*ЭҢ МЫКТЫ ҮЛГҮ – ПАЙГАМБАР*
*ООРУП ЖАТКАН АДАМДЫ ЗЫЯРАТ КЫЛУУДА ҮЛГҮ*
Сахабаларынын бири ооруп калса, аны зыярат кылат эле. Кызматын кылып жүргөн "китеп ээлеринен" (жөөт) болгон жаш баланы зыярат кылган. Мушрик абасы ооруп жатканда аны зыярат кылган. Ал экөөнө Исламды кабыл кылууну сунуштаганда жөөт Исламды кабыл алган, абасы кабыл кылган эмес. Ооруп жаткан адамга жакын келип, баш жагына олтуруп, абалын мындай деп сурайт эле: “Кандай болуп калдың?” Бейтапты оң колу менен сылап: “Адамдардын Раббиси, оо, Аллах! Жамандыкты кетир, буга шыпаа бер, шыпаа берүүчү Өзүңсүң, Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок, оору калтырбай турган шыпаа бер!” – деп дуба кылар эле. (Зад ал-Маад, 1/494)
*ТАБИГЫЙ АМАЛДАРДЫ АТКАРУУДА ҮЛГҮ*
Бут кийим кийүүдө, чачын тароодо, даарат алганда, алганда жана бергенде оң колу, оң жагы менен баштоону жакшы көрөт эле. Оң колун тамак жегенге, ичкенге, даарат алганга колдонуп, сол колун ажат канага барганда, нажас нерселерди кетиргенде колдонгон.
Чачын алганда баарын алат эле же баарын калтырат эле. Чачынын бир бөлүгүн алып, бир бөлүгүн калтырып койбойт эле.
Мисвак колдонгонду жакшы көргөн. Орозо учурунда да, оочу ачык учурунда да колдонгон. Уйкудан турганда, даарат алуудан алдын жана маназдан алдын, үйгө кирерде колдонгон.
Атыр-мискти көп колдонгон, жакшы көргөн жана бирөө сунса кайтарган эмес.
Чачын тарап таза кармоону жакшы көргөн. Кээде чачын өзү тараса, кээде Аиша, радыяллаху анха, тарап берген.
Мусулмандар бүгүнкү күнү абалдарына көңүл буруулары керек. Аллахтын Элчисин жана анын сахабаларын эң жогорку үлгү тутуулары зарыл, актёрлорду, ойчулдарды, батыш адамдарын үлгү тутпай.
Мамашарип уулу Н.