‼️
Кыргызстанда ЭТТК расмий түрдө жокко чыгарылды
🔷 2025-жылдын 1-январынан тартып мунай зат (майлоочу майларды кошпогондо), алкоголь жана тамеки продукцияларынан тышкары, товарлардын бардык түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды.
Ошондой эле, 2027-жылдын 1-январынан тартып ЭТТК дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат.
🔷 Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алды.
Негизги өзгөрүүлөр:
✅ 1. ЭТТКны жокко чыгаруу жана товарларды эсептен чыгаруу:
Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТК модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар эсептен чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт.
🌐Толук маалымат төмөнкү шилтемеде:
https://sti.gov.kg/news/details/417e12e3-caa0-4ee7-96c0-41792064038f