ᝯᜥ𐌋ᝪ᠘ ẞᝪ𐍃ᝨᝪᜬ


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


"Κыя᧘дын ᥲρᴛынᥲн κууᴦᥲн, ϶ρκᥙн жᥲнᥲ κүчᴛүү᧘өρ үчүн..."
"Эң Ⲙыⲕⲧы ⲃⲉⲣⲥυяң"-δ᧐᧘ууңᥲ жᥲρдᥲⲙ δᥱρᥱⲙᥙн:
Эркектик сыпат, энергия, ⲁⲏⲁⲗυⳅ, ⲅⲟⲣⲙⲟⲏⲇⲟⲣ, биохакинг, ∂ϱʜ-сσσⲗƴκ, апатия, депрессиядан чыгуу, σύ-жүⲅүρτүүʜү жαңыⲗσσ ж.б.у.с. көйгөйлөрдү чечүү...

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️⚡️


Гүл Чаңы (пыльца).

Аарылар жана гүл чаңы миллиондогон жылдар бою симбиотикалык мамиледе болуп келген.

Чаң — аарылардын негизги азык булагы, ал эми аарылар — гүлдөрдүн генетикалык материалдарын ташуучу негизги транспорт.


🐝 100+ млн жыл мурунку алгачкы аарылар жырткыч болуп, негизинен курт-кумурскалар менен азыктанган.
50-20 млн жыл мурун аарылар "чаңдан жакшы нерсе жок" деп түшүнүп, толугу менен чаңга (пыльца'га) өтүшкөн. Алар чаңды жыйноо үчүн: арткы буттарындагы "себетчелер", денесиндеги түкчөлөр, аң-сезимдүү стратегиялар менен өздөрүнүн системаларын толугу менен адаптациялады.

Азыр аарылар чаңды гүлдөн гүлгө алып барып, чаңдаштырып, жердин биосферасынын түзгөнгө салым кошушат.

⚜️ Көпчүлүк өсүмдүктөр, чаңдашуу негизинде аарыларга көз каранды болуп, гүлдөрүнө жаркылдак түстөрдү, ультракызгылт белгилерди, жыт жана нектарды өнүктүрдү.

Чаң түйүлдүктөрүнүн формасынын жана өлчөмүнүн ар түрдүүлүгү, өсүмдүктөрдү ар кайсы экологиялык шарттарга жана чаңдашуу (опыление) ыкмаларына ылайыкташтырды. Бул бүгүнкү күнгө чейин көргөн өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүнө алып келди.


Чаңдын метафизикасы 🤩

⚜️ Дүйнөнүн ар кайсы маданияттарында, чаң эркек күчү менен байланышкан символдук мааниге ээ болгон.
Ал айлана-чөйрөнү өзгөртүү үчүн күрөшүүдөги уникалдуулукту билдирет.

⚜️ Байыркы гректер чаңды "өсүмдүктөрдүн спермасы" деп аташкан, аны жаныбарлардын жана адамдардын уруктарына теңешкен.
Байыркы Египетте чаң "Мин" (түшүмдүүлүк кудайы) менен байланыштырылса, Кытайда ал эркек күчүнүн жана узак өмүрдүн символу болгон.

⚜️ Чаң жалгыз гана эркек энергиясынын символу эмес, ал анын чыныгы булагы.
Анда эркектин ден соолугун жана күчүн сактоо үчүн зарыл болгон биоактивдүү заттар, витаминдер, минералдар жана аминокислоталар бар.

Чаңдын биохимиясы 💊
💊 Гүл чаңы уникалдуулуктун жана генетикалык ар түрдүүлүктүн чагылышы болгондуктан, анын биохимиялык курамы өтө ар түрдүү.
Анда фитостероиддер (экдистероиддер, брассиностероиддер, флавоноиддер, сапониндер) бар, алардын айкалышынын таасири так аныкталган эмес.

⚡️ Витамин В тобу негизинен машыгууга чейин "предтреник" катары стимулдоо таасирин камсыздайт.

🩸 Кверцетин флавоноиди канды суюлтат жана кан тамырларды бекемдейт, ошон үчүн кардиопротектордук таасири бар.

👻 Чаң ичеги микробиотасынын сапатын жакшыртат, анткени анын полисахариддери пробиотиктер үчүн азык болуп эсептелет.

🥩 Чаңда адам организми үчүн зарыл болгон бардык аминокислоталар бар. Алар эттен, жумурткадан же сүт азыктарынан бир нече эсе көп.

Аары чаңында 15тен ашык ферменттер аныкталган. Негизгилери: инвертаза, каталаза, оксидаза, пероксидаза, протеаза.

❗️ Аарылардын шилекейиндеги ферменттер, чаңдагы аллергендерди талкалайт. Ошондуктан сапаттуу чаң аллергиялык реакцияларды пайда кылбайт.

🔄 Чаң экологиялык абалдын индикатору катары колдонулат: бул, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлин жана башка факторлорду баалоого мүмкүндүк берет.

🔄 Чаң криминалистикада изилденет. Кийимдеги чаңдын курамы адам кайсы аймакта болгонун (өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүнө карап) аныктоого жардам берет.

🔄 Чаңдын жетишсиздиги же начар сапаты аарыларда "СДВГ" (гиперактивдүүлүктү) пайда кылат 😀
Кимде СДВГ болсо, пыльца мощный жардамчы болот.

Акыркы эки айдан бери такай колдоном. Эрте менен машыгууга чейин, ач карынга бир чай кашыкты оозго салып, акырын эритип жутамын. Күндүк дозам божомолдуу 5-6 чай кашык.




ЭСКЕРТҮҮ:
Чаңда жүздөгөн "Устаз" өсүмдүктөрдүн ДНКсы бар. Ар бир өсүмдүк, козу карындар менен симбиоздо жашайт, ошондуктан анын таасири ар дайым уникалдуу.

Дозага сак болуңуз — аары саякатына кетип калбаңыз! 😀🐝


p.s.: Макаланы, өзүн жакшы көргөн тааныштарга поделиться кылып койуңуз 😄😀

p.p.s.: Энергичный болууну кааласаңыз, кайрылыңыз 🤨


 ✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨

  Эркектик сыпат, чыныгы Эркек болуу - деген эмне?

Дене- түзүлүшүбүз эркек болуп: сакал, мурут, жыныстык мүчө, булчуң, үн - булар эркектикиндей болсо жетиштүүбү же "Чыныгы эркек" болуу башкачабы?

   "Эркектик сыпат" туура иштегенде пайдасы кандай? Туура эмес иштегенде зыяны кандай?
   Жөн эле күнүмдүк жашоону эл катары: жылуу төшөктө каалаганча уктап, даамдуу, таттуу тамактарды жеп, комфорт'то жыргап жашоо жетиштүүбү же дагын башка нерселерди жасоо керекпи?

   Мен айтамын:

"КЕРЕК" - деп.

ӨТӨ КЕРЕК!!!

Себеби "Эркектик сыпат" жылдан жылга катуу түшүп баратат. Акыркы изилдөөлөр боюнча Көптөгөн эркектердин мүнөзү, ой жүгүртүүсү, жашоого көз карашы, чечим чыгаруусу алсыз жана аялдардыкындай болуп калды.


   Өзүңөрдөгү жана башка эркектердеги сыпаттарды анализдеп көргүлөчү:

Таарынчак.
Тартынчаак.
Көп сүйлөгөндү жакшы көргөн.
Назик.
Эмоционалдуу туруксуз (эмоцияга таянып чечим чыгарат, акылга эмес)
Ыйлаак.
Ашыкча боорукер.
Ооруга чыдамсыз.
Проблеманы чечүүнүн ордуна, качууга аракет кылган (страуска окшоп башын жерге тыгып турса, проблема өзү чечилип калса),
Урушчаак.
Депрессияда.
Пессимист (жаманды гана байкай).
Терс адаттардан кутула албаган (тамеки, насвай, алкоголь, мастурбация, оюн: комп, тел, кумар ж.б. у.с.).
Аз энергиялуу (ар дайым хронический чарчоодо).
Ашыкча кыймыл кылгысы келбеген,
Текебер.
Эго'ист (өзү каалагаын кылгысы келген).
Жини мурдунун учунда.
Өзүн башкалардан бийик жана акылдуу сезген.
Кыскача айтканда сырты эле эркек а ички сыпаттары бүт эле аялдыкындай.

