🌹КУРААНДЫН АТАЛЫШТАРЫ🌹
Аллах Кураанды бир канча ат менен атаган. Төмөндө алардын кээ бирлерине токтололу :
🌹КУРААН - "Албетте ал-Кураандыр!" Кээ бир окумуштуулар "Кураан" сөзүн араб тилиндеги -окуу- сөзүнөн алынган дешет. Башкалары андагы кыссалар, өкүмдөр, мисалдар бири-бирине байланып келгендиктен -байлоочу- сөзүнөн алынган дешет. Кураанда "Кураан" сөзү 68 жолу кайталанат.
🌹ФУРКАН – айырма. «Пендесине Фурканды түшүргөн зат - берекелүүдүр». Жашоодо хак менен батылды, адал менен арамды, туура жол менен адашууну ажыратып берүүчү жалгыз өлчөм- Кураан болгондуктан аны - ажыратуучу десе болот. Ошондуктан Кураан хак десе - хак, батыл – батыл болуп эсептелет. «Фуркан» сөзү Кураанда 7 жолу аталат.
🌹ЭСКЕРТМЕ – «Биз өзүбүзгө бул эскертмени түшүрдүк».Аллахга ибадат кылуу жана Анын буйруктарына сөзсүз баш ийүү, Ал кайтаргандан кайтуу зарылдыгын эскертип тура алгандыгы үчүн Кураанды – эскертме десе болот. «Эскертме» сөзү Кураанда – 21 жолу кайталанат.
🌹КИТЕП – «Бул китеп, анда шек жок». Кураан - Аллах тарабынан инсан табиятына ылайык өкүм жана көрсөтмөлөрдү толук камтыган эң улуу китеп. Кураанда «Китеп» сөзү - 176 жолу кайталанат.
🌹Андан башка да Кураан- «Танзил», «Нур», «Хидаят» деп аталып, «аль- Арабий», «аль-Мубарак», «аль-Хаким», «аль-Карийм», «Нур», «Равшан», «Хидаят», «Рахмат», «Шыпаа», «Азиз», «Мөөжиза», «Башаарат берүүчү» ж.б. бир катар сапаттар менен сыпатталат.
🌹✨🌹✨🌹✨🌹✨🌹✨🌹✨🌹