*ЭҢ МЫКТЫ ҮЛГҮ – ПАЙГАМБАР*
*ХУТБА АЙТУУСУНДА ҮЛГҮ*
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки көзү кызарып, үнү көтөрүлүп, ачуусу келип, душмандар бастырып келе жатканын эскерткендей хутба кылчу. Ар бир хутбасын Аллахка мактоо айтып баштайт эле.
Хутбалары бул темалардын тегерегинде болгон: берген жакшылыктары үчүн, кемчиликсиз сыпаттары жана мактоолорго татыктуулугу үчүн, Аллахка алкыш-мактоолорду айтуу. Исламдын эрежелерин үйрөтүү. Бейишти, тозокту жана Акыретти айтуу. Аллахка такыбалык кылууга буйруу. Аллахтын каарын келтире турган жана Аллахтын ыраазылыгына алып бара турган себептерди баяндоо. Ушулардын тегерегинде хутба кылчу.
Адамдардын муктаждыгы жана кызыкчылыктары талап кылган ар бир учурда хутба кылчу. Адамдардын абалына жараша, кээде кыска хутба айтса, кээде узун хутба айтчу.
*АР ТАРАПТУУ МАМИЛЕЛЕРИНДЕ ҮЛГҮ*
Адамдардын ичинен эң эле жакшы мамиле кылган адам болгон.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, саткан, сатып алган, ижарага берген, ижарага алган, башкаларга шериктеш болгон. Бирде соодада шериктеш болгон шериги келгенде андан: “Мени тааныбадыңбы?” – деп сураган. Ал: “Сиз шеригим болбодуңуз беле? Сиз эң мыкты шерик болгонсуз, каршы болбойт элеңиз, талашпайт элеңиз” – деп айткан. (Абу Дауд, 4836)
Белек берген, белек алган, белек берген адамды сыйлаган, күрөө коюп карыз алган, күрөө койбой да карыз алган, колдонуп кайра кайтаруу максатта буюдарды сурап турган, нак акчага да, насияга да сатып алган.
Карыз алса, эң жакшы абалда кайтарып берген. Бирөөдөн карыз алса, карызын кайтарып, ага мындай деп дуба кылат эле: “Аллах үй-бүлөңө, байлыгыңа сен үчүн береке берсин! Чындыгында, карыздын сыйлыгы – рахмат айтуу жана карызды кайтарып берүү”. (Насаи, 4683)
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жерин вакфка (өзүнүн мүлкүнөн чыгарып, Аллахтын динине кызмат кыла турган жакка тапшыруу) койгон. Аллахтын жолунда садака кылган.
Сексенден көп жерде касам ичкен. Аллах таала үч жерде касам ичүүгө буйруган. Кээде инша Аллах (Аллах кааласа) деп касам ичкен. Кээде касамын бузуп, каффарасын (штраф) өтөгөн. Кээде касамын аткарган.
Тамашалайт эле, чындыкты гана айтып тамашалашкан. Сөздү кыйытып дагы сүйлөгөн, бирок чындыкты гана кыйытып сүйлөгөн.
Өзү чуркап жарышкан, күрөшкөн.
Бут кийимин өз колу менен жамаган, кийимин жамаган, челегин жамаган, эчкисин сааган, кийимин тазалаган, үй-бүлөсүнө, өзүнө кызмат кылган, мечиттин курулушунда кирпич көтөрүп ташыган, башкаларды коноктогон, өзү да конокко барган.
Ооруп жаткан адамды зыярат кылган, жаназага катышкан, чакырган жакка барган, жетим, жесир, бей-бечаралар менен жүрүп алардын муктаждыктарын өтөгөн, акындын мактаганын угуп, аны сыйлаган.
Мамашарип уулу Н.