    Ушундай "Эркектерди" байкайсыңарбы же өзүңөрдө да барбы ушундай сыпаттар?
   Бар болсо, ошол сыпаттардын туура эмес экенин анализдеп көрдүңөрбү?

   "Мындай болбойт! Өзгөрүү керек"-деп ойлондуңарбы?

  
   Эркектин ичинде аялдык сыпаттар үстөмдүк кыла берсе, анда эркек тез чарчап, тез ооруп, тез карып, жашоонун кызыгы кетип, тез эле финишке жетип калат.


Туура иштеген тестостерон жана чыныгы "Эркектик сыпат" ал кандай?:

Ден соолугу мыкты.
Энергиясы көп.
Жашоодогу кыйынчылыктардан коркпогон.
Проблеманы чечүүгө аракет кылган.
Эр жүрөк.
Баатыр.
Күчтүү.
Чечкиндүү.
Жогорку интеллектүү.
Акылман (мудрый).
Эмоциясын башкара билген.
Оор басырыктуу (чеги менен).
Өзүнүн ордун, укугун билген, тепселетпеген.
Ооруга чыдамдуу.
Ичи-сыртынан сабырдуу.
Интеллек'ти жогору
Ар дайым алдына, максаттарга умтулган.
Оптимист.


  
Бул жашоодо "ЭРКЕК" болуп төрөлгөндөн кийин, эркек болууга умтулуп, эркектиктин акысын берип, "Эркектиктин даамын" татып, "ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК" болуп жашап өткөнгө эмне жетсин, достор?


   Ар бир эркек "Өзүнүн эң жакшы версиясы" боло алат.

   "Кантип" - дейсиңби?...

Катуу каалоо. Күчтүү эрк. Тынымсыз аракет жана туура маалымат.

p.s.: Туура сабак (курс) алып, өзгөрүүгө даяр болсоңор - 🔙кайрылгыла🔜


Forward from: Ακжσⲗ Ҕɑʓɑ 🇰🇬
Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Приседания, Буттун күчү же "Бир саат"...


   "Бир саат" - бул, өнүгүүгө эң сонун ноу-хау.


   Мунун мааниси төмөндөгүдөй:
Силер, ар 1 саатка будильник койосуңар да, башка жумуштарды токтотуп туруп 30-40-50 приседания жана отжимания жасайсыңар. (Же 10-20-30 бёрпи)

   
Ден-соолугубуз мыкты абалда бизге кызмат кылуусу үчүн, организмде кан айлануу жакшы болуп, денебиз күнүмдүк нагрузка алууга эсептелген.



   Күн сайын авто унаада, диванда, жумушта кыймылсыз абалда көп отуруу, кандын коюулашына жана энергиялык потенциалдын азайышына алып келет.

   Андай болбошу үчүн эмне кылуубуз керек?

   Бутка жана денеге нагрузка берүү гормондордун катуу иштеп кетишине түрткү болот. Биздин ата-бабалар (предки) тамак-аш табуунун максатында күнүнө 15-20км же андан да көп басышып, көптөгөн кыйынчылыктарды женип өтүшкөн.

   Ошондуктан приседания менен жөө басуу (3 сааттан көп), силердин тестостерон'уңарды ойготот да иш-жөндөмдүүлүгүңөрдү көтөрүп, анти-стресс катары иштейт.

  
Ошондой эле физикалык нагрузкаларда "бактылуулук гормондору" бөлүнүп чыгат.



   А эгерде андан кийин китеп окуй турган болсоңор, анын эффективдүүлүгү 3 эсеге өсөт.

   Депрессияга түшпөй, шалпыйбай, энергичный болуп, алдыңдагы максаттарга жылып, тытынып иштөөң үчүн, денеңди (ден-соолукту) мыкты абалга алып келүүң керек.

   Максимально комфорт'то болгону аракет кылуу, ден-соолук үчүн туура эмес (не естественно) көрүнүш.

Адам жаратылышында, күнүмдүк нагрузканы адатка айландырганда, табигый иштермандык, энергия жана алдыга умтулуу сыяктуу сыпаттар иштей баштайт.



P.s.:
Окуп буттуңбү?
Анда тур да 50 приседания жаса.
Эркек бол.


🅱️🔠🔠🔠🔠🔠🅰️🔠🔠

Шрамдар жана чоюлуулар үчүн эффективдүү каражат.


Бүгүн, шрамдар менен чоюлууларды кантип натыйжалуу жок кылууга болору жөнүндө сөз кылабыз.



Бромелайн – ананастын курамындагы фермент. Ал медицинада кеңири колдонулат, анткени уулуулугу төмөн жана натыйжалуулугу жогору.


Бромелайн белокторду ажыратып, алардын кайра калыбына келишин тездетет.

Кан айланууну жакшыртып, шрамдарды, чоюлууларды жана кальций топтолгон түйүндөрдү эрите алат.

Бромелайн жаракаттарды, анын ичинде ок тийген жерлерди дарылоодо колдонулуп, жаралардын тез айыгышына өбөлгө түзгөн.

10 000ден ашык бейтап бромелайн менен күйүктөрүн ийгиликтүү айыктырган.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бромелайн канды суюлтуучу (антикоагулянт) касиетке ээ. Бул тромбдордун пайда болушуна жол бербейт.

Спортчулар протеин колдонгондо жана эт сүйүүчүлөр отдуши эт жегенде колдонсоңуз, азыктагы белокту майдалап, сиңимдүүсүн жакшыртат.


Эгер кан тамырларыңыз алсыз болсо же кескин жаракат алуу коркунучу бар кесипте иштесеңиз, бромелайнды этияттык менен колдонуңуз, анткени ал канды катуу суюлтушу мүмкүн.


GDU көрсөткүчүнө көңүл буруңуз. GDU – ферменттин белокторду ажыратуу жөндөмүн көрсөтөт. Натыйжалуу дозасы 2400+ GDU.



Бромелайнды ананастын мөмөсүнөн алуу керек, ал эми куркумин менен кошо кабыл алсаңыз, өздөштүрүү жакшырат.

500 мгдан баштап, күнүнө 3-4 жолу ичүү сунушталат. Дозаны акырындык менен көбөйтүңүз.

Эскертүү:
500 мг бромелайн 4-5 ананаска барабар, ошондуктан дароо эле 3-4 граммдан баштабаңыз.


Сапаттуу бромелайнды биздин өнөктөштөрдөн алсаңыз болот:⤵️
Бишкек: +996 704 615 000
Ош: +996 553 565 255


❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️


   Ар бириңиздерге, 2025-жылга койгон максаттарыңыздарга жетүүнү каалайм!

   Булчуңдарыңыз өсүп, мээңиз мощный иштеп, ишиңизди ар дайым фокус менен концентрация коштоп жүрсүн.

  Жакшы көргөн жумушуңузга (хобби) толук берилип, бул жылды жашооңуздагы эң жакшы жылга айлантыңыз.

   Мүмкүнчүлүктөр көбөйүп, пландар арбып, ийгиликтер күндөн күнгө кубандыра берсин!

   Максаттарыңызды ишке ашырууга көбүрөөк бош убакыт, жашоодон көбүрөөк жагымдуу таасирлер жана сиздин көз карашыңыз менен баалуулуктарыңызды бөлүшкөн, керек учурда туура жолго багыт бере алган адамдар жаныңызда көбөйө берсин.

   Жакшы шарттар, тандаган жолуңуздан тайдырбай, тескерисинче, жардам берсин.

   Ар кандай перспективалар, жаңы үмүттөрдү жана күч-кубатты тартуулап, кандай гана кыйынчылык болбосун, алдыга жылууга дем берсин!

   Эң башкысы, 2024-жылдагы билимиңиз жана тажрыйбаңыз – сиз канааттангыдай болбосо да – сизди жаңы жана жаркын натыйжаларга жеткирсин!

  
   Жаңы 2025 Жылыңыздар менен!


