ᝯᜥ𐌋ᝪ᠘ ẞᝪ𐍃ᝨᝪᜬ


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


"Κыя᧘дын ᥲρᴛынᥲн κууᴦᥲн, ϶ρκᥙн жᥲнᥲ κүчᴛүү᧘өρ үчүн..."
"Эң Ⲙыⲕⲧы ⲃⲉⲣⲥυяң"-δ᧐᧘ууңᥲ жᥲρдᥲⲙ δᥱρᥱⲙᥙн:
Эркектик сыпат, энергия, ⲁⲏⲁⲗυⳅ, ⲅⲟⲣⲙⲟⲏⲇⲟⲣ, биохакинг, ∂ϱʜ-сσσⲗƴκ, апатия, депрессиядан чыгуу, σύ-жүⲅүρτүүʜү жαңыⲗσσ ж.б.у.с. көйгөйлөрдү чечүү...

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠 💠

Терс ойлонуудан баш тартып,
жакшы ойлор жана жакшы эмоция менен жаша!!!


Мүмкүнчүлүктөргө бай дүйнөбүздө, жакшы нерселерге көңүл буруу, абдан маанилүү.



Ар бир жаңы күн — бул кыялдануу, максат коюу, аракет кылуу жана ага жетүү мүмкүнчүлүгү.

Убакытты туура пайдалан!


Эсиңде болсун: сенин ойлоруң сенин тагдырыңды жаратат.


Энергетикалык абал (состояние) - бул, эң маанилүү курал.


Кел, бул күндү - позитив менен, өзүбүзгө болгон ишеним жана эң жакшыга умтулуу менен толтуралы!

🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺 🔺


Эң баалуу жөндөм — бул, өзүңдү (эмоцияны) башкаруу.


Акылды тынч жана ачык кармоо - бул, жашоодогу эң кымбат ресурс. Эмоцияларыбыз, өзүбүзгө жана дүйнөгө болгон мамилебизди түзүп, ар бир кадамыбызга таасир этет.

Көп учурда, кандайдыр бир кырдаалдан улам ачууланып же таарынып, ойлонбой кабыл алган чечимдердин натыйжасында, өзүбүзгө зыян келтирип, эмоцияларыбыз бизди башкарып калат.


Андыктан, эмоцияларды башкаруу — эң баалуу жана көп күч-аракетти талап кылган жөндөм.


Өзүңдү башкаруу эмне үчүн маанилүү?

Терс эмоциялардын толкунунда жүрүү — акыл-эс жана ден соолук үчүн зыяндуу.

Ачуулануу, капалануу же кайгыдан улам, денебизде стресс гормондору көбөйүп, ал өзү менен кошо чарчоону, стрессти жана ар кандай ооруларды чакырат.
Ал эми өзүбүздү башкара билүү — бул ички бейпилдиктин, күчтүү мүнөздүн жана ден соолуктун белгиси.

Эмоцияларды башкара алган адам, маанайды көзөмөлдөп, кырдаалга туура реакция кылып, туура чечим чыгарып, ишенимдүү жана сабырдуу боло алат.



Өзүн башкаруунун артыкчылыктары:

🔅Күчтүү жана сабырдуу болуу.
Эмоцияларыбызга алдырбай, сырттан келген таасирлерге каршы тура билүү бизди күчтүү кылат. Кыйынчылыкка туш болгондо өзүн жоготпой, сабырдуу болуу, алдыга ачык жол менен карап, тоскоолдуктарды акыл менен чечүүнү жеңилдетет.


🔅Туура жана акылга негизделген чечимдерди кабыл алуу.
Жашоодо туура чечим кабыл алуу үчүн таза акыл талап кылынат. Эмоцияга алдырган учурларда адам көбүнчө ката кетирет, шашылат же кыжырдануу менен чечим кабыл алып, натыйжада өзү да, жакындары да зыян тартат.


🔅Ички тең салмактуулукту сактоо.
Өмүр бою ар кандай кырдаалдарга туш келебиз. Кыйынчылык, түшүнбөстүктөр, күтүүсүз окуялар болуп турат. Өзүн башкара билген адам ар дайым оор басырыктуулукту сактап, кырдаалды объективдүү кабыл алып, проблеманы чечүүнүн туура жолун табат.



Эмоцияларды башкарууну кантип өнүктүрсө болот?

🔻Аң-сезимдүүлүктү (осознанность) өнүктүрүү.
Ар бир эмоцияны толук аңдып, анын кайдан келип жатканын түшүнүү маанилүү. Өзүңүзгө "Бул эмоция кайдан пайда болду?", "Бул мага кандай таасир этет?" деп суроо бериңиз. Бул эмоциялардын чыныгы булагын түшүнүүгө жана аларды жөнгө салууга аракет кылыңыз.


🔻Терең дем алуу жана эс алуу көнүгүүлөрү.
Эмоция күчөгөн учурда денени эс алдырып, курсак (диафрагма) менен дем алууга көңүл буруңуз. Терең жана жай дем алуу стресс гормондорун азайтып, акылды тынчтандырат. Бул акылга күч берип, кырдаалга туура көз караш менен мамиле кылууга шарт түзөт.


