берелик бүр үй-бүлөнүн кубануусуна жашоо шарты жакшырып кетүүсүнө себепчи бололук ин шаа Аллах

Мбанк
0505439686 Гүлжан Т деп чыгат
О! Деньги
Москвадан Единица кылып салса да болот. О!

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: “Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз” – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари).

Аллахтын элчиси, (ﷺ): “Садаканын абзели – Рамазанда берилгени” – деген. (Тирмизи)

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: "Жашыруун берилген садака Аллахтын ачуусун кетирет.” (Байхаки)

Жума маарек болсун! Орозоңуздар кабыл болсун! Аллахым сиздерден ыраазы болсун!🤲

Башкалар менен да бөлүшүп коюңуздар




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
ЗЕКЕТ БЕРБЕГЕНДЕР УККУЛА

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
РАМАЗАН АЙЫНЫН АКЫРКЫ КҮНДӨРҮН ИБАДАТ МЕНЕН ӨТКӨРҮҢҮЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


☪️ АЙТ НАМАЗЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

Адат боюнча, айт күнү таң саарда эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо толук бой даарат (гусул) алып, болбосо даарат алынат да, таза жана тыкан ички, сырткы кийимдер кийилет. Жыпар жыттуу нерселер атыр бар болсо колдонуу да эстен чыгарылбаган оң. Мечитке, намаз окулчу жерге кетип бараткан жолдо өтө шашкалактабастан токтоо, олуттуу кадам менен жүрүп, зикир-тасбих жана такбирлер айтылат.

Орозо айтта, айт намазы үчүн үйдөн чыгуудан мурда тамак-аш, же кээ бир таттуу нерселерден ооз тийүү, ал эми Курман айт майрамында ошол күндүн алгачкы ооз тийген тамагы катары, союлган курмандыктын этинен жеш сүннөт. (Бирок азыркы учурда шаарларда курмандык союу дайыма тез эле бүтө бербегендиктен, курман айт күнү курмандыктын этинен биринчи ооз тийүүдө оңтойсуздук болсо, башка нерселерден биринчи десе да дурус).

Ошондой эле, айт намаздарына кары-жаш, ал тургай тестиер балдардын да чогуу баруулары, айрыкча жаш балдардын бул себеп менен намазга көнүгүүлөрүнүн жакшы учуру. Ошондуктан, башта айтканыбыздай акыл-эси жетилип калган жаш балдарды айт намазга ээрчитип баруу эсте болсун.

Айт намаздарына өмүрүндө алгачкы жолу катышып жаткан же намаздын эрежесин билбей олку-солку окуган адамдарга да жылуу мамиле жасап, жактырбаган көз караштан алыс болуп, жакынчылык көрсөтүлгөн оң. Мындай адамдар гана берген боордоштук куттуктоолорду айтканда, келечекте алардын диний турмуштун бактылуу маанайын жүрөктөн сүйүп жашоолоруна жол ачылуусу мүмкүн.

Айт намазды окуп бүтүп, айт намаздын кутбасын угуп, артынан Куран окулуп дуба кылынган соң, намаз жайдын айланасында, айыл арасында, коңшу-колоңдордун арасында, үй-жайларда алат боюнча өз ара айтташып, куттуктоолор башталат.

Бул жерде эскертип өтүүгө тийиштүү бир зарыл нерсе: эч болбосо бир-эки күн мурда айт намаздын кандай окулары жөнүндө толук маалыматка ээ болуп, намаздын эрежелерин кайталап билип алуу зарыл. Бул жөнүндөгү чала билүү, же билбестикти жоюу үчүн китептерден, дин багытындагы кызматкерлерден же билгендерден сурап үйрөнүү керек. Кантсе да, айт намаздар бир жылда болгону эки жолу гана окула тургандыгы себептүү, кээде айт намаздары жөнүндөгү унутулуп калган эрежелерди жазыптыр билип алууга туура келет. Бул, эртеси эртең менен айт намазын окуурда эмне кыларын, эмнелерди айтарын биле албай алдастап калуудан, же жаңылыштык кетирүүдөн сактанууга, айт намазын толук окууга өбөлгө түзөт.

📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
ФИТИР-САДАКАНЫ ЭМНЕДЕН БЕРГЕН ЖАКШЫ?

