Кыргыз Поэзиясы


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Other


Кыргыз акындарынын мыкты ырларынан
күнүнө бир ырдан сунушталат.

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Other
Statistics
Posts filter


#Сталбек_АБДИЖАЛИЛ

*   *   *

Сезимимиди четке каксаң кенебей,
Сезилгенсийт бул кылыгың жемедей.
Болбой эле мен өзүңө тартылам,
Толкун жиреп сүзө берчүү кемедей...

Жаз гүлүндөй жайнап турат жамалың,
Жалгыздыктан сезилет оор дем алуум.
Жакын күндө жетсе деймин батыраак,
Жүрөгүңдү багынтууга амалым...


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Лира_ТУРДУМАМБЕТОВА

*   *   *

Уруша кеттик, эки жакта тултуюп.
Уулубуздун жаңы кылыгы
унуттурду жанагынын баарысын.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Бекболот_САРЫБАЕВ

АЙЫЛЫМДЫ САГЫНУУ…

Атыр жыттуу абасынан айылдын,
Алгач жыттап, анан өлсөм кайылмын.
Айкырыгы аалам жарып туруучу,
Айылдагы эшегимди сагындым.

Эстен кетпей ойноок кезим мурдагы,
Эх, айылым, ойлорумду чырмады!
Уйларымдын мөөрөгөнүн эстеймин,
Угулганда машиненин “сигналы”..
 
Токтолбостон күндөр жылга жалгашты,
“Токто!”, - десек тагдыр көнө калмакпы?
Азан айтып ойготуучу корозум,
Азыр болсо будильникке алмашты.
 
Күчүк кезден кубалашып чоңойгон,
Керек болсо итимди да көп ойлойм.
Ата-энемди, досторумду ал эми,
Айтпасам да түшүндүңөр деп ойлойм!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Гүлжан_КОЙЧУМАНОВА

*   *   *

Арттагы калган күндөр,
Аларда майда, сынык,
Күмүш сындуу жатат издер.
Кайгысын, кубанчын да жаркыраткан,
Толкуну ашып-ташып жээкти жапкан!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Эрик_ЖУМАБАЕВ

МЕНИН ЖАШООМ

Менин жашоом жеңил эмес, оор эмес,
Узак кеткен, түгөнбөгөн жол эмес.
Ал болгону өтүп кетсем өмүрдөн,
Менден калган жарыктагы бир элес,
Артта калган, кайрылбаган бир элес.

Турмуш сырдуу, болуп келет айрылуу,
Арасында күндөр да бар кереметтүү, бактылуу.
Табияттын мыйзамына баш ийип,
Мен да жашайм кээде шаңдуу, кээде болуп кайгылуу!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


Арыбаңыздар. 25-март – 6-апрелде жарыяланган ырлардан Гүлзада СТАНАЛИЕВАНЫН “Акын кыз картайып баратат…” деген ыры баарынан көп добуш алды (добуш берүү токтотулду). Ал эми 6–13-апрель аралыгында жарыяланган ырлардын ичинен кайсы ыр сизге көбүрөөк жакты?
Poll
  •   Жыпара АРЫКОВА, “АПАМ ЖҮРГӨН ҮЙҮМ ТАЗА НУР!”
  •   Толук Бек БАЙЗАК, “КОШ БОЛ ЭМИ!”
  •   Айзат КУДАЙБЕРДИ кызы, “Сени көрсөм, келе түшөт эсиме…”
  •   Кожогелди КУЛТЕГИН, “ЧҮРӨК”
  •   Сагын АКМАТБЕКОВА, “...Туюптурсуң, жол карапсың…”
  •   Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ, “АТАМДЫН БУБАК ЧАЧТАРЫ”
  •   Махабат САИДРАХМАНОВА, “САГА”
5 votes


#Махабат_САИДРАХМАНОВА

САГА

...Сен жөнүндө жай ойлонуп алышка,
Сапар тартып кеттим алыс, алыска.
Ээ-жаа бербес мүнөзүңдөй ойлорум,
Эсин таппай, ордун таппай калышкан.

