ТАКЫБАЛЫК (4-бөлүм)
ТАКЫБАЛЫК ҮЧ ТҮРГӨ БӨЛҮНӨТ:
1️⃣ - Адамдын тозокто түбөлүк калуусуна себеп болгон ширк жана куфр амалдардан сактанып такыбалык кылуу. Мындай такыбалык Аллахты жалгыздоо менен болот.
Кээ бир адамдар ширк жана куфрлуктан сактанып бирок чоң күнөөлөрдөн сактанышпайт. Анткени алар мен тозокко түшсөм да анда түбөлүк калбасам мага жетиштүү деп ойлошот.
*Мисалы:* Кээ бир адамдар мен мусулманмын деп келиме келтиришкени менен аларга милдет болгон намаз, зекет жөнүндө ойлонуп да коюшпайт. Же болбосо таразадан алдашат же болбосо тапкан ырыскысы арам жолдордон.
Алар Аллахты жалгыздашат Пайгамбарга ыйман келтиришет, Исламдын кээ бир түркүктөрүн аткарышат. Бирок алар арам иштерден сактанышпайт жана чоң күнөөлөрдү кыла беришет.
Мына ушул амалдары менен кыяматка барган адам Аллахтын каалоосунда болот. Аллах таала кааласа күнөөлөрүн кечирип бейишке киргизет, а эгерде кааласа күнөөсүнө жараша азаптап андан соң бейишке киргизет.
2️⃣ - Тозокто азапталууга себеп болуучу чоң күнөөлөрдүн баарынан сактанып такыбалык кылуу.
Кээ бир адамдар динден чыгаруучу куфрлук иштеринен жана чоң күнөөдөн сактанышат. Бирок алар кичине күнөөдөн тыйылышпайт жана нафил ибадаттарды көп аткарышпайт.
*Мисалы:* Кээ бир адамдар өзүнө милдет болгон намаз, орозо, зекет, ажылык ж.б.у.с парз амалдарды аткарышат. Бирок башка бирөөдөгү жакшылыкты көрө алышпайт же сөгүнүп сүйлөшөт же жалган айтып тамаша кылышат.
Адам кичине күнөөлөрдү аткара бергендиктен ал кичине күнөөлөр көбөйүп жатып анын тозокто азапталуусуна себеп болуусу мүмкүн.
Аллахтын Элчиси, саллаллоху алейхи уа саллам, айтты: *"Күнөөлөрдүн кичинелеринен сактангыла! Ал чогулуп жатып адамды кыйроого учуратат."*
Аллах айтты: *"Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан чыныгы коркуу менен такыбалык кылгыла."* (Ал-Имран 102-аят)
Ибну Ражаб (рахимахуллах) айтты: Толук такыбалык ал – милдет болгон иш-аракеттерди аткаруу, арам жана күмөн иш-аракеттерди таштоо.
Чыныгы такыбалык чоң күнөөлөрдөн гана сактануу эмес! Чыныгы такыбалык – тозокко түшүүгө себеп болгон бардык иш-аракеттерден сактанып такыбалык кылуу!
3️⃣ - Аллахтан жана Аны зикир кылуудан алаксытып коюучу нерселерден, жадагалса ал нерсе мубах болсо да андан алыстап такыбалык кылуу. Бул такыбалыктын эң бийик чокусу.
*Мисалы:* Кээ бир адамдар парз жана нафил ибадат амалдарды аткарышат. Бирок көп убактыларын пайдасыз сөз менен, оюн күлкү менен же интернеттен керексиз маалыматтарды угуу менен өткөрүшөт.
Чыныгы такыбалык жана такыбалыктын туу чокусу кээ бир мубах нерселерди таштоо менен болот.
Мубах нерселер менен көп алек болуу жүрөктөрдү Аллахты эстөөдөн тосуп коёт. Ошондой эле жүрөктүн катып калуусуна жана макрух же арам нерсеге түшүп калууга себеп болуусу мүмкүн. Бул деген мубах нерселерден таптакыр алыс болуу дегени эмес! Кээ бир мубах нерселерди такыбалык үчүн таштоо деген.
Суфьян Ас-Саури, рахимахуллах, айтты: Алар (такыба инсандар) адамдардын көпчүлүгү сактанбаган нерселерден сактангандыктары үчүн такыба деп аталышкан.
✍🏻 Орозоали уулу А.