Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Республикалык инфекциялык ооруканада бейтаптардын чоң кезеги жаралганын окурман билдирди
Муну Саламаттык сактоо министрлиги дагы тастыктап, оорулуулардын саны өскөнүн айтты. Аталган ооруканага кечээ 281 киши кайрылып, 93ү жаткырылган, анын 87си балдар. Мындайча айтканда, 70 пайызы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан консультация алып, үйүнөн дарылана турчу бейтаптар болгону белгиленди.
Мекеме сууктун түшүшү менен курч кармаган вирустук инфекциялык илдеттер көбөйгөнүн, ошондой эле кызамык менен көк жөтөл дагы азая электигин белгиледи. Министрлик инфекциялык оорукана 500 кишиге ылайыкталганы менен учурда 596 адам жатканын (балдардын энелерин кошкондо 1000ден ашат), бейтаптар тынбай түшүп жатканын айтып, кезектерге түшүнүү менен кароого чакырды.
Ошондой эле шаардагыларды катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууну өтүнүштү. Зарылдык болсо алар стационарга жиберишет.