"ДИН САБАТ 🧕🧕онлайн мектеп"


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


Ханафий мазхабы
Матуридий акыйдасы
Аялдар каналы
Иорданияда окуган, тажрыйбалуу устаз устазалар сабак берет

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
“Намазыңызда шала кайтарып жаткандай сезесизби?”

Намаздын тактыгына шек санап, бир нерсе туура эмес болуп жаткандай туюлабы? Ойлонуп бүткөнчө эле убакыт өтүп, көңүл чачыранды болуп калабы?

Биздин “Намазымды оңдоймун” курсу менен:
✅ Намаздын ар бир бөлүгүн так жана туура окууну үйрөнөсүз
✅ Ойлорду чачыратпай, көңүлдү толук намазга бурууга жетишесиз
✅ Намаздан ырахат алууну жана Жараткандын жакындыгын сезүүнү үйрөнөсүз

Бул сиз издеп жүргөн мүмкүнчүлүк! Баштоо үчүн катталыңыз! 🌿

#Намаз #Ыйман #Тазалык #ТуураНамаз


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


* Дин сабат * каналы


БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Битир садака Айт намазга чейин же эртең Айт деген күнү кеч киргенден баштап берилет. Анткени күн киргенде ооз ачылат. Ошондуктан бул садака – битир садака (ифтар же ооз ачуу садакасы) деп аталган.

Битир садаканын эң жакшысы – Айт күнү таң аткандан баштап Айт намазга чейинки убакытта берилгени. Бул туурасында Ибну Умар, радыяллаху анху, мындай деп айткан: 
«Пайгамбар ﷺ битир садаканы адамдарга Айт намазга чыгардан алдын бергиле деп буйруган». (Сахих Бухари, Сахих Муслим)

Ошондой эле Айттан бир-эки күн алдын берүүгө да уруксат. Анткени кээ бир учурларда битир садаканы жыйнап, аны кедей-кембагалдарга таркатуу үчүн убакыт талап кылынат. Ошол себептен шариатта ушундай кылууга уруксат берилген. Бул туурасында Ибну Умар, радыяллаху анху, айткан: «(Сахабалар) битир садаканы Айттан бир-эки күн алдын беришчү». (“Аль-Фатаава Хиндийя”, “Фатхуль Кодийр”)

Басымдуу аалымдар битир садаканы Айт намазынан кечиктирбеш керек деп өкүм беришкен. Эгерде ким кечиктирген болсо, анда хадисте айтылгандай анын бергени кадимки садака бергенге эле жатып калат. Ал эми аны себепсиз кечиктирсе, анда ал күнөөкөр болот. Ал эми Ханафи мазхабында адам Рамазан башталгандан кайсы убакта берсе да, битир садаканы берген болуп эсептелет, бирок Айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган.

" Дин сабат " каналы менен бирге болунуз!


* Дин сабат * каналы

БИТИР САДАКА БОЮНЧА СУРОО-ЖООПТОР

❏ БИТИР САДАКА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Битир садака – Орозо айтка чейин кээ бир азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө муктаж мусулмандарга берилүүчү садаканын түрү. (“Аль-Бинаяту шарх аль-Хидая”)
 
❏ БИТИР САДАКАНЫН ӨКҮМҮ КАНДАЙ?

Ханафи мазхабы боюнча битир садака берүү ар бир мусулманга парз болуп эсептелет.
 
❏ БИТИР САДАКА КИМДЕРГЕ ПАРЗ?

Ар бир мусулманга парз. Ал өзү үчүн жана анын жоопкерчилигиндеги үй-бүлө мүчөлөрү үчүн битир садака берүүгө милдеттүү. Эгер балдары өздөрүн камсыз кылган деңгээлде болсо, анда алар өздөрү үчүн беришет. Ошондой эле ханафи мазхабы боюнча эненин курсагындагы түйүлдүк үчүн битир садака берилбейт. (“Хашият ибн Аабидин”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Битир садаканын эң жакшысы – Рамазандын акыркы күнү ооз ачкандан баштап эртеси айт намазга чейинки аралыкта берилгени. Эгерде кандайдыр бир кечиримдүү себептер болсо, алдын ала да бергенге уруксат. Көпчүлүк аалымдар битир садаканы айт намаздан кечиктирбеш керек, ким кечиктирсе, анда жөн гана садака бергенге жатып калат деп айтышкан. Ал эми ханафи мазхабы боюнча кечиримдүү себептер болсо, анда кайсы убакта берсе да болот. Бирок айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган. (“Аль-Фатава аль-Хиндийя”, “Фатхуль Кадир”)
 
❏ БИТИР САДАКА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖАНА КАЙСЫ НЕРСЕЛЕРДЕН БЕРИЛЕТ?

