Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Салык кызматы маркасы жок күйүүчү-майлоочу материалдарды жүгүртүү тармагында рейддерди жүргүзүүдө
🔹Салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чараларды жүргүзүп жатат.
🔹Рейддик салык контролу күйүүчү майдын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоого жана аны токтотууга, ошондой эле КММны сатуу чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө сатылып жаткан күйүүчү майдын колдонуудагы мыйзам талабына ылайык белгиленген маркасынын бар же жок экендиги көзөмөлдөнөт.
🔹Эскерте кетсек, эгерде күйүүчү майдын маркасынын жок экендиги аныкталса, жеке жана юридикалык жактар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам бузуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана башка нормативдик-укуктук актыларга ылайык чараларды көрүүгө алып келет.
🔹Күйүүчү-майлоочу материалдардын базарынын бардык катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого, күйүүчү майды өз убагында маркалоого жана ишмердүүлүгүн укуктук талаада жүргүзүүгө чакырабыз.