Ислам дини


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian
Category: Religion


Жакшылыкка багыт көрсөтүүчү - аны аткаргандай эле соопко ээ болот!(Хадис)
Тандалган хадистер👇
@tandalgan_hadister
@alymbeck @amanatm99

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Category
Religion
Statistics
Posts filter


https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F


{ إِنَّ الْمُسْلِمِينَ وَالْمُسْلِمَاتِ وَالْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ وَالْقَانِتِينَ وَالْقَانِتَاتِ وَالصَّادِقِينَ وَالصَّادِقَاتِ وَالصَّابِرِينَ وَالصَّابِرَاتِ وَالْخَاشِعِينَ وَالْخَاشِعَاتِ وَالْمُتَصَدِّقِينَ وَالْمُتَصَدِّقَاتِ وَالصَّائِمِينَ وَالصَّائِمَاتِ وَالْحَافِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَالْحَافِظَاتِ .!}
:Мааниси
„Ырасында, мусулман эркектер жана мусулман айалдар, момун эркектер жана момун айалдар, мойун сунуучу эркектер жана мойун сунуучу айалдар, чынчыл эркектер жана чынчыл айалдар, сабырдуу эркектер жана сабырдуу айалдар, ыкластуу эркектер жана ыкластуу айалдар, садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү айалдар, орозо кармоочу эркектер жана орозо кармоочу айалдар, уйаттуу жерлерин (арамдан) сактоочу эркектер жана уйаттуу жерлерин (арамдан) сактоочу айалдар",!
[Сура Аль-Ахзаб: 35


اللّهُمـَّ آرزُقنآ حُـسنَ الخَآتِمة

Бүгүнкү дуба 📖⬇️

АЛЛОХУММА-РЗУКНАА ХУСНА-ЛХОТИМА 🤲

Оо АЛЛАХ БИЗГЕ ЖАКШЫ БҮТҮРҮҮ БЕР(ЖАКШЫ ӨЛҮМ БЕР, жакшы ниет менен жакшы абалда таза, адал абалда болгонубузга гана өлүм келсин )


☺️Ассалааму ьалайкум уа рохматуллоохи уа барокатуху!

💎 Зам-зам суусун ичуу жана козду жуу зээнди ачат.

💎 Мулктун баары Аллахка таандык. Жада калса ата-эне, жубай, бала-чака . Баары...

💎 Кандай учур болбосун такыбачылыкты карманууга аракет кылуу керек.

💎 Суйлогон созун - алтын болсо, суйлобой койсон - алмаз.

💎 Эч бир адам Аллахтан алыс болуп туруп, Анын жакшылыгына ээ боло албайт.

💎 Хадис: " Силердин жакшынар - аны менен адамдардын мамилеси жакшы болгону".


Карыз алган адам окуй турган дуба.

اللَّهُمَّ اكْفِنِي بحَلالِكَ عَنْ حَرَامِكَ، وَأَغْنِنِي بفَضْلِكَ عَمَّنْ سِوَاكَ».

"Аллоохуммакфинии бихалаалика ан хароомик, уа агниинии бифазлика ъамман сиваак"

Мааниси: "Оо, Жараткан! Мага адал жол менен мал - мулк ыроолой кор... Мени арам нерселеринден алыс кыла кор... Мага тугонбос казыналарындан ыроолой кор... Эч кимге муктаж болбоюн" (Тирмизи).


Немного юмора вам 😂❤️

Сафийюддин аль-Хинди сказал:

«Однажды я нашёл на базаре книг одну книгу, написанную почерком ужаснее моего почерка как я думал. Я заплатил достаточно большую цену за неё, чтобы доказать тем, кто меня упрекал за то, что у меня самый ужасный почерк. Когда я вернулся домой с книгой оказалось, что это одна из книг написанных мною уже давно».

وجدتُّ في سوق الكتبِ مرَّةً كتاباً بخطٍّ ظننتُه أقبحَ من خطِّي، فغاليتُ في ثمنه واشتريتُه لأحتجَّ به على من يدَّعِي أنَّ خطِّي أقبحُ الخُطُوط، فلما عدتُ إلى البيتِ وجدتُّه بخطِّي القديمِ

▪️«аль-Мухтаруль-масун» 1/200


✏️✏️Садака – балээден сактайт жана байлыкты көбөйтөт✏️✏️

📕Садака – Исламда эң сооптуу амалдардын бири. Ал жамандыктарды кайтарат, балээлерден сактайт жана байлыкты көбөйтөт. Төмөндө бул тууралуу Куран аяттары, хадистер, аалымдардын сөздөрү жана болгон окуялар берилет.

📕📕Куран аяттары📕📕

Садака байлыкты көбөйтөт
1️⃣
يَمْحَقُ اللَّهُ الرِّبَا وَيُرْبِي الصَّدَقَاتِ ۗوَاللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ كَفَّارٍ أَثِيمٍ
(البقرة: 276)

“Аллах өсүмдү жок кылат, ал эми садаканы (байлыкты) көбөйтөт. Аллах кыянатчы, күнөөкөр адамды сүйбөйт.” (Бакара, 276-аят)

✅ Бул аятта Аллах садака берген адамдардын байлыгын көбөйтүп, берекесин арттырарын убада кылган.

Садака балээден сактайт

2️⃣
وَأَنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا تُلْقُوا بِأَيْدِيكُمْ إِلَى التَّهْلُكَةِ
(البقرة: 195)

“Аллахтын жолунда (сараптап) бергиле жана (сарандык кылуу менен) өз колуңар менен өзүңөрдү кыйроого салбагыла.” (Бакара, 195-аят)

✅ Бул аятта Аллах садака аркылуу адамды апааттардан жана жаман нерселерден сактай турганын көрсөткөн.

📕📕Хадистер📕📕

Садака балээден сактайт
1️⃣قال النبي ﷺ: داوُوا مرضاكُمْ بِالصَّدقةِ
(الطبراني)

“Оорулууларды садака менен дарылагыла!” (Табарани риваяты)

✅ Эгер адам ооруп калса же бир балээге кабылса, садака берүү анын шыпаа табуусуна себеп болот.

2️⃣قال النبي ﷺ: الصَّدقةُ تُطفِئُ الخطيئةَ كما يُطفِئُ الماءُ النَّارَ
(الترمذي)

“Садака – күнөөнү өчүрөт, суу отту өчүргөн сыяктуу.” (Тирмизи риваяты)

✅ Күнөө – адамга балээ алып келүүчү себептердин бири. Эгер садака берсек, Аллах күнөөлөрдү кечирип, жамандыктардан коргойт.

Садака байлыкты көбөйтөт
3️⃣قال النبي ﷺ: ما نقصتْ صدقةٌ من مالٍ
(مسلم)

“Садака берүү менен байлык азайбайт.” (Муслим риваяты)

✅ Адам канчалык садака берсе, Аллах анын байлыгын ошончолук арттырат.

4️⃣قال النبي ﷺ: إن الصدقةَ لا تزيدُ المالَ إلا زِيادَةً
(أحمد)

“Чындыгында, садака байлыкты көбөйтүүдөн башка нерсеге алып келбейт.” (Ахмад риваяты)

✅ Бул хадис – Аллах садака берген адамдын мүлкүн көбөйтө турганын убада кылган далил.

📕📕Аалымдардын сөздөрү📕📕
1️⃣Имам Ибн (рахимахуллах):
“Садака – дубанын кабыл болуусуна себепчи жана балээни кайтара турган эң күчтүү себептердин бири.”

✅ Бул сөз садака адамды күтүлбөгөн кырсыктардан сактай турганын көрсөтөт.

2️⃣Имам Шафии (рахимахуллах):
“Канча деген адамдар бар – садака берип, байлыгы артып, узак жашады. Канча дегендер бар – садакадан сарандык кылып, жутам деп, жок болду.”

✅ Бул сөз садаканын береке жана узак өмүр алып келерин далилдейт.

📕📕Чыныгы окуялар📕📕

1️⃣Өлүмдөн куткарган садака

Бир сахабанын уулу ооруп калат. Ал Пайгамбарга ﷺ келип, эмне кылууну сурайт. Пайгамбар ﷺ ага:
“Садака бер, Аллах уулуңду айыктырат” – дейт.
Ал адам кедей болчу, бирок бары-жогу менен садака кылат. Бир нече күндөн кийин уулу сакайып кетет.

✅ Бул окуя садака ооруларга шыпаа боло турганын далилдейт.

2️⃣Байлыкка жеткирген садака

Имам Ахмад ибн Ханбалдын доорунда бир соодагер бар болчу. Ал бир күнү садака берип жатып:
“Аллахым, байлыгымды көбөйт!” – деп дуба кылат.
Арадан бир нече күн өтүп, ага чоң соода келишими сунушталат. Натыйжада ал чоң байлыкка ээ болуп, дагы да көп садака кыла баштайт.

✅ Бул окуя садака берүү байлыкты арттырарын тастыктайт.

3️⃣Кырсыктан сактаган садака

Бир киши жолдо баратканда, бир кемпир садака сурайт. Ал анча-мынча тыйын берип, жолун улайт. Кийин ал жолдо бир чоң бакты кыйрап түшүп, анын жанына аз эле жерге кулайт. Ал адам таң калып:
“Бул мени өлүмдөн сактаган садака болсо керек” – деп коет.

✅ Бул окуя садака күтүлбөгөн кырсыктардан сактай турганын далилдейт.

📕📕Жыйынтык📕📕
1️⃣Садака балээлерден жана оорулардан сактайт.
2️⃣Садака байлыкты кемитпейт, тескерисинче көбөйтөт.
3️⃣Садака берүү Аллахтын ыраазылыгына жеткирүүчү жолдордун бири.
4️⃣Аалымдар жана тажрыйбалар садака берген адамдардын өмүрү узун, жашоосу берекелүү болоорун тастыкташкан.

📌Аллах бардыгыбызды садака берип, соопко жеткендерден кылсын!

Башкаларга жөнөткөндү унутпаңыз!

https://t.me/beyishke_jol


Forward from: •ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚
Жер титироодо окулуучу дуба:

Аллахумма инни ас'алука хойроха ва хойро ма фиха ва хойро ма урсилат бихи ва а'узу бика мин шарриха, ва шарри ма фиха ва шарри ма урсилат бихи!

Мааниси:. Оо,Аллахым! Мен Сенден анын жакшылыгын жана андагы нерселердин жакшылыгын жана аныс менен жиберилген нерсенин жакшылыгын сураймын . Жана Сени менен анын жамандыгынан,андагы жамандын зыяндыгынан жана аны мн жиберилген нерсенин жамандыгынан сактанамын.

𝓘𝓵𝓲𝓶 𝓚𝓪𝓫𝓪𝓻𝓬𝓱𝔂✒️
•-------•𖧷••❀••𖧷•-------•.


📌БАГЫМДАТ НАМАЗЫН ЖАМААТ МЕНЕН ОКУГАНДАРГА СҮЙҮНЧҮ КАБАРЛАР

• Кыямат күнү толук нур берилет.
• Багымдаттын 2 рекет сүннөтү дүйнө жана андагы бардык иштерден жакшыраак.
• Мечитке баруу үчүн койгон ар бир кадамына сооп берилет.
• Периштелер күбө болушат.
• Тозок отунан куткарылат.
• Алланын жамалын көрүү насип болот.
• Тахажжуд намазынын сообу берилет.
• Периштелер дуа кылышат.
• Ажылык жана Умранын сообу берилет.
• Аллахтын коргоосунда жана кепилдигинде болот.


📌ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ﷺ АНЫН КОЛУНАН КАРМАП БЕЙИШКЕ КИРГИЗЕТ

Миндар (р.а) айтат: «Мен Пайгамбарыбыз (с.а.в)дан укканмын: кимде-ким эртең менен бул дубаны окуса, мен анын колунан кармап бейишке киргизүүгү жоопкерчилигиме алам.
(Мажмаъ 2/126)

رَضِيتُ بِاللَّهِ رَبًّ و بِالإِسْلَامِ دِينًا و بِمُحَمَّدٍ نَبِيُّ

Окулушу:
«Родийту биллаахи Роббан ва бил ислаами дийнан ва бимухаммадин набиййан».
(Тибрани, Тирмизи)


“Айт! Бул менин жолум: Аллага илимдин негизинде чакырамын”.
Йусуф 108.

“Дал ошолор жакшылык иштерге шашылып, бири-бири менен (жакшылыкта) жарышышат”.

Муьминун 61.

“Ким бир жакшы ишке себепчи болсо, аны жасагандай соопко ээ болот”.

Муслим 1893.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: “Менден бир аят болсо да жеткиргиле!”

Бухарий 3461.

Урматтуу катталуучулар! Сизге жеткен аят же хадис болсо, башкалар менен бөлүшүп сооптуу ишке көмөктөш болуңуз✨.


https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F

Ассалааму ъалайкум уа рахматуллахи уа баракатуху!

Урматтуу мусулман бир туугандар, акыркы күндөрү никабка байланыштуу чектөөлөр жөнүндө кабарлар бизди кабатыр кылып жатат. Никаб – бул мусулман аялдардын динге болгон берилгендигин жана уяңдыгын билдирген ибадат формасы. Ал Куран менен сүннөттөгү принциптердин бири болуп, адамдын Аллахка болгон жакындыгын жана жашоосунда тазалыкты көрсөтөт.

Эгер мындай тыюулар болуп жатса, биз төмөнкүлөргө көңүл бурушубуз керек:

1. Сабырдуулук жана доо кылуу:

Мусулман адам ар бир кыйынчылыкта сабыр кылып, Аллахка болгон ишенимин бекемдеши керек. Мындай жагдайларда адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн акылдуулук жана жумшактык менен доо кылуу маанилүү.



2. Оңой жана түшүнүктүү түшүндүрүү:

Никабдын максатын жана маанисин түшүндүрүү үчүн туура мамиле жасоо керек. Бул коомдо мусулмандардын туура түшүнүлүшүнө жардам берет.



3. Көп дуба кылуу:

Аллахтан жардам сурап, дуба кылуу ар бир мусулман үчүн эң негизги күч. Кыйынчылык учурунда дуба – руханий жардамдын эң маанилүү жолу.



4. Коомго пайда алып келүү:

Коомдо мусулман айымдардын билимдүүлүгүн, акылдуулугун жана сыймыктуу жүрүм-турумун көрсөтүү аркылуу исламдын сулуулугун чагылдырса болот.




Мындай учурларда биз сабырдуу болуп, биримдикте аракет кылсак, Аллахтын жардамы менен бардык маселелерде жеңишке жетишебиз. Аллах бизге туура жолду көрсөтүп, өзүнүн коргоосу менен сактап жүрсүн!


*Сүйүктүү Муслима айымдар!*

Көпчүлүктүн сурануусу боюнча "Намаз жана ибадаттагы өзгөчө маселелер" темасы.

https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F




Аллохумма солли уа саллим ъаля сайидина МУХАММАД уа ъаля аалихи уа сохбихи ажмаъин 🌹#салават

РОББАНАА ААТИНАА ФИД-ДУНЬЯ ХАСАНА УА ФИЛЬ-ААХИРОТИ ХАСАНА УА КЫНАА АЗААБ-АН-НААР 🤲🏼#дуба

Жума маарек болсун 🤍 КҮНҮҢҮЗ САЛАВАТКА ТОЛСУН.

АЛ-КАХФ СҮРӨНҮ ОКУЙБУЗ 📖
ДУБА КЫЛАБЫЗ 🤲🏼
САЛАВАТ АЙТАБЫЗ 📿

ИЧКИ(ой, ниет максат) жана сырткы (гусул, мисвак, тырмак, үй,кийим...) ТАЗАЛЫКТЫ КАРАЙБЫЗ.

ТИЛИҢИЗДИ УШАК АЙТЫП.
КУЛАГЫҢЫЗДЫ ЖАМАН НЕРСЕ УГУП.
КӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАМАН НЕРСЕ КӨРҮП -КИР КЫЛБАҢЫЗ. АМАНАТТЫ ТАЗА САКТАҢЫЗ.

https://youtu.be/oEkJT7RLXwo?si=yf_yV8D7QMIdfU49
Шейх Ахмад Шарифтен ИЛИМ АЛУУЧУЛАРГА НАСААТ⬆️
1. ЧЫН ЫКЛАС. АЛЛАХ ҮЧҮН ОКУУ. АЛЛАХ ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН.
2. САБЫР КЫЛУУ
3. АРАКЕТ




ХАДИС




عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللِه رَضِيَ اللُه عَنْهُمَا أَنَّ النَّبِيِّ صَلَّي اللُه عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ : لاَ تَعَلَّمُوا الْعِلْمَ لِتُبَاهُوا بِهِ الْعُلَمَاءَ وَ لاَ تُمَارُوا بِهِ السُّفَهَاءَ، وَلاَ تَخَيََّرُوا بِهِ الْمَجَالِسَ فَمَنْ فَعَلَ ذَلِكَ ، فَالنَّارُ النَّارُ . رواه ابن ماجه، باب الإنتفاع بالعلم و العمل به، رقم: ٢٥٤.






Жабир бин Абдуллах р.а дан риваят: Пайгамбар с.а.в айтат:" Илимди, аалымдардан жогору болуу үчүн , акылсыздар менен талашып - тартышуу үчүн , тегерегиңерге адамдарды жыйноо үчүн , албагыла ! Ким ушул максаттарда алса , ал үчүн от жана от болсун ".




💔


🦋🌹🥰🦋🌹🥰🦋🥰🌹

*Атым өчөт, бул жалгандан өтсөм мен*,
*Калсын дейм, бул жалганда көз ирмем*.

*Оо, Жараткан кабыл кылда таштаба,*
*Сен кабыл кылсаң, эч ким мага баш паана.*

*Канча кылбайм деп, кылдым наадана*,
*Сабыр ырайымыңды таптым ар даана*

*Жийиркенемин жоорук кылыгыма*,
*Аттиң деп өкүнөмүн аягында*.

*Айбан кылбаганды кылдым мен ашыра,*
*Чектен чыктым, күнөөкөр болдум астыңда.*

🥰🌹🦋🥰🌹🦋🥰🌹🦋

Пендең бойдон калсам ниет, максатым,
Жеткире көр алсыз пенде максатына.

Баш баанек тилеп, сага кайтамын,
Сенден башка эч кимисин таппаймын.

Ырайымың акыйкат деп ишенем,
Ырайым кылат деп үмүт сүрүп жашап келем.

Бир сөзүңдө айттың сен момундарга,
Ырайымымдан кур калтырбайм оо, пендем.

Оо Жараткан жашыр мени айыптардан,
Сен айыптарды жашыруучусун, сыр сактаган.

Аракет кылам, колдон келген күчтү жумшап,
Калганын тапшырам сага оо, ырайымдуу Жараткан.



20 last posts shown.