▫️🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸🔸▫️


Тестостерон – бул, эркектин жашоосун өзгөчө кылып турган сырдуу жана күчтүү гормон.

Ал, жөн гана булчуңдардын өсүшү, эркектин сырткы көрүнүшү же төшөктө күчтүү болуусу үчүн эле жооптуу эмес.

Тестостерон – бул эркектин энергиясы, анын ички оту.

Аны менен жашоо да башкача өтөт.


Кыштын ызгаарында жука күрмө кийип, көкүрөгүн ачып, өзүнө ишенимдүү басып жүргөн кээ бир эркектерди байкадыңар беле?
Бул жөн гана "Дерзко көрүнгүсү келгендиктен" эмес.

Алардын организми чындап ысык.

Себеби, туура иштеген тестостерон, денени жылытып, иммунитетти күчтөндүрүп турат.

Мындай эркектер суукка туруштук берип, ооруларга оңой менен алдырбайт.

Бул гормон иммундук система менен тыгыз байланышта иштейт.

Тестостерон'дун деңгээли жогору болуп, туура иштегенде, организмдин "коргонуу күчү" да активдүү болот.
Вирустарга жана бактерияларга каршы күрөшүүдө, ал чыныгы “көзгө көрүнбөгөн согушчу”.
Бирок тестостерон азайса, "бул согушта" организм жеңилип калышы мүмкүн.

Дагы бир кызык нерсе – тестостерон деңгээли жогору эркектер өздөрүн ишенимдүү сезишет.
Бул жөн гана психологиялык абал эмес.
Тестостерон мээнин иштешине да таасир этет. Ал стресске туруштук берип, маанайды көтөрөт.
Андыктан тестостерон'дуу эркектердин “көзү күйүп” турганы да бекеринен эмес.


Бирок, бул гормон ар дайым жогорку деңгээлде боло бербейт. Анын деңгээли жаш өткөн сайын табигый түрдө төмөндөйт. Мындан сырткары, туура эмес тамактануу, стресс, уйкунун жетишсиздиги сыяктуу жана башка факторлор да тестостерондун азайышына алып келет. Организм алсырап, иммунитет да начарлайт.


Тестостерон деңгээлин табигый жолдор менен көтөрүү – бул ден соолукка инвестиция.

Жакшы уйку, пайдалуу азыктар, физикалык активдүүлүк, туура биохакинг – булар жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан натыйжалуу ыкмалар.
Ал эми ашыкча стресс, зыяндуу адаттар, тынчсыздануу тестостеронду жок кылган эң чоң душмандар.


Эркектин организмин тестостеронсуз элестетүү кыйын.


Бул жөн гана гормон эмес, бул – эркектин күчү, кайраты жана ден соолугунун негизи.

Эркек өзүнө кам көргөндө, анын денеси гана эмес, руху да бекем болот.

Андыктан организмдин үнүн угуп, тестостеронду коргоп жүрүү, сиздин жашооңуздун сапатын аныктайт.



p.s.: Тестостерон деңгээли жогору болгондон да, анын туура иштеши маанилүү.


Биохакинг, гормондор, кошулмалар (БАДы) жана жакшы жака өзгөрүү жөнүндө кенен маалымат алууну кааласаңыз - кайрылыңыз.


p.s.s.: Макаланы үшүкчүл жана көп ооруй берген тааныш эркектерге бөлүшүп коюңуз 😀


🔤🔤🔤🔤🔤🔤🔤🔤🔤🔤🔤🔤

Ацетилхолин – организмде, үйрөнүү жана акыл-эс функцияларын жөнгө салган нейромедиатор.

Жөнөкөй айтканда, бул "кызыгуу" нейромедиатору.

⭐️Ацетилхолин - парасимпатикалык нерв системасына тиешелүү, бул система денени эс алууга жана тынч абалга келтирет.
⭐️Бир эле учурда тынчтандыруучу жана козгоочу таасирге ээ болушу мүмкүн.

⭐️Анын молекулалык түзүлүшү никотинге окшош, ошондуктан организм никотинди ацетилхолин катары кабыл алып, окшош "тынчтандыруучу" жана "жандандыруучу" эффекттерди жаратышы мүмкүн.

💡Ацетилхолин жүрөктүн кагышын жайлатат.
💡Шилекей жана тамак сиңирүү бездеринин секрециясын жогорулатат
💡Көңүл буруу, концентрация жана эс тутум процессине чоң салым кошот.
💡Мээ кыртышындагы сенсордук процесске таасир этет, сенсордук маалыматты кабыл алууга жана чечмелөөгө катышат.
💡Ошону менен бирге стресс реакциясын модуляциялайт; адреналин жана кортизолдун бөлүнүп чыгышына таасир этет.
💡Тамактанууга жооп катары, уйку безинде (поджелудочная железа) инсулин өндүрүшүн стимулдайт.
💡REM (тез уктоо) фазасын жөнгө салууга катышат.


❗️Борбордук нерв системасында, нерв-булчуң байланыштарында, синтезделип, таяныч-кыймыл аппаратыбыздын (кол, бут, у.с.) "махинацияларын" жүргүзүүгө жардам берет.
❗️ Негизинен, нерв-булчуң байланышы аркылуу кыймыл-аракет системасына таасир этет.
❗️Эс тутум жана үйрөнүү процесстерине жакшы таасири бар.
❗️Когнитивдик функциялар менен байланышкан рецепторлор ишке кирет.
Ацетилхолиндин таасири бир нече мүнөттөн бир нече саатка чейин созулат.


Ацетилхолиндин жетишсиздигинин таасири:

✔️Эс тутумдун начарлап, Альцгеймер оорусуна алып келиши мүмкүн.
✔️Булчуңдардын алсыздыгы.
✔️Эмоционалдык тең салмактуулуктун бузулушу.
✔️Жүрөк-кан тамыр системасынын ишиндеги көйгөйлөр.


Ацетилхолин ашыкча болсо:

❤️Катуу булчуң спазмдары, тырышуулар.
❤️Дем алуунун кыйындашы.
❤️Көздөн жаш агуу, ашыкча шилекей, тез заара ушатуу, диарея жана кусуу.
❤️Булчуңдардын алсыздыгы, гипертония жана тахикардия болушу мүмкүн.
❤️Сиз өзүңүздү унутуп, башкалар учун өзүңүздү курмандыка чалып, дүйнө сизди колдонуп жаткандай сезимдер келиши мүмкүн.


Ацетилхолиндин бөлүнүп чыгышын шарттаган себептер:
↗️ Стресс – организм, коркунучка тез реакция кылуу үчүн, ацетилхолин бөлүп чыгарат (мисалы, экзамен, коомдук сүйлөө).
↗️ Эмоционалдык эскерүүлөр – кубанычтуу же маанилүү эскерүүлөр ацетилхолиндин активдүүлүгүн күчөтөт.
↗️ Чөйрөдөгү стимулдар – белгилүү үн, жыт же көрүнүштөр тез реакция кылууга шарт түзөт (мисалы, тамактын жыты, жаратылыштын үнү).


Бөлүнүп чыгышына тоскоол болгон факторлор:
↘️ Хроникалык стресс – организмдин ресурстары түгөнүп, ацетилхолиндин деңгээли төмөндөйт.
↘️ Уйкунун жетишсиздиги – мээнин калыбына келүү процессин бузуп, деңгээлин азайтат.
↘️ Тамак-аштын жетишсиздиги – холиндин (жумуртка, эт, балыкта болот) тартыштыгы.


Бул табияттагы эң кызыктуу жана ар тараптуу нейромедиаторлордун бири!


Ацетилхолинди көтөрүүчү кошулмалар (БАДы):
Alfa GPC
Тиамин
Витамин В12
Гиперзин А
Женьшень
Ж.б. у.с. кошулмалар.


p.s.: Пайдалуу кошулмаларды, биздин партнерлордон алыңыздар:
+996 555 380 101

p.p.s.: Макаланы бөлүшүп койсоңуздар, сооп болот🙂⛄️


. 🤍🤍🤍🤍🤍🤍🤍🤍 .


Эмне үчүн "ЭРКЕК" болуу керек?


