gulsfi


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


🤍

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter




- кошумча араб тили сабагынан чыгып жатканбыз. Анан агай мынтет:

- токтогула, мен силерге темадан сырткары бир нерсе айтип коеюн. Силерге бунлары эч ким айтпайт биякта. Анткени буларга баарыбир.

Сиздерга илим жуксун десениз балдар менен суйлошпош керек. Классташ болобу, группалаш болобу. Отконда көрдүм, экзаменге даярданабыз деп отурупсуңар балдар менен чогуу. Жок, ал группалаш эле дебең. Ким болуп кетсе дагы. Мен силерге эркек катары айтайын, эркектердин 99% ою жаман болот. Аларга баарибир, силер сүйлөшсөңөр сүйлөшүп кете беришет. Силер сүйлөшпөшүңөр керек. Мен силерге буну жакшы көргөнүм үчүн айтип атам.

(Агай өзбек. Өзбекстандан келген.) Агайды олуттуу кабыл албайт элем, ушинтип айткандан кийин сыйлап калдым.


Тамашаны түшүнгөндөрдү жакшы көрөм…


Мен баягыда:

- мисалы, сен Курстанбаева. Кайсы кесипке тапшырам деп жатасың?
- теология агай.
- теологияга тапшырып молдо болосуңбу эмне?
- жок агай.
- башың иштесе ага тапшырба.

Мен азыр:

- мисалы, сен каякта окуйсуң азыр?
- теологияда.
- ааа, аякты бүткөндө эмне болуп чыгасың анан?
- катта молдо болом.




🌝


Роббибиз, бизди туура жолго салгандан соң адаштырба.


Forward from: يا رفاعية! عَوِّل عليهم بين البرية
رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِن لَّدُنكَ رَحْمَةً ۚ إِنَّكَ أَنتَ الْوَهَّابُ
https://t.me/tasavvufkg


Сен СҮЙҮҮСҮҢ, сүйүүнүн анык ЭЭСИ,
Сенден анын келерин билбейт кээси.
Сүйүү ЭЭСИН эң оболу сүйбөй тура,
Ким бирөөнү сүйөм деши деги неси?
Барбы эси?!



— Куткелди Шабданбеков




«Не проявляй привязанности к этому миру, и полюбит тебя Аллах. Не завидуй тому, чем владеют люди, и полюбят тебя люди».


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
💔


Майда-чүйдө деп маани бербей жүрүп өзүбүзгө өзүбүз олуттуу маселе жаратып алганыбызды байкабай калат экенбиз 🥲

Байкуш жаным аай…


Окуп жаткан максатым эмне?
Ойгонуп, уктаган максатым эмне?
Универге барган максатым эмне?
Сабак окуган, китеп окуган максатым эмне?

Деги эле жашап жаткан максатым эмне? Ушуларды көптөн бери тактабай калган окшоймун.

Ошол үчүн көндүмдөр иретсиз, даамсыз, маанисиз болуп жатат окшойт. Ошол үчүн ойлорум боткодой болуп кетти окшойт. Ошол үчүн фокус бузулду окшойт…

Эмнени эмне үчүн кылып жатканымы унуттум окшойт. Жолуму жоготтум окшойт. Катачылыгым ушул болду окшойт. Ооба, ушул жерде ката кетирдим…

Жибек эже айтты эле: везде но нигде, - деп. Ошол мен.

Аллахым, ырайым кыл кулуңа.


Ара арада үйдү эстеп сагынам. Эптеп акча таап эле үйгө кетип калгым келет. Үйгө. Атамын, апамын жанына. Кээде ушул шаарда жалгыз башыма жашап жатканым эсиме түшкөндө, түндөсү шаар аралап жүргөндө коркуп кетем. Кантип? , - дейм. Кантип эле? Кантип болсун? Убакыттын учканын айт. Ушинтип эле өлүп калам анан бир күнү.

Чоңоюп калыптырмын да мен дагы деп коём ичимен. Баягыда атам айткан: кызым чоңоюп калган турбайбы, - деп. Ошондо деле чоңойгонумду түшүшнбөгөм. Эми түшүнүп жатам. Бирок ошо чоңдор кандай болот? Чоңдор эмне кылыш керек ошону билбейм? Чоң болгонду мага эч ким үйрөткөн эмес да.