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


☪️ МАЙРАМ ШАҢЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун! Биз бул айда Аллах Тааланын мээримине, кечиримине арзып, тозоктон кутулууга үмүттөндүк жана маанилүү жашоого шыктандык. Ара жолдо кароосуз калган карыпка, ачка калган бечарага, кедей-кембагалдарга атайылап кам көрүп, алар жөнүндө жүрөк ооруттук. Жетимдин башын сылап, абалын сурап колдон келген жардамды аябадык. Куттуу Рамазанда ибадаттардын сообу миң эселеп катталып бериле тургандыгын эске алып, Аллах Таала парз кылган зекетти ушул айда бердик. Өз милдетибизди аткарып, орозодогу жоопкерчилик катары фитир садака тараттык. Ар бир адам сүйүнсүн деп, бетине күлкү жүгүрбөгөн адам калбасын, кубаныч-шаттык аралабаган бир да үй-бүлө калбасын деп, Аллах Таала кабыл кылат деген үмүт менен садакаларды бердик...

Элибиздин ичиндеги ар түрдүү көйгөйлөр менен рухубуздагы алсыз жактарыбыз оңолуусун жана чечилишин тилеп, Аллах Таалага жалбарып ыйлап дуба кылдык. Эл-жерге тынчтык, урпактарга жаркын келечек, жалпыга бекем ыйман жана ыклас тиледик. Дуба-тилектерибиз ар түрдүү тоскоолдор болсо токтобой ашып өтүп, Алла Тааланын алдында кабыл болду бекен? Кабыл болду деген гана жакшы үмүттө болдук бул касиеттүү айда. Анткени бул айда бейиштин эшиктери кеңири ачылып, тозоктун эшиктери толук жабылган эле. Тообо-истигфарга, дуба-тилекке тоскоол болчу нерселер жоюлган эле.

Ошондуктан орозо айындагы ыкласыбызга жараша айттын алдында улуу үмуттөргө толуп турабыз. Ар бир адамдын ушул куттуу кербенге кошулуусун Алла Тааладан суранып дуба кылдык. Кыскасы ушундай керемет жана шаңдуу бир майрам күнүн күтүп алдык дейсиң, достук жана боорукерлик гүлдөрү жайнап ачылып, адамдар эң көркөм көк жээктерге карай ишеним менен кадам таштады. Улуу-кичүү баарынын жүздөрүнө күлкү уялап, ыйман нуру чар тарапка чачырап тургансыйт...

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Мадинага көчүп келген кезинде, мадиналыктардын мурдатан келаткан эки майрамы бар экенин көргөн эле, бул майрам күндөрү түрдүү элдик оюндар менен коштолуп мадиналыктар шаңга толоор эле. Бул абалды көргөн соң Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: "Аллах Таала бул эки майрамдын ордуна андан да жакшы эки айтты - орозо айт менен курман айт күндөрүн белгиледи".

Ошентип Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу кылымынан бери карай бүткүл ислам дүйнөсүндө бир жылда эки жолу шаңдуу диний майрам өткөзүлүп келүүдө. Мусулмандар майрамдардын көңүлдүү таңында ал куттуу күндөрдүн өзгөчө маанилүү маанайын чогуу жашап, бактылуу сезимдерге чөмүлүшөт.

Мусулмандар бул бир айды ачкачылык менен гана өткөрүшпөдү, тек гана кара курсакка орозо карматып тим болбостон, колдорун, буттарын, тилдерин, көз-кулактарын да динибизде харам болгон иш-аракеттерден, тыюу салынган сөз-кылыктардан толук сакташты. Демек, бул айда курсак менен кошо бардык дене мүчөлөрүбүз орозо кармады. Буттар жамандык жакка баспады, колдор жаманга колдонулбады, көздөр харамды көрбөдү, кулактар беймаани-пайдасыз сөздөрдү угууга ашыкпады, тилдер орунсуз сөздөрдү, ушак-айыңдарды сүйлөбөдү.

Ошентип, бул өзгөчө учурлардын майнаптуу натыйжасын мусулмандар мына бул айт күнүндө корутундулайт. Аллах Тааланын кечиримине арзып, маанайлары жаркып, көңүлдөрү толкуйт, бүткүл айлана-чөйрө өзгөчө щаңга бөлөнөт.

📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎


🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222



20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.