🔻Жаман эмоцияларды сыртка чыгаруунун жолдорун табуу.
Айрым эмоцияларды биз кайсы бир себептен басып койгонго же билдирбей коюуга аракет кылабыз. Бирок бул сезимдерди ичте ката берүү зыяндуу. Алар убакыттын өтүшү менен чогула берип, ден соолукка, психикага терс таасир этет. Спорт, чыгармачылык менен алектенүү же бул тууралуу ишенген адам менен сүйлөшүү — бул эмоцияларды сыртка чыгаруунун жана арылуунун эң сонун жолу.


🔻Ар дайым ички-сырткы сабырдуулукка үйрөнүү.
Кандай гана кырдаал болбосун, чыдамдуу жана сабырдуу болууну максат кылыңыз.
Бул — мүнөздү чыңдоонун эң чоң сыноосу жана өзүн башкара билүүнүн башаты. Ар бир кырдаал убактылуу экенин түшүнүү менен, кандай болгон күндө да акыл калчап, жакшылыка жоруп, эмоцияларга жол бербөө адатын иштеп чыгыңыз.


🔻Гормондордун туура иштешине көңүл буруу.
Гормондор туура иштебесе, апатия, стресс, депрессияга тез түшүп, иммунитет азайып, терс эмоциялардын кулу болуп, жакшы иштерди жаратууга күч кубат калбай калат.
Ошон үчүн гормондорду туура иштешин контрол кылуу өтө маанилүү.


Жыйынтык:

Эң баалуу жөндөм — бул өзүбүздү, сезимдерибизди жана эмоцияларыбызды башкара билүү.
Бул жөндөмдү өнүктүрүү менен биз, жашоодогу ар бир кадамыбызды акылга негиздеп, өзүбүздү ишенимдүү жана сабырдуу алып жүрүүнү үйрөнөбүз.
Жыйынтыгында, эмоцияга азгырылбай, тынч жана бекем турмуштун жолун тандайбыз.

Анткени, өзүн башкаруу — ички бейпилдиктин, ден соолукка жана жашоого болгон терең канааттануунун ачкычы.


Эмоцияны контроль кылып, чоң күч-кубаттын (энергия) ээси болуп, жашоонун сапатын өстүрүү үчүн - басыңыз👈

🤍 🤍 🤍 🤍 🤍 🤍


🌜 🌜 🌜 🌜 🌜 🌜 🌜


Ƴύκƴ τƴƴραⲗƴƴ...

  
Күндүн ийгиликтүү жана берекелүү өтүшү, таңдын туура башталышына тиешелүү.



   Таң эртеден, уйку канып, чоң энергия менен күндү баштоо үчүн -  сапаттуу уйку болуусу керек.


Ϲαηαττγγ γύӄγ, αλ ӄαϰɠαύ?


   Кечки саат 22:00-23:00дөн баштап, "гормон роста" (ГР) иштей баштайт. ГР - сөөк, булчуң жана ички органдарды күчтөндүрөт. Ар кандай заттардын алмашуусуна таасир кылат (белок, май, углевод ж.б.у.с.)
   Эртеден кечке кетирген энергияны (иммунитет, нерв, минерал, витамин ж.б у.с.) калыбына келтирип, денени эс алдырат да, кийинки күнгө коюлган пландарга жана ийгиликке жетүүгө даярдайт.
   Организм өзүн-өзү оңдоп, гормондордун, ички органдардын туура иштешин калыбына келтирет.


  
Организмдеги 70-80% проблемалар уйку менен эле калыбына келет.


Уйку берекелүү болуу үчүн буларды жасаңыз:

   🪐 Жатардан 1 саат мурда телефон, компьютер, телевизор колдонууну токтотуңуз. Алардын жарыгы көз аркылуу, күндөн түнгө өтүп, уйкуну келтирүүчү "мелотонин" гормонун качырып салат.

   🪐 Уктоочу бөлмөнү шамалдатып, салкындатыңыз.

   🪐Жатарда бир аз ачка болуу грелин гормон'ун иштетип, ал өз ордунда гормон роста'ны иштетет. Ошондуктан эң кечки тамактануу жатардан 2-3 саат мурда болуусу жакшыраак.

   🪐Жатарда суюктук көп ичпөө (чай, сок, суу). Табарсык толуп, уйкуга терс таасир кылат. Кофе, кара чай уйкуну качырат.

   🪐Кечке маал катуу тренировка кылбаганга, стресс болбогонго аракет кылыңыз.

   🪐Жатардан мурда жылуу же ысык душ алганда, дене акырындап салкындап, уйку тез келет.

   🪐Өтө жумшак эмес, бираз катуурак жерде жатыңыз

   🪐Эгерде уйку келе бербесе, күндүзү көбүрөөк кыймыл кылып (басуу, чуркоо, спорт ж.б.у.с.), денени чарчаткан жакшыраак таасир берет.

   🪐Уйкунун сапатына жакшы таасир берүүчү кошулмаларды ичсеңиз болот.
Мисалы: Ашваганда, Габа, Глицин ж.б.
(Кандай түрүн, качан, кантип, канча ичүү керектигин адистен сураңыз)


  
Эрте туруудан да, эрте жатып, эрте уктоо маанилүү...☝️

  

  "Уйкунун сапатын өстүргөнгө аракет кылуу - бул, өзүңүзгө болгон сүйүүнүн бир белгиси."





🪄


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🔵 🔵 🔵 🔵 🔵 🔵 🔵

𐍱𐌵𐌻𐌴𐌾𐌵ᕒ𐍱𐌵?


Дуэйн Джонсон'дун жашы 52де,
ал эми Джейсон Стетхэм болсо 57де!



Күн тартибин сактоо, спорт, ден-соолукту чыңдоо жана активдүү жашоо образы - тестостерон'дун деңгээлин жогорулатат. Тестостерон жетиштүү көлөмдө өндүрүлүп, өзүнүн функциясын аткарганда, эркектин ден-соолугу, сергек келбети жана эркектик сыпаты көп жылдар бою сакталып калат.



Эгерде сиз, ийгиликтүү "Эркек" болгуңуз келсе, тестостерон'уңузга көңүл буруңуз.



Эркек'тик гормон'дорду туура иштетип, Эркектик сыпат'тын даамын таткыңыз келсе, адиске кайрылып, консультация алыңыз


🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🧘‍♂️

Эртең ийгиликке жетүү үчүн - бүгүн машыгууну башта!!!


Технологиянын өнүгүшү жана заманбап жашоодогу комфорттуу шарттар, адамдардын "кыймылсыз" жашоосуна себеп болууда.



Кантсе да, ден-соолукка кам көрүүдө эң маанилүү факторлордун бири – бул кыймыл.



🔘 Спорттун жана дене-тарбиянын пайдасы жөн гана физикалык ден-соолук менен чектелбейт, ал мээнин иштешинен баштап эмоционалдык абалга чейин көптөгөн аспектилерге оң таасир тийгизет.


1. Спорт - мээнин иштешин жакшыртат:

Кыймыл, мээнин каныккан кычкылтек менен камсыздалышын жогорулатат, мээдеги нейрондордун активдүүлүгүн күчөтүп, ой жүгүртүү жана эс тутумду жакшыртат. Бул адамдардын чыгармачылык жөндөмүн, тез чечим кабыл алуу жана татаал маселелерди чечүү жөндөмүн өнүктүрөт.


2. Спорт - эмоционалдык абалды туруктуу кармайт:

Спорттук машыгуулар стресстин деңгээлин төмөндөтүп, адамдын өзүн жакшы сезүүсүнө шарт түзөт. Физикалык кыймыл учурунда, эндорфиндер деп аталган «бактылуулук гормондору» бөлүнүп чыгат. Бул гормондор стресске каршы туруштук берип, эмоционалдык туруктуулукту сактоого жардам берет.


3. Спорт - жогорку продуктивдүүлүктү камсыз кылат:

Регулярдуу түрдө спорт менен машыккан адамдар көбүнчө дисциплинаны, эркти жана максатка умтулууну өнүктүрүшөт. Бул сапаттар жеке жана профессионалдык жашоодо ийгиликке жетүүгө түрткү берет. Спорт адамдын "өзүнө ишеничин" арттырып, алдына коюлган максаттарды ишке ашырууда зор жардамчы болуп эсептелет.


4. Спорт - ден соолукту бекемдейт:

Дене тарбия менен үзгүлтүксүз алектенүү жүрөк-кан тамыр системасын чыңдап, зат алмашууну жакшыртат. Мындан тышкары, спорт семирүү, кант диабети жана башка көптөгөн оорулардын алдын алууга көмөктөшөт.


5. Спорт - сапаттуу жашоого жол ачат:

Спорт жашоону сапаттуу кылат. Себеби ал ден соолукка, эмоционалдык абалга жана ишке болгон мамилеге түздөн-түз таасир этет. Спорт менен машыгуу аркылуу адам өзүн ар дайым формада кармап, жашоодон ырахат алат.


Жыйынтыктап айтканда, спорт – бул ден соолуктун жана ийгиликтин негизи. Спортту жашоонун бир бөлүгү кылып кабыл алсаңыз, анда сиз сапаттуу, максаттуу жана бакубат жашоого ээ болосуз!






Унутпа!!!

Убакыт артка кайтпайт


🔘


☀️ ☀️ ☀️ ☀️ ☀️ ☀️

"Д витамини"

🌝 Витамин D - майда эрий турган азык (жирорастворимый).

Бул адамдын жашоосу үчүн маанилүү 24 микроэлементтин бири болуп саналат. Өзгөчө эркектер үчүн өтө маанилүү, анткени бул түздөн-түз тестостерондун деңгээлине таасир этет.


🌝 Витамин D 5000ден ашуун генди жөнгө салат, ал аркылуу 3000ден ашуун реакциялар жүрөт. Бул витаминди адам, күн нуру териге тийгенинен алат.


