Бүгүнкү ай.
Энемен дүрбүнү сурап алып карадым дагы. Сурасам: - макул, - деп эле бергенине бир таң калып кеттим дагы унчукпай эле чыгып кеттим. 15 жыл мурун атам казып, мен суу куюп берип тиккен, азыр чоң болуп: көргөн сайын Дүйшөн менен Алтынайды эске салган жол боюндагы катар теректин арасындагы жалт жулт эткен айды акырын гана жакшы көрүп карап алдым дагы кирип кеттим.
Адатта энем дүрбү сураганымы жакшы көрө бербейт. Анын үстүнө анын да бир жөнү бар. Бул дүрбү чоң атамын дүрбүсү. Чоң атама анын агасы Дөөлөндөн калган. Чоң атамын өткөнүнө бүрсүгүнү туура эки жыл болот. Чоң атамын дүрбүсүн "верная жена* болуп энем көздүн карегиндей сактап келатат. Аны түшүнөм, бирок жөн жаткандан иштеткен жакшы деп карай калайын десем эле мага анча ишене бербейт. Анысын деле түшүнсө болот. Чоң атаман калганын ыйык көрүп, алдастап мамиле кылышымы энем деле билет. Бирок баары бир жүрөгү тынч болбойт окшойт да. Ошол кыскасы. Жөн эле ойго келип кетти. Жакшы уктагыла.
🤍
1-август. 2023