Шаң-шарапат бул өмүрдөн айрылгыс,
А тереңде ар бирибиз жалгызбыз.
Жалгыз түгүл жокко айланып кетүүгө,
Аз-аз калдык, араң калдык азыр биз…

Акыл мына, таарынычын тактаган,
Сезим мына, сени кайра актаган.
Жүрөгүм бу бүркүт уя сен үчүн,
Болгон эмес, болбойт сенден башка жан.

Өзүм менен тең экиге бөлүнүп,
Бири Өзүм, биринен Сен көрүнүп,
Билбейм кайсы жерге чейин жетемин,
Санаа менен саамай чачтай өрүлүп…

Жашоом жалын, көзгө илинбей бийлеген.
Кылчактабай, өзүм туйган из менен,
Жомоктолгон, жоголбогон жолдордо,
бала күндөн жалгыз сени издегем.

Айтыла элек сөздөрүңдү уга алам,
Жүрөгүңдүн жүз толгоосун туя алам.
Көздөрүңдөн көрүп турган дүйнөсүн,
Жашооңдо мен жан кыйышпас бир адам!..

…Сен жөнүндө жакшы ойлонуп алууга,
Сапар тартып кеттим бүгүн алыска.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Кулмат_ТУКЕНАЛИЕВ

АТАМДЫН БУБАК ЧАЧТАРЫ

Мен түшүмдө көрдүм бийик асканы,
Ал асканы аппак туман каптады.
Ал эмнеси айткылачы билсеңер?
Ал атамдын карып бара жатканы.

Улуу тоонун ою, кыры, түздөрү,
Уйпаланган саргыч чөптөр күздөгү.
Издер жатат тоонун бетин бербестен,
Ал атамдын өмүр жолу издери.

Тоолор менен айкалышып өмүрү,
Ошол тоодой пейили да, көңүлү.
Атам аскар тоодой кубат биз үчүн,
Секиси бар, жайлоосу бар өрүлүү.

Барат дале ошол тоонун боорунда,
Бирок, азыр таягы бар колунда.
Шашпай басып барат улам өрүүлөп.
Өзү салган ушул өмүр жолунда.

Бул жашоодо кандай жолду баспады,
Басты атам тоону, ташты, асканы.
Баарын бирдей жеңип келген атамдын,
Бул эмнеси, карып бара жатканы.

Мен түшүмдө көрдүм бийик асканы,
Ал асканы аппак туман каптады.
Ал эмине айткылачы билсеңер?
Ал – атамдын бубак баскан чачтары!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Сагын_АКМАТБЕКОВА

*   *   *

...Туюптурсуң, жол карапсың
Кечээ кечки убакта.
Жол карапсың. Боорум мен да,
Мен да жолдо келаткам.

...Сар керимсел шамал жүрсө
Сап тал бирдей сабылаар.
Шары жетпес шаарда туруп,
Шар суу үнүн сагындым.

Көчүп кетпес бир арманга
Көкүрөгүм толтура...
Кош данектей жай бирге элек,
Конок болуп олтурам.

Эс чыдабас бир кайгыга
Эт жүрөгүм толтура...
Кош бутактай жан бирге элек,
Бөлөк болуп олтурам.

"Ой жеткенге, кол жетпеди..."
Эзелкинин жомогу,
Экен эски, экен эски!
Айтчы баштан оболу

Жакшылыктан, а жамандык
Аксын сууга аккандай...
...Эрте-кечте, бир кезекте
Энекебиз жаккандай

От жакчы сен кемегеге,
От башына олтуруп,
Келер иштен кеп салалы,
Кеткен ишти калтырып…

Сөөлөттүү да, сүрдүү кечки
Кайыңдынын тоосу жак.
Жаңы көз көп, далай эски
Жакшылардын көзү жок.

...Айланып бир барчын учту
Асманынан иңирдин.
Агарган не, иңир тушта,
Менин өскөн үйүмбү?

Чыгыш жактан жылып чыккан
Айдын бети тумандуу
Тумандаган айлуу тушта
Менин учкан уямбы?

...Азбы, көппү, ар бир баштын
Өз көйү бар турбайбы.
Келбей кеттиң эмнеге деп
Кейибе да, муңайба.