🌝Витамин D'нын жетишсиздиги кантип сезилет?:

▫️ОРЗ (тумоо) ооруларынын көбөйүшү, чарчоо,
▫️Бел жана сөөктөрдүн оорушу,
▫️Жаралардын жай айыгуусу,
▫️Чачтын түшүүсү,
▫️Булчуңдардын оорушу аркылуу көрүнүшү мүмкүн.

🌝Витамин D узак убакыт жетишсиз болсо, семирүү, кант диабети, гипертония, депрессия, фибромиалгия, остеопороз, өнөкөт чарчоо синдрому, нейродегенеративдүү оорулар өнүгүшү мүмкүн.
Төмөнкү деңгээлдеги витамин D менен сиз өзүңүздү жакшы сезе албайсыз.


🌝Витамин D'нын жетишсиздиги айрым рак ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзүшү мүмкүн, мисалы эмчек рагы, простата жана ичеги рагы.


🌝Витамин D кайсы азыктарда бар?

Эң жакшы булактар – майлуу балыктар, мисалы: форель, лосось, тунец, скумбрия. Чоң адам күнүнө витамин D'нын күнүмдүк нормасын алуу үчүн 150 г лосось же 850 г треска жеш керек.
Ошондой эле витамин D уйдун боорунда, сырда жана жумуртканын сарысында бар.
Мисалы, жумурткадан витаминдин күнүмдүк нормасын алуу үчүн 20 жумуртканын сарысын жеш керек.


🌝Витамин D'нын функциялары:

🔘 Фосфор-кальций алмашуусун жөнгө салат (фосфор, кальций, магнийдин сиңүүсүн стимулдаштырат)
🔘 Минералдык алмашууну жөнгө салат
🔘 Диабеттин алдын алат
🔘 Тери ооруларына болгон сезгичтикти азайтып, жакшы болуусун тездетет,
🔘 Жүрөк, кан тамыр жана онкологиялык оорулардын алдын алат
🔘 Тукум куучулук функциялары жана бойго бүтүү үчүн өтө маанилүү,
🔘 Иммунитетти жогорулатат
🔘 Калкан бези үчүн зарыл
🔘 Кан уюу реакцияларында керек
🔘 Миелиндин калыбына келишине жардам берет
🔘 Кан басымын жөнгө салууга катышат.


🌝 Витамин D'нын жетишсиздигинин себептери:

🔘 Териде витамин D'нын синтезинин азайышы (күн нурунан коргоочу кремдерди колдонуу, тери пигментациясы, күндүзгү жарыктын кыскарышы, кыш мезгили, булуттуу аба ырайы, түтүн жана башкалар)
🔘 Витамин D камтыган азыктардын жетишсиздиги
🔘 Өт'түн иштешинин начарлашы
🔘 Семирүү
🔘 Жаңы төрөлгөндөр үчүн - эненин сүтүндө витамин D'нын аз деңгээли
🔘 Боордун дисфункциясында 25-0H-D'нын синтезинин төмөндөшү
🔘 Бөйрөк функциясынын бузулушунда 1,25(0H)2D'нын синтезинин төмөндөшү
🔘 Ашказанда тамак сиңирүүнүн төмөндөшү (целиакия, Крон оорусу, муковисцидоз, Уиппл оорусу)
🔘 Кээ бир дары-дармектерди колдонуу (эпилепсияга каршы, стероиддер)
🔘 Уремикалык интоксикация (уулануу)
🔘 Коморбиддик патология (онкология, гиперпаратиреоз, саркоидоз, лимфомалар).


🌝Витамин D'нын жетишсиздигинин белгилери:

🔘 Уйкунун бузулушу
🔘 Көрүүнүн начарлашы
🔘 Көздүн торчосунун дистрофиялык өзгөрүүлөрү жана сезгенүүсү
🔘 Салмактын азайышы
🔘 Иммунитеттин төмөндөшү
🔘 Табиттин төмөндөшү
🔘 Рахит, остеомаляция
🔘 Нерв өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу
🔘 Тестостерондун аздыгы
🔘 "Бактылуулук гормону'нун" (серотонин) түшүшү
🔘 Анемия
🔘 Ооздун ачышып-кычышуусу
🔘 Ихтиоз формасындагы тери өзгөрүүлөрү
🔘 Булчуңдардын дистониясы
🔘 Өтө сасык осурук



🌝Витамин D'ны өз алдынча азырак доза'ларды ичсе болот. Бирок, туура эмес жана 5000ме ашыкча ичүү кооптуу болушу мүмкүн.



🌝Витамин D'ны өз алдынча колдонордон мурда адис менен кеңешиңиз. Сиздин анализиңизге карап, керектүү дозаны тандоо керектелет.


P.s.: Сүрөттө, мага кайрылган кээ бир адамдардын анализ жыйынтыктары. Жалпысынан 95%де ушундай көрүнүш.

🌝 🌝 🌝


🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓

ВИТАМИНДИК ШПАРГАЛКА...

🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓 🍓


💊Витамин A
* Эмнеге колдонулат:
    Тери, сөөк, тиш, тукум улоо жана көздөрдүн жакшы болуусуна пайда.
* Кайдан алсак болот:
    Боор, жумуртка, балык, сүт, сабиз, ашкабак, шпинат, картошка.


