𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Религия


🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
ЖАКШЫЛЫК ИШТИ УЛАНТЫҢЫЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


🔰 БИР ТУУГАНДЫК

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ:
"Ыймандуулар - бир тууган!" ("Хужурат" сүрөсү; 10-аят)

🌴 ХАДИС: "Мусулман - мусулмандын бир тууганы. Мусулман мусулманга зулумдук кылбайт. Алар бири-бирин кыйынчылыкта жалгыз таштабайт. Ким мусулман бир тууганынын муктаждыгын камсыз кылса, Аллах Таала да анын муктаждыгын камсыз кылат. Ким бир тууганын бир кыйынчылыктан куткарса, Аллах да аны кыямат күнү бир азабынан куткарат. Ким мусулман боордошунун кемчилигин (элге жарыялабай) жашырса, Аллах да кыямат күнү анын айыбын жабат!"

🌴 МАСЕЛЕ: АНСАР МЕНЕН МУХАЖИРЛЕРДИН БИР ТУУГАНДЫГЫ

Ислам дининде бир туугандык туурасында кеп кыла турган болсок, эң алгач ансарлар менен мухажирлердин бир туугандыгы айтылат. Бул бир туугандыкты билбей жана түшүнбөй туруп чыныгы бир туугандыкты оңой менен аңдап биле албайбыз. Андыктан жалпы мусулмандарга үлгү боло алган ошол ансарлар менен мухажир мусулмандардын бир туугандыгына назар салып көрөлү. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн баардык нерсесин Меккеге таштап, Мадинага көчүп келген мусулман мухажирлерге мадиналык мусулмандар (ансарлар) чын дилден кучак жайып, колдорунан келген баардык жардамын көрсөтүү менен бүткүл адамзатына жандуу үлгү боло алышкан.

Коомдун ар кандай катмарлары бул бир туугандыктан улам бири-бири менен жуурулушуп, уруулардын ортосундагы текеберликти жана душмандыкты жок кылды. Ниеттери түз, максаттары улук, ичи-сырты нурдуу, адамгерчиликтүү коомдун түптөлүшүндө мына ушул бир туугандык чоң роль ойнойт.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
ШАВВАЛЬ АЙЫНДАГЫ 6 КҮН ОРОЗО

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


🔰 СООПТУУ ИБАДАТТАРДЫ РАМАЗАНДАН КИЙИН ДА УЛАНТА БЕР

Аллах Таала айтты:

“Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз”. (Нахл сүрөсү, 97-аят)

Эй, мусулман бир тууган! Жакшы иш-аракеттериңди жана көз жашыңды төгүп кылган дубаларыңды Рамазан айы бүттү деп токтотпостон уланта бер, ошондо Аллах сага жакшы берекелүү жашоо берет. Жакшылык жакшылыкты, ал эми жамандык жамандыкты ээрчийт деп айтылгандай эле Рамазандан кийин деле жакшылык иштериңди жана ибадаттарыңды кайра да көбөйтө бер. Анткени ушундай ибадаттарды уланта берүү – Рамазандагы аткарган ибадаттарыңдын кабыл болуусунун белгиси.

РАМАЗАНДАН КИЙИНКИ АТКАРЫЛУУЧУ ЖАКШЫ ИШТЕРДИН УЛАНЫП ТУРУУСУНА ТҮРТКҮ БОЛГОН ОН СЕБЕП

1-) Эң биринчи зарыл болгон иш – бул акыйкат жолунда бекем болууга Аллахтан жардам суроо.

2-) Салих жана илимдүү адамдар менен көп-көп жолугушуп насаат сурап туруу.

3-) Пайгамбарлардын жана сахабалардын өмүр баянын окуу, көрүү.

4-) Ислам дини тууралуу өткөн сабактар жана жума хутбаларын угуу.

5-) Жакшылыкка мол болгон беш убак парз намаздарды калтырбай окуу.


6-) Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам: “Албетте Аллахка эң сүйүктүү иш-аракеттер бул аз болсо да токтобой уланып турган иштер” – деп айткандай нафил намаздарды аз болсо да окуп туруу.

7-) Ыйык Куранды жаттоо же калтырбастан окуп туруу.

8-) Аллахты көп-көп зикир кылып, истигфар жана тообону көп айтуу.

9-) Бузуку адамдардан алыс болуу жана салих адамдар менен достошуу.

10-) Күнөөлөрдөн чыныгы тообо кылгандан соң, кайра кайтып барбоо.

Эй, мусулман бир тууган! Сен Рамазанда гана Аллахты тааныган адамдардан болбогун. Алар тууралуу даанышман аалымдар мындай деп айтышкан: “Аллахты Рамазан айында гана тааныган адамдар алар эң жаман адамдар”.