«Эркектик сыпат» (мужественность) дегенде эмнени элестетесиз?
Күч'пү, ишенимдүүлүк'бү же жоопкерчилик'би? Же, балким, бул андан да тереңирээк маанини камтыган түшүнүкпү?

   Келгиле, эркектик сыпат, эмнеге маанилүү экенин карап көрөлү.


Туруктуулуктун негизи...

Эркек болуу – бул жөн гана физикалык күч эмес.
Бул – ички күч-кубат, ар кандай кырдаалда чындыкты карманып, салмактуу (оор-басырыктуу) болуу жөндөмү.
Өз чечимдериңизге, жакындарыңызга, айлана-чөйрөдөгү жагдайларга жооптуу болууга даярдык. Анткени, кыйын учурларда үй-бүлөңүзгө же досторуңузга таяныч боло турган киши - "СИЗ" болбосоңуз, ким болот?


Бир мүнөт ойлонуп көрүңүз: эгер эркек жоопкерчиликтен качса, ага ким ишенет?
Эркек болуу – дал ошол ишенимди сактоонун ачкычы.


Лидерлик – күч менен эмес, акылмандуулук менен келет...

Эркек болуу – «башкаларга басым кылуу» дегенди билдирбейт.
Бул – өзүнө ишенимдүү болуп, адамдарды артынан ээрчите билүү.
Чыныгы лидер күчүн көрсөтпөйт, тескерисинче, айланадагыларды дем-күчү жана акылы менен суктандырат.

Кызыгы, лидерлик чоң иштерден эмес, жөнөкөй нерселерден башталат.
Каталарыңызды моюнга алуу, жардам сунуштоо же кыйын учурда сабырдуулукту сактоо – мунун баары эркектик сыпаттар.


Эркек болуу жана адамгерчилик...

Бул жерде көбү жаңылышат.
Айрымдар эркекчилик менен эмоция бирге боло албайт деп ойлошот. Бирок, чыныгы эркек сезимдерин жашырбайт, бирок ошол эле учурда аларга баш ийип кетпейт.
Бул – тең салмактуулук: алсыздыктарын жашырбайт, бирок аларды шылтоо кылбайт.


Чыныгы эркек болуу эмнеге керек?

Чынын айтканда, эркектик сыпат (мужество) болбосо, жашоо баш аламан болмок. Бул сыпат - ар бир эркекке өзүн табууга, туура багытты тандоого жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.
Эң башкысы – келечекке из калтырат. Анткени ар бирибиздин иш-аракетибиз, чечимибиз келечекке таасир этет.



Эркек болуу (мужественность) – бул жөн гана сыпат эмес.
Бул тандоо.
Кыйын учурда күчтүү болуу, чынчылдыкты кармануу жана өзүнө ишенүү тандоосу.

Ал эми сиз үчүн чыныгы эркек болуу эмнени билдирет?
Ойлонуп көрүңүз...


🤍🤍🤍🤍🤍🤍🤍🤍

p.s.: Макаланы жакындарыңызга болушуп коюңуз...


💬 💬 💬 💬

Окууга жана билим алууга болгон кызыгууну арттырса болобу?

Көпчүлүгүбүз, жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон кызыгууну жоготуп алгандай сезилет. Муну өзүмдөн билем, башка адамдар дагы дал ушундай сезет деп ойлойм.

Азыр бизде, маалыматка толгон дүйнөдө жашап, күн сайын билимге умтулган адамдардын кичинекей гана бөлүгүн көрүү мүмкүнчүлүгү бар.
А бизчи?

Эгерде биз ошолордун катарына кирбесек, бул макала аркылуу, окууга болгон кызыгууну арттыра турган жөнөкөй, түшүнүктүү кадамдарды үйрөнө алабыз.


🧠 Окуунун мааниси эмнеде?

Ал — кызыгуу жана муктаждыкта!
Кызыгуу — бул "дофамин", ал эми муктаждык — бизди аракетке түрткөн шарт.
Мотивация — бул дагы, дофамин.

Окууну, жөн эле дофамин менен чектеп койгон туура эмес.


Билим алуу жана үйрөнүүгө болгон каалоо — бул, биздин мээбиздеги нейрохимиялык процесстердин татаал айкашы. Биз, ошол процесстерди көзөмөлгө ала алабыз.
Дофамин системасын жакшыртуу үчүн негизги кадамдар:

🪩Таң эрте ойгонгондо, контрасттуу же муздак душ алуу.

🪩Күнүмдүк физикалык активдүүлүк.

🪩Рациондон рафинаддалган шекерди, таттууну азайтуу же токтотуу.

🪩Музыка угуу убактысын кыскартуу (классика же эмбиент жанрларынан башка).

🪩Порнографиядан жана мастурбациядан баш тартуу.


Бул эрежелерди аткарсак, мээбиздин иштеши көп эсе жакшырат.

5-6 күндөн кийин эле жаңы нерселерге кызыгуу пайда болот.

" Мындай өзгөрүү, окуу менен гана чектелбестен, жашообуздун бардык аспектилерине таасир этет."

Мисалы:

🌟Жаңы жолдор менен сейилдөө, шаардын картасын изилдөө.

🌟Тамак жасоодо жаңы рецепт ойлоп табуу.

🌟Үйүбүздө жайгашууну өзгөртүү (перестановка) же гардеробду жаңыртуу.


Бул, кызыктуу жашоону изилдөө каалоосу менен мээ дагы билимге умтула баштайт. Жадакалса, мугалим кызыксыз сабак өткөндө деле билим алуу процесси кызыктуу көрүнөт. Ошондо, билим алуу кызыгуусу ойгонуп, калганын мээ өзү бүтүрөт (жаңы маалыматты бекемдейт).

Бул үчүн - "ацетилхолин" деген зат жооп берет.

Ал, мээде холинден (В4 витамининен) синтезделет.
Эгер рациондо бул витамин жетиштүү болсо, маалыматты үйрөнүү жана эс тутумга сактоо кыйла жеңилдейт.


Холин көп болгон азыктар:

1️⃣Жумуртканын сарысы (100 гда суткалык норманын 480%).

2️⃣Уйдун бөйрөгү (100 гда 102%).

3️⃣Уйдун боору (100 гда 67%).

4️⃣Кызыл жана кара икра (100 гда 67%).

5️⃣Тооктун боору (100 гда 58%).

Бул азыктар күнүмдүк рациондо болушу керек.

Эгер жетишсиз болсо, кошумча капсулаларды колдонсоңуз болот. NOW брендин "Холин жана инозитол" кошулмасын сунуштаймын. Анын курамында В4 жана В8 витаминдери бар.

Бир капсуланы түшкү жана кечки тамактануу учурунда ичүү жетиштүү. Курстун узактыгы — 25-30 күн, андан кийин 10-15 күн тыныгуу кылып, андан соң кайра кайталасаңыз болот.


Эгерде "Өзүңүздүн эң мыкты версияңыз" болууга жардам берүүчү ыкмалар жана кошулмалар жөнүндө толугураак маалымат алгыңыз келсе, жеке консультация алып, жабык каналга катталыңыз.


p.s.: Сапаттуу БАД, кошулмаларды биздин партнерлордон жакшы баада алсаңыз болот: +996 555 380 101


p.p.s.: Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.


УЙКУ ЖӨНҮНДӨ:

Уйкусуздукту дарылоонун эң эффективдүү жолу – эрте таңкы жарыкка (күндүн чыгышына) дуушар болуу (эрте туруу).

Уйкусуздуктун кеңири жайылып жаткан себеби – кечинде гаджеттерди (телефон, планшет ж.б.) колдонуу.

Уйкусуздук - көп учурда мелатониндин синтезинде эмес, жашоо образында жатат.

Экзогендик мелатонин (таблетка түрүндөгү) уйкусуздукту дарылоого жардам бербейт жана мелотониндин табигый бөлүнүп чыгуусун бузат.

Экзогендик мелатонинди колдонуу негизинен 55 жаштан кийин, организмдеги табигый мелатониндин азайган маалында гана зарыл.

Мелатонин – бул организмдеги табигый уйку гормону, ал караңгы түшкөндө бөлүнүп чыгып, уйку ритмин жөнгө салууга жардам берет. Анын экзогендик түрү (таблетка же кошулма түрүндө) кээде уйкусуздукка каршы колдонулат, бирок аны туура эмес пайдалануу табигый өндүрүшкө зыян келтириши мүмкүн.