Ханафи мазхабы боюнча киши башына битир садаканын өлчөмү төмөнкүдөй (2025-жыл боюнча):

– Буудай ( ≈ 1,6 кг) ≈ 50 сом
– Ун ( ≈ 1,6 кг) ≈ 80 сом
– Мейиз ( ≈ 1,6 кг) ≈ 750 сом
– Арпа ( ≈ 3,2 кг) ≈ сом
– Курма ( ≈ 3,2 кг) ≈ 900 сом

Битир садака жан башына жогорудагы азык-түлүктөрдүн бирөөсүнөн берилет. Ал эми ханафи мазхабында битир садаканы акчалай берүүгө да уруксат. Эң жакшысы жогоруда айтылган азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн чыгарганы, болбосо акчалай берсе да болот. 
 
❏ БИТИР САДАКАНЫ КИМДЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Битир садака төмөнкү түрдөгү адамдарга берилет:
1) Кедей-кембагалдарга.
2) Жакыр жашагандарга.
3) Битир садака жыйнагандарга.
4) Исламды жаңыдан кабыл алгандарга же кабыл алууга кызыккандарга.
5) Кулдарды азат кылууга.
6) Карызы көп адамдарга.
7) Аллах жолундагы адамдарга.
8) Мусапыр адамга. (“Хашият ибну Аабидин”)
 

" Дин сабат " каналы менен бирге болунуз!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Карыз орозого жана 6 күндүк орозого кантип ниет кылабыз, саат канчада ооз жаап ооз ачабыз. Бул суроолордун жообу бул жакта 👇🏻

https://youtube.com/shorts/5q0vvHoNsPc?si=t9mV_R1GL9F0Cd4p


https://youtube.com/shorts/VRFzsHD1shg?si=oaK0rg-uRitnw-WS

Орозодон кийинки 6 күндүк шаавал орозосу тууралуу билесизби? Видеодон толук көрүңүз👆🏻




Кадыр түн тососуздарбы?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
















Video is unavailable for watching
Show in Telegram


* Дин сабат * каналы

*КУТТУУ БЕРЕКЕЛҮҮ КАДЫР ТҮН*

*КАДЫР ТҮНДҮ САДАКА МЕНЕН БАШТАЙЛЫ*

*Ушул улуу куттуу Кадыр түнгө жеткирген Аллах Таалага чексиз моктоо шүгүрлөрдү айтып, бүгүнкү Кадыр түндө жакшылык сооп иштерди кылып, пайдаланып калалы. Эмки Кадыр түнгө жетебизби жокпу белгисиз андыктан колдон келишинче ибадат кылалык*

*Садака берсеңиз бүгүн бериңиз*
*Фитир садака берсеңиз бүгүн бериңиз анткени бүгүнкү түн 84 жылга барабар ким бир жакшылык кылса 84 жыл жакшылык кылгандын сообун алат.

*_Кадыр түн берекелүү болсун!🤲🤗 Келиңиздер бир жылда бир келген куттуу кадыр түндү пайдаланып сооп иштерди көп кылып калалык❤️🤗_*

_Абдулла бин Умар (разияллооху анху)дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: *“Ким бир тууганынын муктаждыгын бүтүрсө, Алла Таала анын муктаждыгын бүтүрөт”.* (Абу Дауд)_

_Аллахтын элчиси, (ﷺ): *“Садаканын абзели – Рамазанда берилгени”* – деген. (Тирмизи)_

_Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: *“Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз”* – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари)._

_Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: *"Жашыруун берилген садака Аллахтын ачуусун кетирет.”* (Байхаки)_

_Ибн Умар (р.а) дан келген сахих хадисте Аллахтын элчиси, (ﷺ): *“Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек”* -деп айткан. (Бухари: 2/138; Муслим: 984)._

20 last posts shown.