Кетейин десем кеталбай,
Жетейин десем жеталбай, - деген ыр бар го. Ошону кыңылдап коюп…

Кеткенде эмне? Жашоом бул жакта. Окуум бул жакта. Ишим бул жакта. Тааныштарым бул жакта. Ал жакта мага иш деле калбады. Бирок баары бир үй деген үй да. Бир күнү турмушка чыкканда ал жакка да конок болуп калам. Апам айтат: азыр көнүп ал алыс жүргөнгө, кийин азыраак сагынасың, - деп…

Бирок булардын баары дүнүйөлүк нерселер. Эң маанилүүсүн унутуп коюптурмун. Жашоону. Чыныгы жашоону. Аллах менен. Эртең астына барганымда эмне дейм. Ыйлаймбы? Ыйлаганым жардам береби? Кайдан? Анын ыраазычылыгы үчүн деген жашоо. Ал менен жашоо. Кандай сонун жашоо бул? Кандай сонун адамдар жашайт ал жашоодо? Аллахым бизге да ырайым кылып ушул жашоону жашоону насип кылса деп үмүт кылам…


Forward from: Книжное похмелье
Нет лучшего богатства, чем мудрость; нет страшнее нищеты, чем невежество; нет лучшего наследия, чем воспитанность и лучшей защиты, чем совесть.

Али ибн Абу Талиб


Бүгүнкү ай.

Энемен дүрбүнү сурап алып карадым дагы. Сурасам: - макул, - деп эле бергенине бир таң калып кеттим дагы унчукпай эле чыгып кеттим. 15 жыл мурун атам казып, мен суу куюп берип тиккен, азыр чоң болуп: көргөн сайын Дүйшөн менен Алтынайды эске салган жол боюндагы катар теректин арасындагы жалт жулт эткен айды акырын гана жакшы көрүп карап алдым дагы кирип кеттим.

Адатта энем дүрбү сураганымы жакшы көрө бербейт. Анын үстүнө анын да бир жөнү бар. Бул дүрбү чоң атамын дүрбүсү. Чоң атама анын агасы Дөөлөндөн калган. Чоң атамын өткөнүнө бүрсүгүнү туура эки жыл болот. Чоң атамын дүрбүсүн "верная жена* болуп энем көздүн карегиндей сактап келатат. Аны түшүнөм, бирок жөн жаткандан иштеткен жакшы деп карай калайын десем эле мага анча ишене бербейт. Анысын деле түшүнсө болот. Чоң атаман калганын ыйык көрүп, алдастап мамиле кылышымы энем деле билет. Бирок баары бир жүрөгү тынч болбойт окшойт да. Ошол кыскасы. Жөн эле ойго келип кетти. Жакшы уктагыла.

🤍

1-август. 2023


Бүгүн китеп тууралуу ойлондум…
Дагы көп нерсе тууралуу…

Анан өзүмүн каплеттеги адам экендигимди биринчи жолу сездим. Ыйлагым келди. Өзүмө өзүм боорум ооруп, өзүмө өзүмүн жиним келди….


Forward from: Azan.ru | Исламский образовательный портал
📝 Как правильно читать книги

Братья и сёстры, не позволяйте удовольствию от чтения книг отвлечь вас от извлекаемой из них пользы, поскольку удовольствие не является условием для её получения. Как часто бывало так, что вы читали нечто, что утомляло ваш разум, напрягало глаза и путало мысли, и всё же, когда вы дочитывали до конца, вам открывалось нечто труднодостижимое, а ценность этого была велика.

Принимаясь за чтение, не ставьте своей целью лишь коллекционирование слов, охоту за редкими высказываниями, приобретение необычных знаний либо победу в споре, ведь много книг приносят читателю не сколько практическую пользу, а скорее интеллектуальную, которая просачивается в сознание человека подобно тонкому аромату, который не заметен, но и не исчезает, так как остаётся в нём навсегда.

Осознавайте ценность того, что вы читаете, ведь некоторые книги требуют от вас полного включения разума. А потому не пробегайтесь по ним взглядом подобно молнии, которая вспыхивает и исчезает; не просто проводите над ней своё время, дабы скоротать краткий вечерок, а глубоко задумайтесь над содержанием, как над парящим облаком, которое безо всякой спешки изливает на землю благословенный дождь.

И всё же, некоторые книги требуют лишь беглого взгляда, так что не тратьте на них излишне своё драгоценное время, которое пригодилось бы вам для совершения других полезных дел. Сферы знания обширны, а жизнь коротка.

Когда приступаете к чтению, не отвлекайтесь ни на что другое. Напоминайте себе, что вы можете не вернуться к книге после её прочтения, поэтому будьте внимательны и обдумывайте каждую строчку... Однако помните, что не каждая книга заслуживает подобного внимания.

https://t.me/azan_ru


Forward from: Шейх Муаз Хава.
Мусулман баласына эң оор нерсе, ниетти түздөө. Себеби жүрөктөгү ниет тезден өзгөрүп турат.

Ниетти түздөөгө ар дайым аракет кылган адам, Алла Тааланын астына таза жүрөк менен барат.

Жараткан биздин келбетибизге, байлыгыбызга карабайт. Этибар назары пенделеринин жүрөгүнө болот. Эгер ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Эгер ал бузулса, бүткүл дене бузулат.
"Оо, Жараткан! Жүрөгүмдү саламат сактай көр. Ибадатка бекем кылып, ниеттимди түздөөгө насип кыл"-  деп жалбарышыбыз керек.
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар

20 last posts shown.