...Актыгымдыр, не айбымдыр
Калганымда кайгыда.
Телегейи тегизсинди,
Тектүүсүндү кайбирөө.

Билбескеби, күйбөскөбү,
Күйсө жүрөк күйгөндүр.
Бүгүн мени эч ким сүйбөйт,
Мен да эч кимди сүйбөймүн.

Кадыр-көңүл калтырганды
Кайрып козгоп нетели,
Боорум, эртең, эрте таңда,
Эртең кайра кетемин.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Кожогелди_КУЛТЕГИН

ЧҮРӨК

Оо, мен билген сулуулар,
он беш тыйын кунуңар...
Нагыз чүрөк мынаке –
наркы дүйнө бурулаар!!!

Кел-кел доорго чыракпы?!
Кетпесеңер уят бу –
күн чыкканда жылдыздар
күм-жам болгон сыяктуу.

Баскан изи – башка тең,
бак-таалайга накта кен!
«Бар» деп айткан бир сөзү –
бардыгы өскөн бакча экен.

Жыргал-туусу бүктөлбөй,
жылмаюудан бүткөндөй.
Мөлтүр көзү ирмелсе
мөмө үзүлүп түшкөндөй.

Карай калса – бүгүлүп,
Хандар – жетим жүгүрүк.
Томуйтуптур чекесин
тоолор толук жүгүнүп.

Жамгыр сымал, ой сымал
жан сергитет доошу улам.
Ит үрсө да чүрөккө –
гүл атылат оозунан!..


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Айзат_КУДАЙБЕРДИ_кызы

*   *   *

Сени көрсөм, келе түшөт эсиме
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган.
Адамдардын көздөрүнө суз карап,
Бүгүн Күндү,
Түнү жылдыз санабай,
Баш кийимсиз төбөсүнө сезилбей,
Жаздын, жайдын ысыгы…

Сени көрсөм, келе түшөт эсиме
Эски үйдүн терезеси
Арча, тагдыр жыттанган.
Айнеги жок
көргөзүүчү келечекти, жамгырды.
Сүртө албайсың,
суулап андан
өтмүшүңдү тумандуу...
Айнеги жок терезеби терезе?..
Терезесиз Үй болобу, о деги?..
Андай үйдө, балким, болор эркиндик,
болбойт бирок бейпилдик…

Сени көрсөм,
келет менин эсиме
Текчедеги окулбаган китептер,
Көргөзмөгө коюлгандай тизилип,
Көргөзүүгө үйдүн ээсин билимдүү,
Кооздоого муздак үйдүн бир бурчун...
Көп жыл мурун,
Уктаар элең бир жаздыктын астында,
Бир адамдын оюнда...
Азыр сенин келип жүрөт,
“Кечир” десе,
Кучагына кулагың.
Канча жылга
искей албай жоготкон
Көчөдөгү таза, муздак,
кыш жытын,
Жайдын аптап абасын,
Өзүңдөгү андан кийин
эч ким даап өппөгөн
Эриниңди, чачыңды,
Алмаштырып салгың келип,
кечиримге, каргышка...
Топтоп берчи күзгүлөрдүн
сыныгын,
Көздөрүңдүн сыныгын…

Өлгүң келип, өлбөстөрдөй жашайсың,
Асман сени катар миң жыл
күзөтпөй, көзүн алат бир күнү.
Сенде калат жалгыздык,
Өчөт, өлөт бардыгы,
Суралбаган кечиримден,
Айтылбаган кечирүүдөн башкасы…

Сени көрсөм, келет менин эсиме
Эстеликтер көчөлөрдө жашаган,
Унуттурбоочу байыркыны, өткөндү,
Эске салып түбөлүктүн жоктугун...


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


Forward from: Кыргыз Поэзиясы
rel='nofollow'>​​Каналга колдоо көрсөтүү

Арыбаңыз!

Каналга колдоо көрсөткүңүз келсе

4177 4901 7318 2389 (АКБ "Кыргызстан")

4215 8901 1883 0675 (DemirBank) карталарына

же

+996 777 45 10 83 номуру боюнча МБанкка

акчалай жардам которо аласыздар!

Алдын ала ыраазчылыгымды билдирем.