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222




☪️ ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ 6 КҮНДҮК ОРОЗО

Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:

«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)

Шаввал орозосун Айт күндүн эртеси тутуп баштаса болот. 31-Март күндөн баштап

Ооз бекитүү: Багымдаттын убактысы киргенче.

Ооз ачуу: Шам намаздын убактысы киргенде.

Насаат медиа тиркемесин көчүрүп ошол жактан карап ооз бекитип, ооз ачсаңыздар туура болот.


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222


АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!🤗


Ассалааму ъалайкум уа рохматуллоохи уа барокаатуху!

Ыйык Рамазан айынын – бүгүнкү Орозо айт майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз.🌹🤗


Аллахтын рахматы сиздерге болсун, өмүрүнүздөр Исламдын нуруна толсун. Шүгүр кылалы жеткирген ушул күндөргө, ушул "Айт күнү" Мубаарак болсун!

Аллахым Ыйык Рамазан айында кылган ибаадаттарыңызды кабыл кылып, арзуу кылган максаттарыңызды, тилеген тилектериңизди, ниеттериңизди кабыл кылган болсун. Сиз сүйгөн жана сизди сүйгөн адамдардын бактысына бар болуңуздар.

Ар бириңизди ырыскы, дөөлөт, оомат,ийгилик, бактылуулук коштоп, ден-соолукта болуп, үйүңүз шаңга, жашооңуз жыргалга толуп, өлкөбүз өнүп-өсүп, дүйнөбүз тынчтыкта болсун! Рамазан айында кандай ибаадат , үмүт менен жашасак , калган 11 айды да дал ошондой кылып жашоону насип этсин! 😇

Аллахым кийинки Рамазан айынын орозосун кармоого баарыбызга насип кылсын!🤲

❤️ Айт маарек болсун! ❤️

Урматыбыз менен
“Үммөт Медиа” жамааты🤗💚


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
АЙТ НАМАЗДЫ ОКУУНУН ТАРТИБИ

Айт намазына баруу адеби:
1. Тан эртелеп такбир айтуу (Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллооху Аллоху акбар, Аллоху акбар уа Лиллахиль Хамд)
2. Айт намазы үчүн жуунуу (Гусл алуу)
3. Эн кооз кийим кийүү
4. Атыр жыт, миск себинүү жана мисвак колдонуу
5. Орозо айт Намазына чыгаар алдында таттуу бир нерсе жеп алуу
6. Намазга бара жаткандагы жол менен кайткандагы жолдун башка болуусу.
7. Жөө баруу
8. ⁠Фитир Садака берүү
9. Айт майрамы менен куттуктоо

30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:30 Баяндар;
07:30 Орозо айт намазы.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫНА БАРУУ ТАРТИБИ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
АЙТ КҮНҮ МАЙРАМДАЙЛЫ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


☪️ КЕЛЕРКИ РАМАЗАНГА ЧЕЙИН...☪️

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.


Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жоро-жолдоштору (сахабалар) Рамазан айына бул айдан алты ай мурун ыкластуу ыбадаттар менен күн мурунтан камына баштап, Рамазан айы чыккан соң дагы алты ай бою Рамазан менен коштошуу маанайында жашашкан экен. Ошондуктан алардын жыл он эки айы бүт бойдон Рамазандын руху менен өтчү дешет...

Мынакей, динибиздеги ибадаттардын ичинде эң маанилүү жана өзгөчө орду бар Рамазан айы менен да коштошуп жатабыз. Кудум жамаат менен окулган намаздагыдай, Жараткандын сыйларына шүгүрчүлүк маанисинде айтсак, өлкөбүздө жашап жаткан мусулмандардын көпчүлүгү бул куттуу айда чогуу орозо кармашты, бирдей убакыттарда саарлыкка туруп, кечинде ооз ачуу кубанычын баштан өткөрүштү. Шам намазынын азаны айтыларга жакындаган сайын үйлөрүн көздөй шашыла жүргөндөрдүн, окшош сезимдерге толуп-ташып улуу Жараткандан сооп күткөндөрдүн абалы, кыбыланы карай бир багытка жүздөнүп чогуу сапка тизилип намаз окугандардан айырмасыз эле. Кыскасы бардыгынын максаттары бир болчу - азан айтылары менен ыйык чакырыкка үндөшүп: "Оо, Аллахым! Өзүң үчүн орозо туттум, Өзүңө ишендим, Өзүңө гана таяндым. Өзүң берген ырыскылар менен ооз ачып жатамын" деп Жаратканга тилек айтып ифтарлыкка олтурушат...

