Kaktus.kg


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Биз менен биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктар менен кабардар болуңуз!

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Мектептердин жана бала бакчалардын тосмолорунун бийиктиги 2 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Архитектура жана курулуш агенттиги мындай сунушту жол кырсыктарынан улам берди. Буга кандай дейсиз?
Poll
  •   туура, ошондой кылыш керек
  •   билбейм, башка жолун издеш керек го
4 votes


Түштүк Кореянын Коррупцияга каршы агенттиги импичмент жарыяланган президент Юн Сок Ёльду камакка алуу аракетин токтотту.

Президенттик резиденциянын жанында өткөн миңден ашуун тарапташтарынын митинги камакка алуу ишин татаалдаштырды. Ордерди аткаруу коопсуздук себептери менен токтотулуп, мындан аркы кадамдар боюнча чечим кийин кабыл алынары айтылды.

Юн Сок Ёль козголоң үчүн айыпталып, үч жолу суракка келбей койгону үчүн камакка алуу ордери чыгарылган. Ордер 6-январга чейин күчүндө.


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке борбордун мэриясынын балансындагы 13 коомдук транспортту Балыкчы жана Токмок шаарларынын мэриясына өткөрүп берүү тапшырылды.


2025-жылдын 5-мартынан тартып, Россияда полиция мигранттардын жашаган жайларына кирүүгө укуктуу болот. Бул чаралар миграциянын көзөмөлү алкагында, мыйзамсыз жүргөн же мыйзам бузган чет элдиктерге карата колдонулат.

Полицияга ошондой эле банктардан жана мамлекеттик органдардан мигранттардын каржы каражаттары тууралуу маалымат алуу укугу берилет. Мигранттардын мобилдик телефон даректери жана геолокациясын да текшерүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Бул чаралар Россиядагы миграциялык режимди катаалдаштырууга багытталган. Мигранттарга каршы кабыл алынган чаралар көптөгөн кыргызстандыктарга таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени Россияда иштеп жүргөн кыргыздар көп. Аларга жаңы талаптар жана чектөөлөргө ылайык, өлкөдө болуу шарттарын так кармоо сунушталууда.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Корпоратив, кече дегенди токтотолу”. Ташиев ою менен бөлүштү

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жаңы жыл алдындагы корпопативдик кечелерди өткөрүү боюнча пикирин айтып, мамлекеттик органдарды мындай кечелерди өткөрбөөгө чакырды. Айтымында, кечеге кеткен каражатка муктаждарга батир алып берсе болот.


Муан аэропортундагы авиакырсыктан Түштүк Кореянын тургуну үй-бүлөсүнүн 12 мүчөсүн жана 5 досун жоготту.

Ал туристтик сапарда жүргөндө иш себептери менен башка жакка кетүүгө аргасыз болгон. Кырсык тууралуу угары менен ал ДНК-тест тапшырып, жакындарын издөө үчүн Түштүк Кореяга кайтып келген.

Кырсыкта 179 адам каза таап, экипаждын эки мүчөсү гана аман калган. Түштүк Корея бул окуяны тарыхындагы эң чоң авиациялык трагедия деп атап, 7 күндүк аза күтүү жарыялады.


31-декабрдан 1-январга чейин Кыргызстанда 322 бала жарык дүйнөгө келди: 170 эркек бала жана 152 кыз. Бул аралыкта 56 кесарево операциясы жасалып, көп түйүлдүктүү төрөт катталган жок.

Алгачкы төрөт түнкү саат 00:01де Бишкектеги Перинаталдык борбордо болуп, 3 100 граммдык эркек бала төрөлдү. Ошол эле учурда Ысык-Атада кыз, 00:02де Кара-Сууда 3 735 граммдык эркек бала жарык дүйнөгө келди.

Бишкектеги №2 Перинаталдык борбордо 11 эркек жана 11 кыз төрөлүп, гендердик теңдик байкалды. Жаңы жыл тынч өтүп, энелерге жана ымыркайларга зарыл болгон жардам көрсөтүлдү.


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 31-декабры жана жаңы жыл түнү республикада олуттуу укук бузуулар жана кылмыштар катталган жок.

Майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти камсыздоо үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеди. Эл көп чогулган жайларда коопсуздук чаралары көрүлүп, милициянын посттору коюлду.

Жаңы жылды тосуу күндөрү 15 миңден ашык кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздады. ИИМ майрамдарды тынч өткөрүүгө салым кошкон бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.


🎉 Жаңы жылыңыздар менен, сүйүктүү окурмандар! 🎉

Kaktus.kg редакциясы сиздерди жаңы 2025-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Өткөн жыл ар бирибиз үчүн өзүнчө сыноолорду, кубанычтарды жана жетишкендиктерди тартуулады. Биз сиздер менен бирге бардык маанилүү жаңылыктарды бөлүшүп, акыйкат жана ишенимдүү маалыматты жеткирүүгө аракет кылдык.

✨ Жаңы жылда сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, зор ийгиликтер жана жаркын күндөрдү каалайбыз! Тилектер кабыл болуп, ар бир күнүңүздөр жакшы жаңылыктарга толсун.

Биздин жаңылыктарды окуп, ишеним артып турганыңыздар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз. Жаңы жылда да сиздер менен бирге болуп, сиздерди эң маанилүү жана кызыктуу маалыматтар менен кубанта беребиз!

Сүйүү жана сый менен,
Kaktus.kg редакциясы 💚


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бул окуя боюнча маалымат Биринчи Май РИИБине катталып, текшерүүнүн жыйынтыгында аялдардын биринин өздүгү аныкталды. Ал 1984-жылы туулган А.С. аттуу жаран болуп чыкты. Ага Административдик укук бузуулар кодексинин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протокол түзүлдү.

Аял Биринчи Май райондук сотуна жеткирилип, сот аны 5 500 сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Учурда экинчи аялдын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатат, тиешелүү чаралар кийинчерээк көрүлөт.




2024-жылы Bird Photographer of the Year (BPOTY) конкурсу жыйынтыкталып, дүйнөнүн ар тарабынан келген фотосүрөтчүлөрдүн эң сонун сүрөттөрү көрсөтүлдү. Конкурска миңдеген сүрөттөр келип түшкөн, алардын ар бири куштардын ар түрдүү абалдардагы кооздугун чагылдырган.


Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде акча чогултууга тыюу салынды. Бул аракеттер үчүн жоопкерчилик каралган. Ошондой эле ички иштер органдарына мыйзамсыз чогултуу иштерин кароо жана чара көрүү укугу берилди.

Мыйзам балдардын акысыз билим алуу укугун коргоого багытталган.

13 last posts shown.