____________________

👉 Башка каналдарым: "Жол" | "КЫСКА-НУСКА"


#Толук_Бек_БАЙЗАК

КОШ БОЛ ЭМИ!

Кош бол эми көрүшкөнчө, алсыз, жарды Мекеним,
Сени таштап көпкө дейре, алыс сапар кеземин.
Тилеп сенин тынчтыгыңды, тилеп сага эсендик,
Убайымдуу бул күндөрдө, урматыңы сеземин.

Кеттим алыс, кейиш толгон, жүрөк менен кыялбай,
Жатканыңда жаш баладай, там туң басып туралбай.
Маанай чөгүп, ындын өчүп, акыл эсиң жыялбай,
Турганыңда кайрат эркти тилейм сага, сүйүп туруп Кудайдай!.

Сага караан боло албадым, бу капалуу күнүңдө,
Ийинимди тосо албадым, бирок менден түңүлбө.
Биз кайтаарбыз жеңиш менен күндөрдүн бир күнүндө,
Ал анткени өзүң барсың, жүрөктөрдө, сүйүүмдө.

Касиетин Ата журттун, уул эмесмин, сезбеген,
Алыс жерде өзүңдү эстеп, сагынамын эскерем.
Бирок ушул кыйын күндө, сага берээр, жөнөтөөр,
Сүйүүм менен ырдан башка, эчтемем жок, эчтемем!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Жыпара_АРЫКОВА

АПАМ ЖҮРГӨН ҮЙҮМ ТАЗА НУР!

Менин үйүм, менин балдарым
Мээримине толуп энемдин.
Коргоодо бүт короом, жан жагым,
Шүгүрлөрдү айтып келем миң…

Күндөн-күнгө картайып апам,
Күндөн-күнгө чачы суюлуп.
Күлүк мезгил уурдайт жаштыгын,
Жалбырактай күзгү куюлуп.

Наным бышып, жармам жасалуу,
Апам жүргөн үйүм таза нур.
Көйнөктөрдүн түркүмүн кийип,
Күзгү карап жок го жасануу.

Таарынтабыз күнөө көтөрүп,
Тегеректейм калса жөтөлүп.
Менден жеңил, менден көпөлөк,
Энекемсиз жашоом өтөбү?

Бата тилейт үч маал күнүгө,
Керек эмес мүлкүң-дүнүйөң.
Балдарым дейт башка кызык жок,
Боору бүтүн толуп сүйүүгө!


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


Арыбаңыздар. 24–30-мартта жарыяланган ырлардан Жыпар ИСАБАЕВАНЫН “ЖӨЛӨНӨР АСКАМ БОЛУП КОЙ” деген ыры баарынан көп добуш алды (добуш берүү токтотулду). Ал эми 25-март – 6-апрелде аралыгында жарыяланган ырлардын ичинен кайсы ыр сизге көбүрөөк жакты?
Poll
  •   Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, “АДАМ ЖАНА ТАБИЯТ”
  •   Рахат АМАНОВА, “НИРВАНА”
  •   Дүйшөн ЖАПАРОВ, “Кайттыңбы кайра, жаркын жаз…”
  •   Гүлзада СТАНАЛИЕВА, “Акын кыз картайып баратат…”
  •   Эрнис АСЕК уулу, “ЖАЗ”
  •   Майя САТИЕВА, “КАРЕК ЖУУГАН КАЙЫРЧЫ”
  •   Азирет КЕЛДИБАЕВ, “БАЛАЛЫГЫМ КАЙТЫП КЕЛГЕН ӨҢДӨНӨТ”
4 votes


#Азирет_КЕЛДИБАЕВ

БАЛАЛЫГЫМ КАЙТЫП КЕЛГЕН ӨҢДӨНӨТ

Короз менен кошо турдум эртелеп,
Мээлүүн шамал бет аймалап термелет.
Жайлоодогу так азыркы көрүнүш,
Балалыктын бир тамчысын эскертет.

Жүрчү элем уйкусурап, музоо айдап,
Көгөндөргө бирден кармап козу байлап.
Күн кызарып эми гана нур чачаарда,
Бээ издөөгө жөнөчүмүн кырлап, сайлап.