💊

Натуралдык витамин Е-Май.


Бул, витамин Е'нин бардык түрлөрүн (α-, β-, γ- жана δ-токоферолдор) камтыган табигый продукт. Бул май денеңизди керектүү заттар менен камсыз кылып, жашоону сапаттуу өткөрүүгө жардам берет.


💧Эркин радикалдардын жана токсиндердин таасиринен клеткаларды сактап, организмди эрте картаюудан коргойт.


💧Терини нымдап, аны жумшак жана серпилгич кылат. Чачтын түшүүсүн азайтып, анын өсүүсүн жакшыртат.


💧Витамин Е канды суюлтат, тромбоздун алдын алат жана кан тамырларды бекемдейт.


💧Айрыкча эркектер үчүн, сперматозоиддин сапатын жакшыртып, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.


💧Шаардагы булганган абадан жана азыктардан келген токсиндерди чыгарат.



Кимдерге керектүү?

💠Шаар шартында жашап, экологиянын таасирин сезгендер.

💠Теринин, чачтын жана тырмактардын абалын жакшырткысы келгендер.

💠Жеке ден соолугун жана репродуктивдик мүмкүнчүлүгүн жакшыртууну каалагандар.

💠Жильбер синдрому же боордун башка көйгөйлөрү менен күрөшүп жүргөндөр.
(Жильбер синдрому менен жабыркагандарга адистер витамин Ени жогорулатылган дозада сунушташат.)


Кантип колдонуу керек?

🩷Күндөлүк колдонуу:
Күнүнө 1-2 чай кашык, тамак менен кошо.

🩷Фертилдүүлүк үчүн:
Күнүнө 2-4 чай кашык.

🩷Тери үчүн:
Кургаган же катуу териге, жараларга бир нече тамчы сүйкөп коюңуз.

🩷Ооз көңдөйү үчүн:
Бул май ооз үчүн коопсуз жана жагымдуу даамы бар.



Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы:

🔅Фертилдүүлүк:
2022-жылкы изилдөөлөр витамин Енин эркектердин репродуктивдик сапатын 20%га жакшыртаарын далилдеген.

🔅Организмди коргоо:
Антиоксиданттык таасири мегаполистеги зыяндуу заттардан тазаланууга жардам берет.

🔅Терини жакшыртуу:
Клиникалык тажрыйбалар бул майдын терини тез айыктырарын жана кургактыгын азайтарын көрсөткөн.


Витамин Е — бул, жаштыкты, энергияны жана ден соолукту сактоонун мыкты жолу.

📱

Буйрутма бериңиз:
+996 555 380 101


Кыргызстан ичи жана СНГ боюнча жеткирүү кызматы бар.

🧪


🌞 🌞 🌞 🌞 🌞 🌞 🌞

"Өзүңдү Жарат!"

💥Сен бул дүйнөгө жөн эле келип калган жоксуң.

Сенин ар бир мүнөтүң, ар бир каалооң, ар бир кадамың – бул, чоң максаттын бир бөлүгү.
Өзүңдөн сура: “Мен чын эле бул жашоону толук кандуу жашап жатамбы? Же жөн гана агым менен кетип жатамбы?”


💥Коркуу – жалган.
Аракет – чындык.


Бизди, көп учурда коркуу сезими кармап турат.
“Болбой калат”, “Мен муну жасай албайм”, “Башка бир күнү…” – мунун баары жалган.
Чындык - бирөө гана: эгер сен бүгүн кадам таштабасаң, анда эртең кеч болот.
Жашоо сенден "күтүүңдү" талап кылбайт. Ал сенден "чечкиндүүлүктү жана аракетти" күтөт.


💥Жашооңдун сценарийи, өзүңдүн колуңда.

Сенин өмүрүң – бул кино.
Башкы каарман да, сценарист да – бул Сен.
Башкалардын сунуштаган ролун эмес, өзүңдүн каалаганыңды танда.
Ар бир күн - сенин жаңы сахнаң.
Башкалар каалагандайбы же өзүң каалагандайбы?
Аны кандай кылып ойнойсуң – сенин эркиңде.


💥Болгон күчүңдү өз жолуң үчүн колдон.

Көп адамдар өз энергиясын шек саноого, таарынууга, шылтоолорго же башкаларга жагынууга коротуп коюшат.
Бирок сен андай эмессиң.
Сенин күчүң – сенин мүмкүнчүлүгүң.
Аны өз максатыңа жетүү үчүн колдон. Ал максат канчалык чоң болсо да, сен аны ишке ашыра аласың.
Себеби, күчтүү эрк жана аракет баарын жеңет.


💥Өзүңдүн эң мыкты версияң бол!

Сен, бүгүнкү күнүңдө кандай жашайсың? Бул сенин жашооңду аныктайт.
Өзүңдү өнүктүр, жаңы нерселерди үйрөн, катачылыктан коркпо.
Күн сайын өзүнө “Мен бүгүн өзүмдүн эң мыкты версиямды жаратуудамынбы?” деп сура.
Анткени, сенин чыныгы душманың башкалар эмес – бул сенин кечээки версияң.


💥Кеч эмес, азыр башта.

Сен күтүп жүргөн ошол "идеалдуу күн" – бул бүгүн.
Сен кыялданган жашоо – ал сага азыр жеткиликтүү. Болгону чечим кабыл ал.
Биринчи кадамды жасаганда, дүйнө өзү, сени колдой баштайт.

💥Сен – бул дүйнөнүн өзгөчө бир бөлүгүсүң!

Жашооңду, өзүң каалагандай "Эң мыкты" кылып жарат.
Дүйнө, сенин жарыгыңдан нур алсын!

🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀🫀


💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠

Терс ойлонуудан баш тартып,
жакшы ойлор жана жакшы эмоция менен жаша!!!


Мүмкүнчүлүктөргө бай дүйнөбүздө, жакшы нерселерге көңүл буруу, абдан маанилүү.



Ар бир жаңы күн — бул кыялдануу, максат коюу, аракет кылуу жана ага жетүү мүмкүнчүлүгү.

Убакытты туура пайдалан!


Эсиңде болсун: сенин ойлоруң сенин тагдырыңды жаратат.


Энергетикалык абал (состояние) - бул, эң маанилүү курал.


Кел, бул күндү - позитив менен, өзүбүзгө болгон ишеним жана эң жакшыга умтулуу менен толтуралы!

🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺


Эң баалуу жөндөм — бул, өзүңдү (эмоцияны) башкаруу.


Акылды тынч жана ачык кармоо - бул, жашоодогу эң кымбат ресурс. Эмоцияларыбыз, өзүбүзгө жана дүйнөгө болгон мамилебизди түзүп, ар бир кадамыбызга таасир этет.

Көп учурда, кандайдыр бир кырдаалдан улам ачууланып же таарынып, ойлонбой кабыл алган чечимдердин натыйжасында, өзүбүзгө зыян келтирип, эмоцияларыбыз бизди башкарып калат.


Андыктан, эмоцияларды башкаруу — эң баалуу жана көп күч-аракетти талап кылган жөндөм.


Өзүңдү башкаруу эмне үчүн маанилүү?

Терс эмоциялардын толкунунда жүрүү — акыл-эс жана ден соолук үчүн зыяндуу.

Ачуулануу, капалануу же кайгыдан улам, денебизде стресс гормондору көбөйүп, ал өзү менен кошо чарчоону, стрессти жана ар кандай ооруларды чакырат.
Ал эми өзүбүздү башкара билүү — бул ички бейпилдиктин, күчтүү мүнөздүн жана ден соолуктун белгиси.

Эмоцияларды башкара алган адам, маанайды көзөмөлдөп, кырдаалга туура реакция кылып, туура чечим чыгарып, ишенимдүү жана сабырдуу боло алат.



Өзүн башкаруунун артыкчылыктары:

🔅Күчтүү жана сабырдуу болуу.
Эмоцияларыбызга алдырбай, сырттан келген таасирлерге каршы тура билүү бизди күчтүү кылат. Кыйынчылыкка туш болгондо өзүн жоготпой, сабырдуу болуу, алдыга ачык жол менен карап, тоскоолдуктарды акыл менен чечүүнү жеңилдетет.


🔅Туура жана акылга негизделген чечимдерди кабыл алуу.
Жашоодо туура чечим кабыл алуу үчүн таза акыл талап кылынат. Эмоцияга алдырган учурларда адам көбүнчө ката кетирет, шашылат же кыжырдануу менен чечим кабыл алып, натыйжада өзү да, жакындары да зыян тартат.


🔅Ички тең салмактуулукту сактоо.
Өмүр бою ар кандай кырдаалдарга туш келебиз. Кыйынчылык, түшүнбөстүктөр, күтүүсүз окуялар болуп турат. Өзүн башкара билген адам ар дайым оор басырыктуулукту сактап, кырдаалды объективдүү кабыл алып, проблеманы чечүүнүн туура жолун табат.



Эмоцияларды башкарууну кантип өнүктүрсө болот?

🔻Аң-сезимдүүлүктү (осознанность) өнүктүрүү.
Ар бир эмоцияны толук аңдып, анын кайдан келип жатканын түшүнүү маанилүү. Өзүңүзгө "Бул эмоция кайдан пайда болду?", "Бул мага кандай таасир этет?" деп суроо бериңиз. Бул эмоциялардын чыныгы булагын түшүнүүгө жана аларды жөнгө салууга аракет кылыңыз.


🔻Терең дем алуу жана эс алуу көнүгүүлөрү.
Эмоция күчөгөн учурда денени эс алдырып, курсак (диафрагма) менен дем алууга көңүл буруңуз. Терең жана жай дем алуу стресс гормондорун азайтып, акылды тынчтандырат. Бул акылга күч берип, кырдаалга туура көз караш менен мамиле кылууга шарт түзөт.


🔻Жаман эмоцияларды сыртка чыгаруунун жолдорун табуу.
Айрым эмоцияларды биз кайсы бир себептен басып койгонго же билдирбей коюуга аракет кылабыз. Бирок бул сезимдерди ичте ката берүү зыяндуу. Алар убакыттын өтүшү менен чогула берип, ден соолукка, психикага терс таасир этет. Спорт, чыгармачылык менен алектенүү же бул тууралуу ишенген адам менен сүйлөшүү — бул эмоцияларды сыртка чыгаруунун жана арылуунун эң сонун жолу.


🔻Ар дайым ички-сырткы сабырдуулукка үйрөнүү.
Кандай гана кырдаал болбосун, чыдамдуу жана сабырдуу болууну максат кылыңыз.
Бул — мүнөздү чыңдоонун эң чоң сыноосу жана өзүн башкара билүүнүн башаты. Ар бир кырдаал убактылуу экенин түшүнүү менен, кандай болгон күндө да акыл калчап, жакшылыка жоруп, эмоцияларга жол бербөө адатын иштеп чыгыңыз.


🔻Гормондордун туура иштешине көңүл буруу.
Гормондор туура иштебесе, апатия, стресс, депрессияга тез түшүп, иммунитет азайып, терс эмоциялардын кулу болуп, жакшы иштерди жаратууга күч кубат калбай калат.
Ошон үчүн гормондорду туура иштешин контрол кылуу өтө маанилүү.


Жыйынтык:

Эң баалуу жөндөм — бул өзүбүздү, сезимдерибизди жана эмоцияларыбызды башкара билүү.
Бул жөндөмдү өнүктүрүү менен биз, жашоодогу ар бир кадамыбызды акылга негиздеп, өзүбүздү ишенимдүү жана сабырдуу алып жүрүүнү үйрөнөбүз.
Жыйынтыгында, эмоцияга азгырылбай, тынч жана бекем турмуштун жолун тандайбыз.

Анткени, өзүн башкаруу — ички бейпилдиктин, ден соолукка жана жашоого болгон терең канааттануунун ачкычы.


Эмоцияны контроль кылып, чоң күч-кубаттын (энергия) ээси болуп, жашоонун сапатын өстүрүү үчүн - басыңыз👈

🤍 🤍 🤍 🤍 🤍 🤍


🌜 🌜 🌜 🌜 🌜 🌜 🌜


Ƴύκƴ τƴƴραⲗƴƴ...

  
Күндүн ийгиликтүү жана берекелүү өтүшү, таңдын туура башталышына тиешелүү.


   Таң эртеден, уйку канып, чоң энергия менен күндү баштоо үчүн -  сапаттуу уйку болуусу керек.


Ϲαηαττγγ γύӄγ, αλ ӄαϰɠαύ?


   Кечки саат 22:00-23:00дөн баштап, "гормон роста" (ГР) иштей баштайт. ГР - сөөк, булчуң жана ички органдарды күчтөндүрөт. Ар кандай заттардын алмашуусуна таасир кылат (белок, май, углевод ж.б.у.с.)
   Эртеден кечке кетирген энергияны (иммунитет, нерв, минерал, витамин ж.б у.с.) калыбына келтирип, денени эс алдырат да, кийинки күнгө коюлган пландарга жана ийгиликке жетүүгө даярдайт.
   Организм өзүн-өзү оңдоп, гормондордун, ички органдардын туура иштешин калыбына келтирет.


  
Организмдеги 70-80% проблемалар уйку менен эле калыбына келет.

Уйку берекелүү болуу үчүн буларды жасаңыз:

   🪐 Жатардан 1 саат мурда телефон, компьютер, телевизор колдонууну токтотуңуз. Алардын жарыгы көз аркылуу, күндөн түнгө өтүп, уйкуну келтирүүчү "мелотонин" гормонун качырып салат.

   🪐 Уктоочу бөлмөнү шамалдатып, салкындатыңыз.

   🪐Жатарда бир аз ачка болуу грелин гормон'ун иштетип, ал өз ордунда гормон роста'ны иштетет. Ошондуктан эң кечки тамактануу жатардан 2-3 саат мурда болуусу жакшыраак.

   🪐Жатарда суюктук көп ичпөө (чай, сок, суу). Табарсык толуп, уйкуга терс таасир кылат. Кофе, кара чай уйкуну качырат.

   🪐Кечке маал катуу тренировка кылбаганга, стресс болбогонго аракет кылыңыз.

   🪐Жатардан мурда жылуу же ысык душ алганда, дене акырындап салкындап, уйку тез келет.

   🪐Өтө жумшак эмес, бираз катуурак жерде жатыңыз

   🪐Эгерде уйку келе бербесе, күндүзү көбүрөөк кыймыл кылып (басуу, чуркоо, спорт ж.б.у.с.), денени чарчаткан жакшыраак таасир берет.

   🪐Уйкунун сапатына жакшы таасир берүүчү кошулмаларды ичсеңиз болот.
Мисалы: Ашваганда, Габа, Глицин ж.б.
(Кандай түрүн, качан, кантип, канча ичүү керектигин адистен сураңыз)


  
Эрте туруудан да, эрте жатып, эрте уктоо маанилүү...☝️

  

  "Уйкунун сапатын өстүргөнгө аракет кылуу - бул, өзүңүзгө болгон сүйүүнүн бир белгиси."


🤍🤍🤍🤍🤍🤍


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🔵 🔵 🔵 🔵 🔵 🔵 🔵

𐍱𐌵𐌻𐌴𐌾𐌵ᕒ𐍱𐌵?


Дуэйн Джонсон'дун жашы 52де,
ал эми Джейсон Стетхэм болсо 57де!



Күн тартибин сактоо, спорт, ден-соолукту чыңдоо жана активдүү жашоо образы - тестостерон'дун деңгээлин жогорулатат. Тестостерон жетиштүү көлөмдө өндүрүлүп, өзүнүн функциясын аткарганда, эркектин ден-соолугу, сергек келбети жана эркектик сыпаты көп жылдар бою сакталып калат.



Эгерде сиз, ийгиликтүү "Эркек" болгуңуз келсе, тестостерон'уңузга көңүл буруңуз.



Эркек'тик гормон'дорду туура иштетип, Эркектик сыпат'тын даамын таткыңыз келсе, адиске кайрылып, консультация алыңыз


🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🧘‍♂️

Эртең ийгиликке жетүү үчүн - бүгүн машыгууну башта!!!


Технологиянын өнүгүшү жана заманбап жашоодогу комфорттуу шарттар, адамдардын "кыймылсыз" жашоосуна себеп болууда.



Кантсе да, ден-соолукка кам көрүүдө эң маанилүү факторлордун бири – бул кыймыл.



🔘 Спорттун жана дене-тарбиянын пайдасы жөн гана физикалык ден-соолук менен чектелбейт, ал мээнин иштешинен баштап эмоционалдык абалга чейин көптөгөн аспектилерге оң таасир тийгизет.


1. Спорт - мээнин иштешин жакшыртат:

Кыймыл, мээнин каныккан кычкылтек менен камсыздалышын жогорулатат, мээдеги нейрондордун активдүүлүгүн күчөтүп, ой жүгүртүү жана эс тутумду жакшыртат. Бул адамдардын чыгармачылык жөндөмүн, тез чечим кабыл алуу жана татаал маселелерди чечүү жөндөмүн өнүктүрөт.


2. Спорт - эмоционалдык абалды туруктуу кармайт:

Спорттук машыгуулар стресстин деңгээлин төмөндөтүп, адамдын өзүн жакшы сезүүсүнө шарт түзөт. Физикалык кыймыл учурунда, эндорфиндер деп аталган «бактылуулук гормондору» бөлүнүп чыгат. Бул гормондор стресске каршы туруштук берип, эмоционалдык туруктуулукту сактоого жардам берет.


3. Спорт - жогорку продуктивдүүлүктү камсыз кылат:

Регулярдуу түрдө спорт менен машыккан адамдар көбүнчө дисциплинаны, эркти жана максатка умтулууну өнүктүрүшөт. Бул сапаттар жеке жана профессионалдык жашоодо ийгиликке жетүүгө түрткү берет. Спорт адамдын "өзүнө ишеничин" арттырып, алдына коюлган максаттарды ишке ашырууда зор жардамчы болуп эсептелет.


4. Спорт - ден соолукту бекемдейт:

Дене тарбия менен үзгүлтүксүз алектенүү жүрөк-кан тамыр системасын чыңдап, зат алмашууну жакшыртат. Мындан тышкары, спорт семирүү, кант диабети жана башка көптөгөн оорулардын алдын алууга көмөктөшөт.


5. Спорт - сапаттуу жашоого жол ачат:

Спорт жашоону сапаттуу кылат. Себеби ал ден соолукка, эмоционалдык абалга жана ишке болгон мамилеге түздөн-түз таасир этет. Спорт менен машыгуу аркылуу адам өзүн ар дайым формада кармап, жашоодон ырахат алат.


Жыйынтыктап айтканда, спорт – бул ден соолуктун жана ийгиликтин негизи. Спортту жашоонун бир бөлүгү кылып кабыл алсаңыз, анда сиз сапаттуу, максаттуу жана бакубат жашоого ээ болосуз!






Унутпа!!!

Убакыт артка кайтпайт


🔘


☀️ ☀️ ☀️ ☀️ ☀️ ☀️

"Д витамини"

🌝 Витамин D - майда эрий турган азык (жирорастворимый).

Бул адамдын жашоосу үчүн маанилүү 24 микроэлементтин бири болуп саналат. Өзгөчө эркектер үчүн өтө маанилүү, анткени бул түздөн-түз тестостерондун деңгээлине таасир этет.


🌝 Витамин D 5000ден ашуун генди жөнгө салат, ал аркылуу 3000ден ашуун реакциялар жүрөт. Бул витаминди адам, күн нуру териге тийгенинен алат.


🌝Витамин D'нын жетишсиздиги кантип сезилет?:

▫️ОРЗ (тумоо) ооруларынын көбөйүшү, чарчоо,
▫️Бел жана сөөктөрдүн оорушу,
▫️Жаралардын жай айыгуусу,
▫️Чачтын түшүүсү,
▫️Булчуңдардын оорушу аркылуу көрүнүшү мүмкүн.

🌝Витамин D узак убакыт жетишсиз болсо, семирүү, кант диабети, гипертония, депрессия, фибромиалгия, остеопороз, өнөкөт чарчоо синдрому, нейродегенеративдүү оорулар өнүгүшү мүмкүн.
Төмөнкү деңгээлдеги витамин D менен сиз өзүңүздү жакшы сезе албайсыз.


🌝Витамин D'нын жетишсиздиги айрым рак ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзүшү мүмкүн, мисалы эмчек рагы, простата жана ичеги рагы.


🌝Витамин D кайсы азыктарда бар?

Эң жакшы булактар – майлуу балыктар, мисалы: форель, лосось, тунец, скумбрия. Чоң адам күнүнө витамин D'нын күнүмдүк нормасын алуу үчүн 150 г лосось же 850 г треска жеш керек.
Ошондой эле витамин D уйдун боорунда, сырда жана жумуртканын сарысында бар.
Мисалы, жумурткадан витаминдин күнүмдүк нормасын алуу үчүн 20 жумуртканын сарысын жеш керек.


🌝Витамин D'нын функциялары:

🔘 Фосфор-кальций алмашуусун жөнгө салат (фосфор, кальций, магнийдин сиңүүсүн стимулдаштырат)
🔘 Минералдык алмашууну жөнгө салат
🔘 Диабеттин алдын алат
🔘 Тери ооруларына болгон сезгичтикти азайтып, жакшы болуусун тездетет,
🔘 Жүрөк, кан тамыр жана онкологиялык оорулардын алдын алат
🔘 Тукум куучулук функциялары жана бойго бүтүү үчүн өтө маанилүү,
🔘 Иммунитетти жогорулатат
🔘 Калкан бези үчүн зарыл
🔘 Кан уюу реакцияларында керек
🔘 Миелиндин калыбына келишине жардам берет
🔘 Кан басымын жөнгө салууга катышат.


🌝 Витамин D'нын жетишсиздигинин себептери:

🔘 Териде витамин D'нын синтезинин азайышы (күн нурунан коргоочу кремдерди колдонуу, тери пигментациясы, күндүзгү жарыктын кыскарышы, кыш мезгили, булуттуу аба ырайы, түтүн жана башкалар)
🔘 Витамин D камтыган азыктардын жетишсиздиги
🔘 Өт'түн иштешинин начарлашы
🔘 Семирүү
🔘 Жаңы төрөлгөндөр үчүн - эненин сүтүндө витамин D'нын аз деңгээли
🔘 Боордун дисфункциясында 25-0H-D'нын синтезинин төмөндөшү
🔘 Бөйрөк функциясынын бузулушунда 1,25(0H)2D'нын синтезинин төмөндөшү
🔘 Ашказанда тамак сиңирүүнүн төмөндөшү (целиакия, Крон оорусу, муковисцидоз, Уиппл оорусу)
🔘 Кээ бир дары-дармектерди колдонуу (эпилепсияга каршы, стероиддер)
🔘 Уремикалык интоксикация (уулануу)
🔘 Коморбиддик патология (онкология, гиперпаратиреоз, саркоидоз, лимфомалар).


🌝Витамин D'нын жетишсиздигинин белгилери:

🔘 Уйкунун бузулушу
🔘 Көрүүнүн начарлашы
🔘 Көздүн торчосунун дистрофиялык өзгөрүүлөрү жана сезгенүүсү
🔘 Салмактын азайышы
🔘 Иммунитеттин төмөндөшү
🔘 Табиттин төмөндөшү
🔘 Рахит, остеомаляция
🔘 Нерв өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу
🔘 Тестостерондун аздыгы
🔘 "Бактылуулук гормону'нун" (серотонин) түшүшү
🔘 Анемия
🔘 Ооздун ачышып-кычышуусу
🔘 Ихтиоз формасындагы тери өзгөрүүлөрү
🔘 Булчуңдардын дистониясы
🔘 Өтө сасык осурук



🌝Витамин D'ны өз алдынча азырак доза'ларды ичсе болот. Бирок, туура эмес жана 5000ме ашыкча ичүү кооптуу болушу мүмкүн.



🌝Витамин D'ны өз алдынча колдонордон мурда адис менен кеңешиңиз. Сиздин анализиңизге карап, керектүү дозаны тандоо керектелет.


P.s.: Сүрөттө, мага кайрылган кээ бир адамдардын анализ жыйынтыктары. Жалпысынан 95%де ушундай көрүнүш.

🌝 🌝 🌝


🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓

ВИТАМИНДИК ШПАРГАЛКА...

🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓


💊Витамин A
* Эмнеге колдонулат:
    Тери, сөөк, тиш, тукум улоо жана көздөрдүн жакшы болуусуна пайда.
* Кайдан алсак болот:
    Боор, жумуртка, балык, сүт, сабиз, ашкабак, шпинат, картошка.


💊Витамин B1 (Тиамин)
* Эмнеге колдонулат:
    Тамак-ашты энергия'га айландырганга жардам берет жана мээ'нин жакшы иштешине пайда (гамк, ацетилхолин, серотонин).
* Кайдан алсак болот:
    Соя, дарбыз, помидорлор, шпинат

💊Витамин B2 (Рибофлавин)
* Эмнеге колдонулат:
    Тамак-аштын энергияга айланышына, теринин, чачтын, кандын жана мээнин жакшы иштешине жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Сүт азыктары, эт, жашыл жалбырактуу жашылчалар, устрицалар

💊Витамин B3 (Ниацин)
* Эмнеге колдонулат:
    Тамак-аштын энергияга айланышына жана мээнин жакшы иштешине жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Уй эти, тоок эти, креветкалар, авокадо, жер жаңгак, помидорлор, шпинат

💊Витамин B6 (Пиридоксин)
* Эмнеге колдонулат:
    Кызыл кан клеткаларынын пайда болушуна жардам берип, уйку, аппетит жана маанайды жакшыртат.
* Кайдан алсак болот:
    Тоок эти, тофу, банан, дарбыз, балык, буурчак түрдүүлөр

💊Витамин B7 (Биотин)
* Эмнеге колдонулат:
    Глюкозаны майдалап,тамак-аштын энергияга айланышына жардам берет .
* Кайдан алсак болот:
    Толук дан азыктары, жумуртка, бадам, соя буурчактары, балык

💊Витамин B9 (Фолат)
* Эмнеге колдонулат:
    ДНКнын синтез болушуна жана жаңы клеткалардын пайда болушунда маанилүү
* Кайдан алсак болот:
    Буурчак түрдүүлөр, шпинат, жашыл жалбырактуу жашылчалар, нокот, помидорлор, спаржа

💊Витамин B12
* Эмнеге колдонулат:
    Кызыл кан клеткаларынын пайда болушуна жардам берет, майлуу кислоталарды жана аминокислоталарды майдалайт.
* Кайдан алсак болот:
    Сүт азыктары, үй эти, канаттуулар, балык, жумуртка

💊Витамин C
* Эмнеге колдонулат:
    Антиоксидант катары таасир кылат, иммундуу системаны жаушыртат жана жаңы клеткалардын пайда болушуна жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Жемиштер жана жемиш ширелери, калемпир, брокколи, помидорлор, шпинат, лимон

💊Витамин D
* Эмнеге колдонулат:
    Фосфор жана кальций аркылуу сөөктөрдүн жана тиштердин өсүшүнө жана түзүлүшүнө жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Жумуртканын сарысы, семиз балык, боор, күн нуру

💊Витамин E
* Эмнеге колдонулат:
    Антиоксидант катары таасир кылып, клетка мембраналарын турукташуусуна жардам берет
* Кайдан алсак болот:
    Жаңгак, авокадо, тофу, бүтүн дандуулар, уруктар

💊Витамин K
* Эмнеге колдонулат:
    Кандын уюшуна керек жана кандагы кальцийдин деңгээлин жөнгө салууга жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Брокколи, брюссель капустасы, боор, жашыл жалбырактуу жашылчалар.


🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬

Керектүү витамин-минералдарды организмге толук жеткире албай, ар кандай заманбап кошулмалар кошулган жеңил тамактын көрүнүшүнө, даамына, жытына алданып, пайда-зыянын ылгабай жеп калдык.

🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬



Сезимдер жана анализдериңдин негизинде, апатия, стресс, депрессия, уйкусуздук, чарчоо ж.б.у.с. туура эмес акыбалдан арылып, кубаттуу, күчтүү, аракетчил, чечкиндүү, ар дайым алдына умтулуучу, жеңүүчү болууга алып баруучу ыкмалар жана витамин-кошулмалар жөнүндө жеке конституцияда айтып беремин.


🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬


🌐 @akjolboston

🌐 +996773773733

🌐 Akjol Boston

🌐 @akjolboston

🌐 @akjol_boston


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
   🔥 🔥 🔥 🔥 🔥 🔥 🔥 🔥

Көпчүлүк балдар 40 жашка чыкса да "Эркек"-деген статуска жетпей жүрө беришет.


Кантип?...

Эмне үчүн?...


   Жашоосунда "Атанын" болбогону, туура эмес тарбия, билим берүү системасы, кинематография жана адабият аркылуу түшүнүктөрдү бурмалоо - себеп болот.

   Жыйынтыктап айтканда - бул дүйнөгө алып келишти, бирок "Эркек" болуунун кандай экенин эч ким түшүндүргөн да, көрсөткөн да эмес.

   Кантип, өзүңдүн ичиңдеги өзөгүңдү, камырабаган бекем зоодой кылып тарбиялайсың?

   Алгач, "Чыныгы эркек" кандай болушун,  ал кандай сыпаттар менен аныкталышын билели.

   Андан кийин гана өзүбүздү тарбиялоо рецептин түзө алабыз....

  Балким, эркек болуу - бул, жөн эле көп акчалуу, чоң булчуңдуу, харизма'бы, сулуу көрүнүүбү же кымбат унаа менен акыркы үлгүдөгү айфон'бу?

   Чындыгында, анын жообу мурда эле аныкталган, бирок көпчүлүгүбүз түшүндүрүп айта албасак да, сезебиз.
  

   Кыскача тизмектегенде, эркек болуу бул:

➡️   Эрк.
Кыйынчылык жана азгырыктарга карабай, өзүнүн тандоосуна аракет кылуу.


➡️   Максаттуулук.
Ички-сырткы таасирлерге карабастан, коюлган максаттарга карай алып баруучу, ар кандай жолдорду изденүүгө көңүл коюу.


 ➡️  Өзүңдүн жумушуңа берилгендик.
Өзүңө жана Жаратуучуга кызмат кылуу менен бирге, жашоодогу артыкчылыктарды туура тандап, маанисиз иштерге алаксыбай, өз миссияңды (жумушуңду) мыкты аткаруу.


➡️   Ар дайым "Өзүңдүн Эң Мыкты Версияң" болууга умтулуу.
Ички дүйнөңду таанып, жашынган күчүңдү табып, эң жакшы адам болууга умтулуу.


➡️   Ой-жүгүртүү, чечим жана аракеттерде көзкарандысыз болуу.
Кимди угуп, кимди ээрчип жана эмне кылууну өзүң чечип, өзүң тандоо.


➡️   Гормондор жана нейромедиаторлордун туура иштешин контролдоо.
Эркектик мүнөзгө чоң таасир кылуучу андрогендик (эркектик) гормондорду туура иштетип, эмоционалдык интеллект жана эркектик энергияны сезе билүү .


➡️   Денеңе "Чыныгы Эркек" экениңди далилдөө.
Ар дайым кыймылда болуп, денеге физикалык нагрузка берип туруу. Денебиз эркек экенине ишенсе, эркеке тиешелүү бардык функциялар өз ордунда иштешин билүү.


   Эми бул сыпаттарды кантип бекемдеп, кантип адатка айландырабыз?


  
Аны жеке өзүңө, жеткиликтүү, жеңил жол менен айтып жана көрсөтүп берем.




➡️   Даяр болсоң - жекече, өзүң
менен, купуя
иштешүүгө чакырамын
◀️


  
Даяр болбосоң, анда бул жашоого эркек болуп келип, бирок "Чыныгы Эркек'тиктин" даамын сезбей кете бересиң...




➡️ Кетэ бересиң... ◀️
👣

🟣 🟣 🟣

20 last posts shown.