Напсим. Сени менен сүйлөшкөндөн коркуп жатам. Бирок сенден корккон жокмун. Экөөбүздүн тең жаратуучубуз бир. Болгону сени жаман көрөм. Сен дагы мени жаман көрөсүң, аны билем. Ачык душманым экеними билем. Сени тааныбаганым менин алсыздыгым. Мени тааныганың сенин күчтүүлүгүң. Сен өзүңдүкүн кыяматка чейин бербешиңди билем. Бирок мен да бергим келбейт. Сен да аны билесиң. Бирок ал сени көп деле ойлондурбайт. Саткын экениңди билем. Бирок сен да мени билесиң.