Жолго чыктым жорго атты камчылап,
Минген атым убакыттай шашылат.
Улам жолдон тааныш адыр көргөндө,
Балалыгым калып жатты тамчылап.

Айылыма кирип келдим түш чендеп,
Койчу элем ар жыл сайын бой ченеп.
Азыр барып ал сызыкка теңешсем,
Кеткен экем терек сымал сереңдеп.

Үйгө кирсем иним койбой эркелейт,
“Ойнойлу”, - дейт тартып колдон жетелеп.
Балалыгым чакыргандай сезилди,
Кайтып келген иним болуп мени издеп.

Кум чогултуп бир шаар курдук экөөлөп,
Курган сайын шаар баратты өйдөлөп.
Ушул шаардай өйдө кеткен балачак,
Иним болуп кайтып келген өңдөнөт.

Кээде чуркап, кээде жаттык жөрмөлөп,
Чогуу ойнодук түртүп желим дөңгөлөк.
Жаш кездеги мен жоготкон күндөрүм,
Иним болуп кайтып келген өңдөнөт.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Майя_САТИЕВА

КАРЕК ЖУУГАН КАЙЫРЧЫ

Тааныш көчө күндө өтөм ал жолдон,
Өткөн сайын көчө толо эл болгон.
Бара жатып көзгө урунду капыстан,
Бир мунжу адам көздүрүнө жаш толгон.

Жаш дагы эмес пайгамбар жаш курагы,
Көчөдө эмес төрдө олтураар убагы.
Эки бутсуз арабада отурса,
Неге сынайт татаал тагдыр сынагы?

Ушул көчө ал байкуштун турагы,
Аны көрсөң көңүл чыдап турабы?!
Кайыр сунсам «Алла ыраазы кызым» деп,
Көздөрүнөн бермет тамчы кулады.

Өтөм күндө, күндө өтөм ал жолдон,
Өткөн сайын ал көчөдө эл болгон.
Бара жатып көзгө урунат эрксизден,
Шол абышка көздөрүнө жаш толгон.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Эрнис_АСЕК_уулу

ЖАЗ

Тып, тып, тып...
Бут аарчыган чүпөрөк
баткак болуп
ташталган босогого...
Кызыл көйнөкчөн
кирлерин жайып жүрдү короосунда…

1989


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Гүлзада_СТАНАЛИЕВА

*   *   *

Акын кыз картайып баратат
Ырлары муңайым жаралып.
“Ким окуйт, окуса ким табат,
Алардан сен каткан санааны?”

Ыр жазган кыз дешип сүйүшчү,
Сүйүшсө көпчүлүк жигиттер.
Ыр тапкан күнүнө сүйүнчү,
“Ушундай пендени сүйүп көр!”

Ыр жазган кыз дагы бактылуу
Болсом деп түптөдү коломто.
Бактылуу күндөрдө ыр жазбай
Калганда өзүн да жоготкон.

Сүйүүгө ийилип, мээримге
Толукшуп баласын эмизген.
Бир күндү кылымга карытты,
Колунда чарчаган наристе.

Тоо болду күйүтү, суу болду,
Бактысы салаадан куюлган.
Жат болду бүт жарык дүнүйө,
Кечээ эле жыпжылуу туюлган.

Ыр жазган кыздын ыр дүйнөсү,
Ыргалып ый менен ойгонду.
Бактысы мелтилдеп турганда,
Көбүрөөк ыр сурап койгонбу?..


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү


#Дүйшөн_ЖАПАРОВ

*   *   *

Кайттыңбы кайра, жаркын жаз,
Камыккан көңүл жарпын жаз.
Калканыч таппай үстүнө,
Каргадай болгон алтын баш.

Каякка гана барган жок,
Кадырын кимге салган жок.
Көрбөгөн калбай кыш бою,
Көз көрдү сени, арман жок.

Келдиңби, куш кел жергеме,
Кечигип жүрдүң эмнеге?
Жапжалгыз калган бороондо,
Жашоодо болдум жел кеме.


____________________

👉 "КЫСКА-НУСКА"

🖌️ Авторлор

👍 Мыктылар - 2025

🙏 Колдоо көрсөтүү

20 last posts shown.