💊Витамин B1 (Тиамин)
* Эмнеге колдонулат:
    Тамак-ашты энергия'га айландырганга жардам берет жана мээ'нин жакшы иштешине пайда (гамк, ацетилхолин, серотонин).
* Кайдан алсак болот:
    Соя, дарбыз, помидорлор, шпинат

💊Витамин B2 (Рибофлавин)
* Эмнеге колдонулат:
    Тамак-аштын энергияга айланышына, теринин, чачтын, кандын жана мээнин жакшы иштешине жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Сүт азыктары, эт, жашыл жалбырактуу жашылчалар, устрицалар

💊Витамин B3 (Ниацин)
* Эмнеге колдонулат:
    Тамак-аштын энергияга айланышына жана мээнин жакшы иштешине жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Уй эти, тоок эти, креветкалар, авокадо, жер жаңгак, помидорлор, шпинат

💊Витамин B6 (Пиридоксин)
* Эмнеге колдонулат:
    Кызыл кан клеткаларынын пайда болушуна жардам берип, уйку, аппетит жана маанайды жакшыртат.
* Кайдан алсак болот:
    Тоок эти, тофу, банан, дарбыз, балык, буурчак түрдүүлөр

💊Витамин B7 (Биотин)
* Эмнеге колдонулат:
    Глюкозаны майдалап,тамак-аштын энергияга айланышына жардам берет .
* Кайдан алсак болот:
    Толук дан азыктары, жумуртка, бадам, соя буурчактары, балык

💊Витамин B9 (Фолат)
* Эмнеге колдонулат:
    ДНКнын синтез болушуна жана жаңы клеткалардын пайда болушунда маанилүү
* Кайдан алсак болот:
    Буурчак түрдүүлөр, шпинат, жашыл жалбырактуу жашылчалар, нокот, помидорлор, спаржа

💊Витамин B12
* Эмнеге колдонулат:
    Кызыл кан клеткаларынын пайда болушуна жардам берет, майлуу кислоталарды жана аминокислоталарды майдалайт.
* Кайдан алсак болот:
    Сүт азыктары, үй эти, канаттуулар, балык, жумуртка

💊Витамин C
* Эмнеге колдонулат:
    Антиоксидант катары таасир кылат, иммундуу системаны жаушыртат жана жаңы клеткалардын пайда болушуна жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Жемиштер жана жемиш ширелери, калемпир, брокколи, помидорлор, шпинат, лимон

💊Витамин D
* Эмнеге колдонулат:
    Фосфор жана кальций аркылуу сөөктөрдүн жана тиштердин өсүшүнө жана түзүлүшүнө жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Жумуртканын сарысы, семиз балык, боор, күн нуру

💊Витамин E
* Эмнеге колдонулат:
    Антиоксидант катары таасир кылып, клетка мембраналарын турукташуусуна жардам берет
* Кайдан алсак болот:
    Жаңгак, авокадо, тофу, бүтүн дандуулар, уруктар

💊Витамин K
* Эмнеге колдонулат:
    Кандын уюшуна керек жана кандагы кальцийдин деңгээлин жөнгө салууга жардам берет.
* Кайдан алсак болот:
    Брокколи, брюссель капустасы, боор, жашыл жалбырактуу жашылчалар.


🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬

Керектүү витамин-минералдарды организмге толук жеткире албай, ар кандай заманбап кошулмалар кошулган жеңил тамактын көрүнүшүнө, даамына, жытына алданып, пайда-зыянын ылгабай жеп калдык.

🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬



Сезимдер жана анализдериңдин негизинде, апатия, стресс, депрессия, уйкусуздук, чарчоо ж.б.у.с. туура эмес акыбалдан арылып, кубаттуу, күчтүү, аракетчил, чечкиндүү, ар дайым алдына умтулуучу, жеңүүчү болууга алып баруучу ыкмалар жана витамин-кошулмалар жөнүндө жеке конституцияда айтып беремин.


🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬 🧬


🌐 @akjolboston

🌐 +996773773733

🌐 Akjol Boston

🌐 @akjolboston

🌐 @akjol_boston


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
   🔥 🔥 🔥 🔥 🔥 🔥 🔥 🔥

Көпчүлүк балдар 40 жашка чыкса да "Эркек"-деген статуска жетпей жүрө беришет.


Кантип?...

Эмне үчүн?...


   Жашоосунда "Атанын" болбогону, туура эмес тарбия, билим берүү системасы, кинематография жана адабият аркылуу түшүнүктөрдү бурмалоо - себеп болот.

   Жыйынтыктап айтканда - бул дүйнөгө алып келишти, бирок "Эркек" болуунун кандай экенин эч ким түшүндүргөн да, көрсөткөн да эмес.

   Кантип, өзүңдүн ичиңдеги өзөгүңдү, камырабаган бекем зоодой кылып тарбиялайсың?

   Алгач, "Чыныгы эркек" кандай болушун,  ал кандай сыпаттар менен аныкталышын билели.

   Андан кийин гана өзүбүздү тарбиялоо рецептин түзө алабыз....

