☪️ АЙТ НАМАЗЫ
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Адат боюнча, айт күнү таң саарда эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо толук бой даарат (гусул) алып, болбосо даарат алынат да, таза жана тыкан ички, сырткы кийимдер кийилет. Жыпар жыттуу нерселер атыр бар болсо колдонуу да эстен чыгарылбаган оң. Мечитке, намаз окулчу жерге кетип бараткан жолдо өтө шашкалактабастан токтоо, олуттуу кадам менен жүрүп, зикир-тасбих жана такбирлер айтылат.
Орозо айтта, айт намазы үчүн үйдөн чыгуудан мурда тамак-аш, же кээ бир таттуу нерселерден ооз тийүү, ал эми Курман айт майрамында ошол күндүн алгачкы ооз тийген тамагы катары, союлган курмандыктын этинен жеш сүннөт. (Бирок азыркы учурда шаарларда курмандык союу дайыма тез эле бүтө бербегендиктен, курман айт күнү курмандыктын этинен биринчи ооз тийүүдө оңтойсуздук болсо, башка нерселерден биринчи десе да дурус).
Ошондой эле, айт намаздарына кары-жаш, ал тургай тестиер балдардын да чогуу баруулары, айрыкча жаш балдардын бул себеп менен намазга көнүгүүлөрүнүн жакшы учуру. Ошондуктан, башта айтканыбыздай акыл-эси жетилип калган жаш балдарды айт намазга ээрчитип баруу эсте болсун.
Айт намаздарына өмүрүндө алгачкы жолу катышып жаткан же намаздын эрежесин билбей олку-солку окуган адамдарга да жылуу мамиле жасап, жактырбаган көз караштан алыс болуп, жакынчылык көрсөтүлгөн оң. Мындай адамдар гана берген боордоштук куттуктоолорду айтканда, келечекте алардын диний турмуштун бактылуу маанайын жүрөктөн сүйүп жашоолоруна жол ачылуусу мүмкүн.
Айт намазды окуп бүтүп, айт намаздын кутбасын угуп, артынан Куран окулуп дуба кылынган соң, намаз жайдын айланасында, айыл арасында, коңшу-колоңдордун арасында, үй-жайларда алат боюнча өз ара айтташып, куттуктоолор башталат.
Бул жерде эскертип өтүүгө тийиштүү бир зарыл нерсе: эч болбосо бир-эки күн мурда айт намаздын кандай окулары жөнүндө толук маалыматка ээ болуп, намаздын эрежелерин кайталап билип алуу зарыл. Бул жөнүндөгү чала билүү, же билбестикти жоюу үчүн китептерден, дин багытындагы кызматкерлерден же билгендерден сурап үйрөнүү керек. Кантсе да, айт намаздар бир жылда болгону эки жолу гана окула тургандыгы себептүү, кээде айт намаздары жөнүндөгү унутулуп калган эрежелерди жазыптыр билип алууга туура келет. Бул, эртеси эртең менен айт намазын окуурда эмне кыларын, эмнелерди айтарын биле албай алдастап калуудан, же жаңылыштык кетирүүдөн сактанууга, айт намазын толук окууга өбөлгө түзөт.
📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222