*ЭҢ МЫКТЫ ҮЛГҮ – ПАЙГАМБАР*
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кайсы иш-аракеттеринде үлгү тутулат. Бул маселенин баяны мындайча:
*ПАЙГАМБАР, САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ УА САЛЛАМДЫН, ИШ-АРАКЕТТЕРИ ТӨРТ БӨЛҮККӨ БӨЛҮНӨТ*
*Биринчи бөлүк:* Аткарылуусу табигый болгон иш-аракеттер. Бул – жалпы адамдар сыяктуу адам катары аткарган иш-аракеттери. Булардын аткарылышын пайгамбарлык милдети талап кылбайт. Мисалы, кыймыл аракеттери, туруусу, олтуруусу, басуусу, жеп-ичүүсү, уктоосу. Бул иш-аракеттерге буйруу жана тыюу байланбайт.
Эгерде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кайсы бир аткарылуусу табигый болгон бир амалды дайыма бир абалда аткарууга аракет кылган болсо, ошондо гана ал сүннөт болуп калат. Мысалы, оң жак менен жатуу.
Ошондой эле кайсы бир амалды аткарууга кызыктырган болсо, ал дагы сүннөт болуп калат. Мысалы, үч жолу дем алып ичүү, оң кол менен тамактануу.
*Экинчи бөлүк:* Шариятка тийиштүү экендигине далил келбеген, өз элинин адаттарына, салтына жараша аткарган иш-аракеттери.
Мисалы, кийимге байланыштуу маселелер. Анткени кийинүүнүн формасы элинин кийинүүдөгү адатына байланыштуу билинет. Ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пайгамбар болгонго чейин кийген кийинүү формасын кийин өзгөрткөн эмес. Болгону, эркек жана аялдын кийинүүсүнө шарттарды жана эрежелерди гана киргизди. Чачын өстүрүүсү дагы ушул бөлүккө кирет. Ошондуктан, бул иш-аракеттерде пайгамбарды ээрчүү сүннөт деп айтылбайт. Анткени буларды шарияттын буйругу катары аткарган эмес. Буларды аткарууну Аллахка сыйынуу катары көргөн эмес.
Ушул бөлүктө айтылган кайсы бир иш-аракетке буйруган же кызыктырган хадис келсе, же аткарылуусу табигый болгон амалдын шариятка байланышы бар экендигине далил келсе, анда ал бул бөлүккө кирбей калат. Мисалы, ак түстөгү кийим кийүү, кызыл ашыктан жогору кылып кийүү сыяктуу.
*Үчүнчү бөлүк:* Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, өзүнө гана тийиштүү болгон иш-аракеттер. Бул иш-аракеттерде пайгамбар үлгү тутулбайт. Мисалы, эч нерсе жебестен 2-3 күн катары менен орозо кармоо. Төрт аялдан көп аялга үйлөнүүсү. Өзүн арнаган аялга махрсыз үйлөнүү ж.б.
*Төртүнчү бөлүк:* Аллахка ибадат кылуу ниетинде аткарган иш-аракеттери. Мына ушул иш-аракеттерде Пайгамбар үлгү тутулат. Мындай амалдар кээде важиб, кээде мустахаб болот.
Аткарылбай ташталган иш-аракеттерде да Пайгамбар үлгү тутулат. Пайгамбар кайсы бир иш-аракетти жасоону таштаган болсо, аны биз да таштообуз керек.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, кайсы бир ишти таштаганы эки жол менен билинет:
Биринчиси, таштаганын өзү ачык билдирүүсү жана аткарбагандыгы. Мисалы, айт намазы туурасында сахабанын ушинтип айткандыгы: “Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айт намазды азансыз жана икотмасыз (коомат) окуду”. (Бухари, 959. Муслим, 886)
Экинчиси, Пайгамбардын аткаргандыгын сахабалар кийинкилерге жеткирбегендиги. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кайсы бир иш-аракетти аткарган болсо, анда сахабалар аны үммөткө сөзсүз жеткиришмек.
Сахабалардын эч бири үммөткө жеткирбесе, адамдар чогулган жерде айтып бербесе, анда андай амал динде жок экендигинин белгиси. Мисалы, Ражаб айында бул айдын урматы себептүү кайсы бир ибадатты аткарган эмес, эгер аткарганда, анда сахабалар кийинки үммөткө жеткиришмек. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кайсы бир амалды таштагандыгы – ал амал динде жок экендигине далил болуп эсептелет.
Мамашарип уулу Н.