*БАЛАНЫ ИЛИМ АЛУУГА КЫЗЫКТЫРУУ*
✍🏻 Сыдыгалиев Бакыт
Ислам дини ар бир мусулманга илим алууну парз кылган. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам:
*“Илим алуу – ар бир мусулманга парз”* - деп айткан. (Ибну Маажа)
Мусулмандардын кары-жашы дебей, аял-эркек дебей баарына илим алуу парз. Илим алуу ибадаттардын эң жакшысы жана Аллахка жакындаткан жолдордун эң кыскасы. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өз хадисинде мындай деп айткан:
*“Силердин араңардан эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр”.* (Сахих Бухари)
Илим алуунун эң ылайыктуу убагы жаш курак. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*“Кимде-ким Куранды жаш кезинде үйрөнсө, анда Куран анын эти менен канына аралашкан болот”.* (Сунан Байхакий)
Балдарды жаштайынан окутуу алардын илимге болгон кызыгуусун күчөтөт жана илимди жакшы көрүүсүнө себеп болот. Балдардын илимге болгон кызыгуусун күчөтүү ата-эненин милдеттеринен. Анткени баланын илимдүү болуусу ата-эненин бул дүйнөдө да, акыретте да даражасын бийик кылат.
Сахабалар, табийиндер балдарын жаштайынан илим алуусуна дайыма өзгөчө көңүл бурушкан. Ибну Аббас, радыяллаху анху, айтат:
*“Ким Куранды балагатка жеткенге чейин үйрөнсө, ал эртелеп шарият өкүмдөрүн билиптир”.* (Шуабул ыйман)
Абдуллах ибну Масуд, радыяллаху анху, айтат:
*“Илим алгыла! Илимге качан муктаж болуп калаарын чындыгында эч ким билбейт”.* (Китабул Илм)
Хасан аль-Басрий, рахимахуллах, айтты:
*“Жаштайынан жаттаган нерсе ташка чегилген оюмдай”.* (Факих уа мутафаких Хотиб Багдад)
Хасан ал-Басрий, рахимахуллах, башка бир сөзүндө:
*“Бизге илим алыш үчүн жаш балдарыңарды жөнөткүлө. Анткени алардын жүрөктөрү таптаза бойдон жана уккан нерселеин тез жаттап алышат”.* (Жамигул Ахлак. Хотиб Багдади)
Мына ушул себептен балдарды жаштайынан илим алууга кызыктыруу керек. Илимге кызыгып калган бала илим алууда болгон тоскоолдуктарды, оорчулуктарды жеңе билет жана кыйынчылыктарга чыдамдуу болот. Ошондой эле ал илим алууда ата-энесине көп оорчулук келтирбестен, өзүнүн кызыгуусу менен илим алат. Мына ошондуктан ата-энелер балдарын бешиктен кабырга чейин илим алуусун өз моюндарына алып, аларды ар дайым көзөмөл кылып туруу өтө зарыл.
*БАЛДАРДЫ ИЛИМ АЛУУГА КЫЗЫКТЫРУУНУН КЭЭ БИР ЖОЛДОРУ*
• Илим алууда ата-эне биринчи кезекте үлгү болуулары керек. Анткени балдар үчүн ата-энеден өткөн үлгүлүү инсан жок. Ошондуктан ата-энелер үйдө балдардын көзүнчө илим алууда аларга үлгүлүү болуулары кажет. Ошондой эле үйгө кичине болсо да китепкана кылып коюу керек жана ал жердеги китептерден балдардын көзүнчө окуп туруу зарыл.
• Жаш балдарга ылайыктуу китепчелерди сатып берүү керек. Кээде китеп алууда баланын өзүнө тандатуу жакшы. Бирок китеп сатып берээрде ал китептин мазмуунунуа өтө көңүл буруу зарыл. Биринчиден, баланын жашына, акылына жана деңгээлине төп келүүсү, ошондой эле өңү-түсү жана ичинде камтылганы балага ылайыктуу болуусу кажет. Өзгөчө китепте камтылган маалымат шариятка каршы келбеген болуусу зарыл. Ошондой эле ал китептерди баланын окушуна ата-эне жардамдашып туруу. Баланын китеп окуусу анын илим алуусуна жакшы пайда берет.
• Баланын өзүнө таандык китеп текчесин кылып берүү жана канчалык көп китеп окуса, белектер менен баланы сыйлап ошону менен аны кызыктырып туруу.
• Ата-эне балдарына китеп окуп берүү үчүн бир убакты белгилеп, ал убакта балдарга кызыктуу китептерден үзбөй окуп берүүлөрү абзел жана окулган китептерди балдар менен талкуулоо балдардын илимге болгон кызыгуусун күчөтөт.
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз