* Дин сабат * каналы.
СААРЛЫККА БАЙЛАНЫШТУУ ХАДИСТЕР
Аллахтын элчиси ﷺ хадистеринде мындай деп айтты:
❒ «Саарлык ичкиле, себеби саарлыкта береке бар». (Сахих Бухари, 1923)
❒ «Ким орозо кармай турган болсо, анда саарлыкта бир нерсе жесин». (Ахмад, 14533)
❒ «Саарлык – берекелүү тамак-аш. Андыктан аны калтырбагыла, бир уурттам суу болсо да ичкиле. Чындыгында Аллах жана периштелер саарлык ичкендерге алкыш-мактоолорду айтышат». (Ахмад, 11003)
❒ «Курма – ыймандуу адам үчүн кандай сонун саарлык». (Абу Дауд, 2345)
❒ «Биздин орозобуз менен китеп ээлеринин орозосунун ортосундагы айырма – саарлыкта тамактануу». (Сахих Муслим, 1096)
Башкача айтканда, мусулмандарды христиан менен жөөттөрдөн айырмалап турган белгилердин бири. Шариятта аларга окшошууга кескин тыюу салынган. Ошондуктан мусулман адам саарлыкка туруп тамактанып, аларга окшошпоосу керек.
❒ «Эртең мененки саарлык тамагын ичкиле! Чындыгында ал таңкы берекелүү тамак». (Насаи, 2166)
❒ «Оозуңарды (кечиктирбей) эрте ачкыла, саарлыкты (эртелетпей) кечиктирип ичкиле». (Сахих аль-Жаами, 2835)
Башкача айтканда, мусулман адам ооз ачар убактысы кирери менен дароо оозун ачуусу керек. Ал эми саарлыкты ооз жабар убактысына жакындатып ичүүсү зарыл. Болжолу ооз жабар убакытка чейин жарым саат же бир саат аралыгында жапканы жакшы.
❒ «Үч нерсе пайгамбарлардын сыпаттарынан – оозду (кечиктирбей) эрте ачуу, саарлыкты (эртелетпей) кечиктирип ичүү жана намазда оң колду сол колдун үстүнө коюу». («Мажмаъ аз-Заваид», 2/105)
" Дин сабат " каналы менен бирге болунуз!