" Эртең дебе"


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Жакшылыктын Ээси болгон Жараткандын жакшылыгына багыт берген, жан дүйнө азгына күч берген өздүк каналыма кош келипсиздер!
Сабыр жакшылыктын,шүгүр берекенин, каниет дөөлөт- байлыктын ачкычы. Ушул үч ачкычты жүрөгүмдүн чөнтөгүнө тумар кыл Йа,Раббым! 🤗

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Forward from: @MPiarBot
Берекелүү 3 айда биз менен бирге болуңуздар.
Сиздер үчүн пайдалуу Диний каналдар топтому, 24- саат боюу сиздердин кызматыңыздарда, катталып пайда алыңыздар 🥰🫶 .


🤲🏻РАББЫМ МЕНИ УНУТКАН ЖОК.

Мен унуткан Раббым мени эч качан унуткан жок. Менин бирден - бир тилегим Рабымдын барлыгын, бирлигин тилим менен айтып, жүрөгүм менен сезип, көөдөнүм менен көрүү эле. Анын  убадасы кандай гана керемет. Ал мындай деди " Ойлонбо эй, Менин алсыз пендем, Мени ичиңден изде. Дартың өзүңдө, дабасы да өзүңдө. Жүрөгүңдү кара, тыңша. Мен бармын, жүрөгүң менен карасаң, Мени көрөсүң, сезесиң, угасың, тааныйсың. Жалгыз башыңа келген кыйынчылыктардан түңүлүп, үмүтүң өчүп, эч бир жарыкты көрбөй, чечими жоктой сени чөктүрүп жатса да эч качан үмүтсүз болбо! Алланын ырайымынан үмүт үзбө - деген сөздөрүмдү эсте! Сага үмүттү берген да, жүрөгүңө үмүттү салганда Өзүммүн. "Ал Фаттаах- Бардык жабык эшиктерди ачуучу" ысмыма таянып, Менден жардам сура. Мен сени менен биргемин." ...

Ар бир үмүт дуба, ишеним менен аракет менен гүлүн ачат. Дуба кылууну токтотпо.

Жаратканым Сага терең ишеним менен байлаган үмүтүбүздүн жарыгын өчүрбө!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Ар бир жылдын, күндүн, сааттардын өзүнө катылган сырлары бар. Жаратканым насибибиздин эшиктерин жакшылыкка толгон кадамдарга кенен ачкын, канча жашаганым эмес, жасаган иштерим менен жүзүм жарык, өмүрүм берекелүү болсун...

Кутман кеч жакшылар, түнүбүз бейпил болсун!😊🤲🏻💖


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ин шаа Аллах ❤️🤲


🤲🏻ЭНЕҢИЗ КЕТТИБИ...

Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам бир күнү Мадинада намаз окуп жатып, Фатиха сүрөөсүнүн " Ар рохмаанир рохиим " деген аятын он беш жолу кайталап эч токтобостон ыйлап дагы да кайталап жатты. Ошондо сахабалар " Йа, Расуулуллоох, сизге эмне болду?" деп сурашканда Ар рохмаанир рохиимди айтканда энесине болгон кусалыгын, мээримин, ырайымын эстеп сагынганын айтып" Эх, кана  эле энем тирүү болгондо, тизелерине  башымды койсом, чачтарымдан сыласа эле " деди...

Билесизби бүгүн мен үчүн өзгөчө саат, өзгөчө күн, өзгөчө бактылуу көз ирмемдер. Анткени бул күн ар бир күнүмдү майрам кылган, энемдин өздүк майрамы. Кимдин энеси тирүү болсо чын жүрөктөн куттуктайм! Ал үчүн үйүнүн эшигине  куттун таалайы, терезесинен сооптун сыйы агып кирип жатканын сүйүнчүлөгүм келет.
Көрсө дүйнөдөгү эң жылуу жер эненин кучагында. Эне бейиштин бир бөлүгү. Бейиште эч кандай гам- кайгы  болбогондой, эненин тизесине башыңды койгондо бүт бардык гам- кайгыңды, көйгөйдү унутуп, жүрөгүң кадимкидей тынчтанып эс алат экенсиң. Эне тогуз ай курсагында көтөрүп жүргөнү аз келгенсип, өмүрү өткөнчө, акыркы демине чейин, кучагында жүрөгүндө, оюнда көтөрүп  жүргөн кайраты, күчү тоону жылдырган улуу инсандыр. Анын барлыгы жашообуздун маңызы, дубасы кайтарымсыз кабыл болгон, кадамы, жыты эч жерден табылгыс бейиш тура. Эненин жүзү эч качан  унутулбай турган жуз деди Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам. Эне ар кимдин ордун басала турган, бирок анын ордун эч ким баса албаган инсандыр. Энелер эч нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезген жаныбыздын бир бөлүгүдүр. Энеңиз кеттиби сиз үчүн бул дүйнөнүн да акыреттин да жакшылык эшиктери жабылды. Энеңиз кетсе кыйынчылыкта кармай турган колуңуз, чоң болсоңуз да ал үчүн эркелетип жүзүңүздөн сүйгөн балалыгыңыз, жашооңуздун ар бир күнүн кубанычка бөлгөн майрамыңыз кетет. Эң негизгиси " эне!" деп чакыргандат" оо, балам!" деген үнү сизге күч берип, жүрөгүңүздү тынчтантткан жашооңуздун бир бөлүгү кетет...

Эгер билсеңиз эч бир жыт энебиздин  жытына окшобойт экен. Эч бир жан энебиздей  жылуу кучагындай мээрим бере албайт экен. Эч бир адам энебиздей сыр бөлүшүп жакын дос  боло албайт экен. Ошон үчүн энебизди  көзү барда, өзү жаныбызда экенинде кадырына жетели.  Биз инсандар бар нерсебизди качан гана жоготкондо билет экенбиз. Энемдин өтүп кеткенине эки жыл болду. Анын ушунчалык телефон чалып, сурап турган күндөрүн аябай сагындым. Дагы деле номерин биринчи катарга " Бейишим энем " деп сактап койгом. Анын жылмайган жүзү, таттуу  сөздөрү жүрөгүмдөн эч качан өчпөйт деп көзүнөн жаш алды бир эжем...

Ушул макаланы окуп жаткан сүйүктүү окурмандарым!  Мени төрөп өстүргөн, мен үчүн түн уйкуларынан калып, жаштыгын, ден-соолуктарын коротуп келген ата - энем үчүн  алакан жайып, аларга  бул дүйнө жана акыреттери  үчүн дуба кылып коюуӊуздарды суранам....

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


🧕АЛГАЧКЫ ЖООЛУГУМ

Көптөн бери анан, эртең, бир күн насип кылса деген алдоо сезимдерге жетеленип жүрүп, акыры бир чечимге келип мен күткөн күн да келди. Күндө көрүнө турган күзгүмдүн  алдына олтурдум. Алгачкы жолу жоолукту жаап, башыма орондум.

Башыма жоолукту оронгон кезде өзүмдү жаңыдан төрөлгөндөй, эски жашоомдун жаңылган, адашкан, күнөө кылган күндөрүмдөн толук кутулган жаңы жшоого алгачкы кадам таштаган жаш баладай сездим. Салынган жоолукпу, шарфпы, кездемеби жөнөкөй кездеме эмес абийирдин, намысымдын жабуусу, мени ушул убакка чейин күтүп жаткан руханий коргоочум, калканым болду. Күзгүгө караган жүзүм өзүмө карап, үнсүз бакыттын көз  жаштары " сен туура жолго түштүң, кут болсун" дегенсип сызылып агып жатты.. кармана албай эки колум менен башымдагы жоолукту бекем кармап ыйлай баштадым:

Оо, Аллахым, башымдагы жоолугумду акыркы демиме чейин чечтире көрбө! Канча жылдан бери Сага жакпаган жоруктарымды жок кылган, кулк- мүнөзүмдү оңдоп, амалдарымдын даражасын көтөрүп, керек болсо  кепинимдин бир бөлугү кыл. Мындан кийин бул менин каталарымды эстеткен  сырдаш досум, ыйман жолунда колумдан бекем кармап, коргогон  жолдошум болсун" деп дуба кылдым да өзүмдү ырастап алып ишме жөнөдүм.
Оронуп, ар дайым даарат менен жүргөнүм мага ушунчалык кубат берип жатты, айланамда периштелердин  бир армия болгон тобу мени коргоп жүргөндөй болуп өзүмдү коопсуз сезип калдым.

Мурда жолдо бараткан кезде баары эле тикелей карашып, бутумдан башыма чейин ар жак бер жагына сын таккан көздөр артыман сөз кылышып, ар кандай нерселерди айтышчу. Бирок, азыр мени кубантканы жанымдан өткөндөр тике кароодан тартынып, жылмайып сый менен караган көздөргө, жүздөргө жүрөгүм жылып, өзүмдү башка бир таза  ааламдын жолунда кете жаткандай сездим. Үстүмдөгү узун көйнөк жана башымдагы оролгон жөнөкөй жоолук  мага күч-кубат берип, өзүмө болгон ишенимди, кадырымды көтөрүп койду. Демек, аялзатынын башындагы оролгон жоолугу кичинекей кездеменин бир бөлүгү гана эмес, анын ар-намысы, абийири, коопсуздугу дагы болуп саналат тура.

Ичимден ушундай бакытты сездирип, насип кылган Раббыма чексиз шүгүрлөр болсун дедим! Суранам, менин оронгон жоолугум жүзүмдү жарык, эки дүйнөмдүн бейишине жетелеген Хадижа, Аиша, Фатима энелеримдин изинен баскан жолдошум, сырдашым болсун. Мына ушул даражага татыктуу кыла көр! деп дуба кылдым...

Ушуну окуп жаткан эже- сиңдилерим! Жаратканым ар бирибизге ушундай ыймандын күчүн сездирип, оронгон жоолугубуз жүрөгүбүзгө, амалыбызга дал келип, күзгү болуп өздөрүн оңдоого, үлгү болуп туура жолго түшүүлөрүнө себепчи болуп жашоону насип кылсын Амиин...!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Ин шаа Аллах☺️ 🤲❤️


Раббымдын бул сөздөр мага дем - күч берет алхамдулиллах!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


🤲🏻ШҮГҮРСҮЗДҮК КЫЛБАҢЫЗ

Акылыныңыз, колу - бутуңуз, көздөрүңүз, кулактарыңыз, дене - мүчөңүз баары жайындабы, анан иштеген ишиңиз, жашаганга үйүңүз, жегенге бир күндүк тамагыңыз болсо сизге дүйнөнүн бакыты берилиптир. Эмнеге бул сөздөрдү мен сизге айтып жатамын. Акыркы күндөрдө стрес, депрессия деген вирус ооруга айландыбы ар бир экинчи адамда кыйынчылыкка түшүп кеттим, андан чыгуунун такыр жолдору жок, жашоонун кызыгы калбады, жашагым келбейт, сабырым жетпейт өлүп каламын деп кейип-кепчиген эле адамдар. Жашообузду жеңил кылып, канча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Раббыма жеңил ойлуулук кылып, шүгүрсүздүк кылып жатабыз. Сиз бул дүйнөнүн кооздугунун баасын көзү азиздерден сураңыз. Кулактарыныз угуп, тилиңиз сүйлөп жатабы, бул бакытты кулагы керең, дудуктардан сураңыз. Жашаганга  үңкүрдөй үйүңүз болсо анда жашоонун ырахатын, жылдап иштеп жер алып, үй салам деп  квартирадан - квартирага көчүп жашагандардан сураңыз. Үйүңүздө "апо- ато!" деп чакырып, чуркап жүргөн балдардын бакытын, бир эле болсо да балам болсо деп жылдап күтүп жүргөндөрдөн сураңыз. Узакка барбаңыз бир кадамдын артында канчалаган бакыт эшигин ачууга мүмкүнчүлүк бар экенине  эки бут  менен басуу үчүн жылдап күрөшүп келе жаткан менден  сураңыз. Муну менен мен жашоомо  наалыган жокмун. Ооба, кээде өзүмдүн кемчиликтериме карап"эхх...денем соо болгондо мындан да жакшы ибадаттарды кылмакмын" деп айланама көз чаптырсам, ден соолугу чың, акылы өз ордунда болуп, Өз Жаратуучусуну тааныбаган көзү, жүрөгү сокур, чыныгы майыптарды карап шүгүр деймин. Бул сыноонун сынынан ким экенимди, кандай максатта жаралдым эң негизгиси өзүмдү тааныдым.Жаратканды жүрөгүмдөн тапкандан баштап жашоом маңыздуу боло баштады .Мен өзүмдө жок нерселерге эмес, бар нерселерге карап шүгүр кылып жашаймын. Биз канчалык наалып, нараазы болуп жашаган сайын наалыган жашоону берип койот.
Демек тууганым барга шүгүр, азга каниет, жокко сабыр кылып жашасаң, кайсы бир күнү көздөгөн максатыӊа жетесиӊ, сыноодон сынбайсыӊ, баарын багынтасыӊ...

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Йа, Раббым!🤲


Дүйнө түйшүгүнөн чарчаган жүрөгүбүздү Өз сөздөрүң тынчтантып дарылар Йа, Раббым!..

20 last posts shown.

399

subscribers
Channel statistics