Кудум бир кудсий хадисте намаз тууралуу: "Пендем парздарды аткарган соң, нафилдер менен Мага жакындашат" делгениндей, орозо тууралуу да ушул эле нерсени айтууга болот. Деги эле Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) парз намаздардын алды-артында сүннөттөрдү, аввабин, духаа жана тахажжуд сыяктуу нафил намаздарды кошуп окуп бизге жол көрсөтүү менен бирге, орозо ибадатында да ушундай нафилдерге өзгөчө көңүл бурган. Мисалы, Рамазан айы бүтүп, айт күндөрү өтөрү менен эле Шаввал айында дароо алты күн орозо кармоо, "жарык күндөр" деп аталган ар бир айдын 13-14-15- күндөрүн орозо тутуу менен өткөрүү; аптанын ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүндө орозо кармоо; айрыкча чамасы жеткендер Дауд пайгамбардын орозосу деп аталган бир күн орозо- бир күн оозу ачык жүрүү ж.б. мына ошол нафил ибадаттардын катарында.

Кыскасы, келерки Рамазанга чейин нафил намаздар жана нафил орозолор менен ар дайым рухубузду курчутушубуз зарыл. Ошондо гана парз намаздарда жана келерки рамазанда (тирүү турсак) татыктуу кулчулукка кадам таштоого мүмкүнчүлүк туулат. Бир улуу аалымдын айтканындай, намаздашкан жана орозолошкон бактылуу инсандардан бололу...

АЛЛАХ ТААЛА БААРЫҢЫЗДАРГА ЭКИ ДҮЙНӨДӨ БАКТЫЛУУЛУК ТАРТУУЛАСЫН. САЛАМАТТА КАЛЫҢЫЗДАР!


📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222




☪️ АЙТ НАМАЗДЫН УБАКТЫСЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.


Айт намазы айт күнү күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин (күндүн чыкканына 45-50 мүнөт болгондон кийин) окулат. Айт намазына күн так төбөгө келгенге чейин окуса болот. Орозо айттын биринчи күнүн аныктоодо каталык кетирилсе, же болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептерден улам убагында окулбай калса, айт намазы эртеси деле окула берет. Андан кийинкиге калтырылбайт. Курман айтта жүйөлүү себептерден улам калтырылган айт намазы экинчи же болбосо үчүнчү күнү деле окула берет.

АЙТ НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ ЭРЕЖЕСИ

Айт намазы эки ирекеттен турат. Жамаат менен бирге окулат. Айт намаз кадимки эле эки ирекет намаздардай эле окулат. Бир гана айырмасы: алгачкы ирекетте "субханака" дубасынан кийин үч жолу такбир айтылат жана экинчи ирекетте рукуга баруудан мурда дагы үч жолу такбир айтылат. Ошондой эле, айт намазы үчүн азан жана каамат окулбайт.

АЙТ НАМАЗЫ МЫНДАЙЧА ОКУЛАТ:

Башталганда кайсы айт болсо ошого жараша "эки ирекет Рамазан же курман айт намазын окууга" деп ниет кылынат. "Аллаху акбар" деп биринчи имам, артынан жамаат намазды баштоо такбирин айтып, колдор кулак тушуна чейин көтөрүлөт. Колдор байланганда "субханака" дубасы окулат. Кийин имам үн чыгарып, жамаат болсо үн чыгарбай үч жолу "Аллаху акбар" деп такбир айтат. Ар бир такбирде колдор кулак тушуна чейин көтөрүлүп, анан кайра капталдарына карай түшүрүлөт. Үчүнчү такбирден кийин колдор киндиктин астына байланат. Имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окуйт. Анан кадимки руку жана саждалар кылынат. Экинчи ирекетте имам фатиханы жана кошумча сүрөнү окугандан кийин рукуга баруудан мурда үч жолу такбир айтат. Жамаат да имамдын артынан үч жолу такбир айтып колдорун кулак тушуна чейин көтөрүп, үчүнчү такбирден кийин гана рукуга барылат. Саждалар кылынып, олтуруп Ат-тахиййат жана салаваттар окулгандан кийин салам берилет.

Ошону менен намаз бүтөт. Мындан кийин имам хутба окуйт. Жамаат имамдын хутбасын угуп бүткөн соң намаздан тарайт.

📘 Булагы: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”


Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222


Айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат

30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:30 Баяндар;
07:30 Орозо айт намазы.


АЙТТАН КИЙИН 6 КҮН ОРОЗО КАРМАҢЫЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
АЛЛАХ ҮЧҮН ФИТИР-САДАКАНЫН ЭҢ ЖАКШЫСЫН БЕРИҢИЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!




Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
ЗЕКЕТ БЕРБЕГЕНДЕР УККУЛА

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
РАМАЗАН АЙЫНЫН АКЫРКЫ КҮНДӨРҮН ИБАДАТ МЕНЕН ӨТКӨРҮҢҮЗ

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

Показано 20 последних публикаций.