  Балким, эркек болуу - бул, жөн эле көп акчалуу, чоң булчуңдуу, харизма'бы, сулуу көрүнүүбү же кымбат унаа менен акыркы үлгүдөгү айфон'бу?

   Чындыгында, анын жообу мурда эле аныкталган, бирок көпчүлүгүбүз түшүндүрүп айта албасак да, сезебиз.
  

   Кыскача тизмектегенде, эркек болуу бул:

➡️   Эрк.
Кыйынчылык жана азгырыктарга карабай, өзүнүн тандоосуна аракет кылуу.


➡️   Максаттуулук.
Ички-сырткы таасирлерге карабастан, коюлган максаттарга карай алып баруучу, ар кандай жолдорду изденүүгө көңүл коюу.


 ➡️  Өзүңдүн жумушуңа берилгендик.
Өзүңө жана Жаратуучуга кызмат кылуу менен бирге, жашоодогу артыкчылыктарды туура тандап, маанисиз иштерге алаксыбай, өз миссияңды (жумушуңду) мыкты аткаруу.


➡️   Ар дайым "Өзүңдүн Эң Мыкты Версияң" болууга умтулуу.
Ички дүйнөңду таанып, жашынган күчүңдү табып, эң жакшы адам болууга умтулуу.


➡️   Ой-жүгүртүү, чечим жана аракеттерде көзкарандысыз болуу.
Кимди угуп, кимди ээрчип жана эмне кылууну өзүң чечип, өзүң тандоо.


➡️   Гормондор жана нейромедиаторлордун туура иштешин контролдоо.
Эркектик мүнөзгө чоң таасир кылуучу андрогендик (эркектик) гормондорду туура иштетип, эмоционалдык интеллект жана эркектик энергияны сезе билүү .


➡️   Денеңе "Чыныгы Эркек" экениңди далилдөө.
Ар дайым кыймылда болуп, денеге физикалык нагрузка берип туруу. Денебиз эркек экенине ишенсе, эркеке тиешелүү бардык функциялар өз ордунда иштешин билүү.


   Эми бул сыпаттарды кантип бекемдеп, кантип адатка айландырабыз?


  
Аны жеке өзүңө, жеткиликтүү, жеңил жол менен айтып жана көрсөтүп берем.




➡️   Даяр болсоң - жекече, өзүң
менен, купуя
иштешүүгө чакырамын
◀️


  
Даяр болбосоң, анда бул жашоого эркек болуп келип, бирок "Чыныгы Эркек'тиктин" даамын сезбей кете бересиң...




➡️ Кетэ бересиң... ◀️
👣

🟣 🟣 🟣


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
💠 ЭРКЕКТЕРДЕ 💠
💠"ЭРКЕКТИК СЫПАТТЫН" 💠
💠ГЛОБАЛДЫК ТҮШҮҮСҮ. 💠


🔵 Эркектердин физикалык жана эмоционалдык жактан алсыз болуп калышынын себеби - чөйрөнүн ашыкча ыңгайлуулугунда (комфорт).

🔵 Азыркы учурда, бир нерсени сатып алуу же жасоо үчүн сыртка чыгуу зарылдыгы деле жок, анткени бул үчүн көптөгөн кызматтар бар.

🔵 Жеткирүү кызматы дүкөндөн каалаган буюмуңду, кафеден ар кандай тамакты үйүңө алып келет.

🔵 Үйдөн чыкпай иштеп акча табуунун көптөгөн жолдору бар.

🔵 Дүкөндөрдө жана супермаркеттерде зыяндуу тамак-аштын көптүгү (таттуу, химикат).

🔵 Булар менен катар, алсыздыкты көрсөтүү, ашыкча салмактуулукту жана семирүүнү колдоо пропагандасы да бар.

🔵 Аялзаты үчүн баарына макул болуп, аларга моюн сунган алсыз эркек болуу көнүмүш адатка айланды (подкаблучник).

🔵 Аялзатынын көңүлүн буруу үчүн, алардын айтканын жасоого аракет кылган эркектер көбөйдү (өзүн жана мени алдаганга аракет кылган подкаблучник😀).

🔵 Бул көрүнүш ылайыксыз болсо да, адамдарга өз кызыкчылыгында "Жок"-деп айтуу, эркектерге ыңгайсыз болуп калды (ыйманды жамынган алсыз эркектин сыпаты).

🔵 Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согушта көптөгөн эркектер каза болгондуктан, балдарды апасы, чоң энеси жана таежелери "Эркектик сыпатсыз" тарбиялашкан. Апалар балдарды тарбиялоодо атанын ролун алышып, өздөрү да эркектей орой болуп калышкан. Натыйжада "Эркек-Аталык" тарбиясыз чоңойгон көптөгөн эркектер өсүп, эркектик сыпатты акырындап жоготушту.

🔵 Мурда тестостерондун (эркектик гормон) орточо деңгээли 30 нм/л жогору болсо, азыр орточо деңгээли 10-15 нм/л түзөт. (Медицинада эң ылдыйкы көрсөткүчтө да "Эркексиң"-деп айта берет)

🔵 Буларга окшогон көптөгөн факторлор, эркектердин "Чыныгы Эркектик Сыпатын" жок кылууда.

🔵 21-кылымдагы ыңгайлуулук (комфорт) чегине жеттип, "Эркектер" спорт жана активдүү иш-аракеттер менен көп алектенбей калышты.

🔵 Биз, азыркы мезгилде, адамзат тарыхындагы эң ыңгайлуу жана коопсуз мезгилде жашап жатабыз.

🔵 Бир жагынан алганда, биз жашоонун бардык тармактарында эң жогорку прогресске жетиштик. Экинчи жагынан, адам тарыхында, бул "эң алсыз эркектердин" пайда болуусуна алып келди.

🔵 Жаңы технологиялар дүйнөнү 180 градуска өзгөрттү.

🔵 Анткени адамдар смартфондордо жана компьютерлерде көбүрөөк убакыт өткөрүп, тирүү баарлашуу - санарипке алмашты да, эркектердин жана аялдардын ден соолугуна абдан терс таасирин тийгизе баштады...



"Эркек - эркектей, аял - аялдай болууга, чындап жана туура аракет кыла турган мезгил келди."





🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣


"Өзүңдүн Эң Мыкты Версияң бол"


🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣 🟣


‼️Мурундун бүтүшү...‼️


   🫥Денедеги өнөкөт сезгенүүнүн (хроническое восполение) азайуусу - бул, ден соолукту колдоонун жана узак жашоонун эң маанилүү принциптеринин бири.

   🫥Ашказандын туура иштеши, тиштердин бекемдиги, тулку бойдун пайдасы жөнүндө көп эле сөздөр айтылган - бирок, мурундун бүтүшү биздин жашоого кандай таасир берерин эч ким айткан эмес...

  🫥Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мурундун бүтүшү: сезимдерге, ой жүгүртүүгө, депрессияга жана тынчсыздануу ооруларына алып келет...

   🫥Мындан сырт: мээде туман көбөйүп, ой топтоо, иштермандык азайып, концентрация жоголуп, хронический чарчоо болот...
   Ой чачырап, руминация жана фантазиялар көбөйөт...


  
Риносинусит - канчалык катуу болсо, мээдеги нейрондордун активдүүлүгү ошончолук күчтүү болот...


 
  😪P.s.: Бизге анчалык деле маанилүү сезилбеген симптом. Бирок, ал тагдырдын өзгөрүшүнө таасирин тийгизип жатат...
  

Сезим→Эмоция→Ой-жүгүртүү→Чечим чыгаруу→Тагдыр...



🌑 🌒 🌓 🌔 🌕 🌖 🌗 🌘


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📖📖📖📖📖📖📖📖📖📖📖📖📖📖📖

Китеп окуу - жөн гана кызыгуунун түрү эмес, бул көз караштын кеңейүүсү жана дүйнөнү терең түшүнүүнүн жолу.


"Китеп окугандар, тик-ток көргөндөрдү башкарат".
(с)


Электрондук китептер бул жакта


Эркек болуунун эң жакшы жери - бул, сенин эч нерсесиз төрөлгөнүң.


"Ким" болууну өзүң тандайсың...

Өзүң каалаган "Каарманды" жаратасың...

Өзүң "Каалагандай" бай, акылман жана тайманбас боло аласың...

Сен эл алдындагы баатыр боло аласың...

Дүйнөгө таасир кылып, тарыхта кала аласың...

"Башкы каарман" болуп жашайсыңбы же "эптеп эл катарыбы?", өзүң чечесиң...


Өзүң "ТАНДАЙСЫҢ"..

Кандай болушун, сен күнүмдүк аракеттериң менен чечесиң...

Убакытты кантип өткөрүүнү, өзүң чечесиң...

Каалаганыңды кабыл алып, каалагыңды кыла аласың...

"Эркектин жашоосуундагы кооздук" ушунда..

Булардын баары, толугу менен сага көз каранды...


Ушуларды "Жан дүйнөң менен, жүрөгүңдүн тереңинен" түшүнгөнүңдө, азыр "КИМ" экениңди эч качан актай албайсың...

"АРАКЕТ" сенин тандооң...


"Өзүңдүн эң мыкты версияң" болуу, сенин тандооң...


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
🏆 🏆 🏆

Өзүңдүн тармагыңда эң мыкты бол


Жеңүүгө даяр бол:
  
Ордуңда отурбай, тытынып иштөө үчүн - мүнөзүңдү бекемде!
Ичиндеги жалкоолук менен алсыздыктын калдыктарын өлтүрүп сал!

Жумушту сүй, акчаны эмес!

Ырахаттанып жасай турган иш менен алек бол!
Өзүңдүн ишиңе бөлгөн убакыттын, ар бир секундасын жыргалчылык менен өткөр!


Күн сайын өнүгүү!

Эч качан токтобо!
Ар дайым токтоосуз өскөнү аракет кыл!


"Ийгилик сенин колуңда!


🏆 🏆 🏆


🟢

➡️ЖАҢЫ КАТТАЛГАНДАРГА◀️

    
  🔵  Канал боюнча НАВИГАЦИЯ:


🟣 Маанилүү маалымат.

🟣 Жеке консультация👇



🟣 Иштешүү үчүн
(Партнёрка, Сотрудничество, Реклама)


🟣 Партнёр'дук программалар. Акциялар. Бонустар. Белектер

🟣 Ачык каналдар⬇️

➡️ Будьте здоровы

➡️ Sigma - спорт

➡️ Самодисциплина. (ру)
Лучшая методика по укреплению силы воли и самодисциплины.


🟣 Китепкана
(электрондук китептер)


🔴СпортФарма - онлайн магазин


Консультация, жекече иштешүү, жабык каналга катталуу үчүн:

Телеграм: +996773773733
@akjolboston
- "Өзгөрүүгө даярмын!"
- "Мага керек!"
- "Баарын жасаймын!" - деген, дымактуу (амбицияозный) адамдар менен гана иштеймин.




"Чыныгы өзгөрүүнү" - Азап тартып, кыйналбагандар түшүнбөйт! (с)


💲Убактылуу, чектелген акция:💵

   Мени досуңа сунушта - ал мага төлөм кылса 10% сеники.
  
Бул "жеңил акча табуу кызыкчылыгы" эмес.
   Бул, досуңа каалаган жакшылыктын негизинде, ага баштапкы маалыматты туура жеткизгениңдин акысы.


Убактылуу, чектелген акция:↓

   Мени досуңа сунушта - ал мага төлөм кылса 10% сеники.
   Бул "жеңил акча табуу кызыкчылыгы" эмес.

   Бул, досуңа каалаган жакшылыктын негизинде, ага баштапкы маалыматты туура жеткизгениңдин акысы.


Консультация, жекече иштешүү, жабык каналга катталуу үчүн:

🌐 @akjolboston ◀️

🌐 +996773773733◀️

🌐 @akjolboston ◀️


Κүⲙөндүн ⲙ϶϶ңᥱ κᥙρᥙɯᥙнᥱ ϶ч κᥲчᥲн ж᧐᧘ δᥱρδᥱ☝️


Ⳝυⲣ ⲥⲉⲕⲩⲏⲇⲁⲅⲁ ⲇⲁ, ⲧⲁⲕыⲣ ⲯⲟⲗ ⳝⲉⲣⳝⲉ!...


Κүⲙөн = ᥙɯᥱнᥙⲙдᥙн ж᧐κᴛуᴦу...

Бᥙρ ᥴᥱκундᥲ᧘ыκ ᥙɯᥱнᥙⲙдᥙн ж᧐κᴛуᴦу, ᥴᥱнᥙ ᥲ᧘ᥴыᤋдыκᥲ жᥲнᥲ жᥱңᥙ᧘үүᴦө ᥲ᧘ыᥰ κᥱ᧘ᥱᴛ...

"Жᥱңүүчү" δ᧐᧘уɯуңᥲ ᥙɯᥱнδᥱᴦᥱнᥙң, ᥴᥱнᥙн жᥱңᥙ᧘ᴦᥱнᥙң...

Ⲁң ⲥⲉⳅυⲙυң - сенин ⲡⲁύⲇⲁңⲁ гана υⲱⲧⲉⲥυⲏ...

🧠


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Сенин жашооңдогу сыноолор, сендеги "Чоң күчтүн" чыгуусуна себеп болот.


Туруктуу жана бекем бол!


 
  Ошондо сен, "ички күчүңдү" өстүрүп, сенин потенциалыңа туура келген бардык каршылыкты жеңип өтөсүң...

"Мен жеңүүчүмүн!"...
"Мен жетүүчүмүн!"...
"Мен күчтүн ээсимин!"...
"Менин колумдан келет!"...
"Мен аламын!"...
"Мага уруксат!"...
"Мен жашоомдун ээсимин!"...
"Мен эркекмин!"...
"Мен чыныгы ЭРКЕКМИН!"...
"Мен азыркы мезгилде жашаймын!"...
"Мен эмоциямды башкара аламын!"...
"Мен Аллах менен байланыштамын!"...




Акыркы 100 жылда, эркектерде өтө коркунучтуу өзгөрүү байкалууда.

Чынында, билинбестен, акырындык менен эркектерде аялдык сыпаттар күчөп баратат.


Тестостерон (эркектик гормон) түшүп, туура иштебей, эрк, энергия жана алдына умтулууга кызыгуу жоголуп калгандай...

100000 эркекти изилдөөнүн жыйынтыгында, 2006 - 2019 жылдар арасында, эркектерде тестостерон (эркектик сыпат) көрсөткүчү 20% түшкөнү тастыкталган.


2019-жылы 22 жаштагы эркектердин тестостерону, 2006-жылы 37 жаштагы эркектердин тестостеронундай болгон...



Изилдөө



"Сыртың эркектей, ичиң аялдай" болгондон тажасаң...


Тестостерон'у туура иштеген "Чыныгы Эркек Сыпаттуу" болууну кааласаң...


Өзгөрүүнүн жолун таппай жүрсөң...


📞📞

20 last posts shown.