Киши бир күнөөдөн тообо кылып (Жаратканга кайтып) аны таштайт. Бирок кээде ошол күнөөнү эстегенде, башкалардан көргөндө, же укканда ошол күнөөнүн жыргалын эңсегенсийт.
Мындан кутулуунун жолу кандай?
Ушул сымал суроо Сахл бин Абдулла Ат-Тустарийге (Аллах ырайымына бөлөсүн) берилгенде төмөндөгүчө жооп берген.
"Жыргаш, куунаш - бул тулкунун бир тууну, ажыты (ор. природа, сущность). Ар бир нерсенин тууну болот. Жараткан өзү каалап эле аны жок кылып койбосо, башка жол жок.
А бирок кандай гана арзы-муңу болбосун Эгесине кайтып, Ага арызданса, аныгында күнөө-жазыктардын көптүгү Анын кечиримине үстөм келбейт.
Болушунча күнөө жыргалынан жүз бурат. Жүрөгүнөн жана ойунан кетиргенге тырышат. Улам сайын жүрөгүн көзөмөлдөп турат. Жараткандан ошол нерселерди унуттуруусун тиленет. Эгер бир саамга бошошуп, эсинен күнөө жыргалын кетирүүнү токтотсо, күнөөнүн жыргалы жүрөккө кирип, күнөөгө түшүп калуу коркунучу бар.
Бирок ошол күнөө жыргалы болуп туруп, аны жүрөгүнөн жана эсинен кетирип турса, ал зыян бербей эсен-соо калат Ин шаа Аллах."
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар