🧕АЛГАЧКЫ ЖООЛУГУМ
⠀
Көптөн бери анан, эртең, бир күн насип кылса деген алдоо сезимдерге жетеленип жүрүп, акыры бир чечимге келип мен күткөн күн да келди. Күндө көрүнө турган күзгүмдүн алдына олтурдум. Алгачкы жолу жоолукту жаап, башыма орондум.
⠀
Башыма жоолукту оронгон кезде өзүмдү жаңыдан төрөлгөндөй, эски жашоомдун жаңылган, адашкан, күнөө кылган күндөрүмдөн толук кутулган жаңы жшоого алгачкы кадам таштаган жаш баладай сездим. Салынган жоолукпу, шарфпы, кездемеби жөнөкөй кездеме эмес абийирдин, намысымдын жабуусу, мени ушул убакка чейин күтүп жаткан руханий коргоочум, калканым болду. Күзгүгө караган жүзүм өзүмө карап, үнсүз бакыттын көз жаштары " сен туура жолго түштүң, кут болсун" дегенсип сызылып агып жатты.. кармана албай эки колум менен башымдагы жоолукту бекем кармап ыйлай баштадым:
⠀
Оо, Аллахым, башымдагы жоолугумду акыркы демиме чейин чечтире көрбө! Канча жылдан бери Сага жакпаган жоруктарымды жок кылган, кулк- мүнөзүмдү оңдоп, амалдарымдын даражасын көтөрүп, керек болсо кепинимдин бир бөлугү кыл. Мындан кийин бул менин каталарымды эстеткен сырдаш досум, ыйман жолунда колумдан бекем кармап, коргогон жолдошум болсун" деп дуба кылдым да өзүмдү ырастап алып ишме жөнөдүм.
Оронуп, ар дайым даарат менен жүргөнүм мага ушунчалык кубат берип жатты, айланамда периштелердин бир армия болгон тобу мени коргоп жүргөндөй болуп өзүмдү коопсуз сезип калдым.
⠀
Мурда жолдо бараткан кезде баары эле тикелей карашып, бутумдан башыма чейин ар жак бер жагына сын таккан көздөр артыман сөз кылышып, ар кандай нерселерди айтышчу. Бирок, азыр мени кубантканы жанымдан өткөндөр тике кароодан тартынып, жылмайып сый менен караган көздөргө, жүздөргө жүрөгүм жылып, өзүмдү башка бир таза ааламдын жолунда кете жаткандай сездим. Үстүмдөгү узун көйнөк жана башымдагы оролгон жөнөкөй жоолук мага күч-кубат берип, өзүмө болгон ишенимди, кадырымды көтөрүп койду. Демек, аялзатынын башындагы оролгон жоолугу кичинекей кездеменин бир бөлүгү гана эмес, анын ар-намысы, абийири, коопсуздугу дагы болуп саналат тура.
⠀
Ичимден ушундай бакытты сездирип, насип кылган Раббыма чексиз шүгүрлөр болсун дедим! Суранам, менин оронгон жоолугум жүзүмдү жарык, эки дүйнөмдүн бейишине жетелеген Хадижа, Аиша, Фатима энелеримдин изинен баскан жолдошум, сырдашым болсун. Мына ушул даражага татыктуу кыла көр! деп дуба кылдым...
⠀
Ушуну окуп жаткан эже- сиңдилерим! Жаратканым ар бирибизге ушундай ыймандын күчүн сездирип, оронгон жоолугубуз жүрөгүбүзгө, амалыбызга дал келип, күзгү болуп өздөрүн оңдоого, үлгү болуп туура жолго түшүүлөрүнө себепчи болуп жашоону насип кылсын Амиин...!
⠀
🧕Автор: Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907