Окумуштуулар XXI кылымдын соңуна чейин көптөгөн мөңгүлөр эрип кетиши ыктымалдыгын айтышууда
Планетанын көптөгөн аймактарындагы мөңгүлөр азыркы ылдамдыкта эрий берсе, XXI-кылымда жок болуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу БУУнун климат боюнча эксперттери быйыл биринчи жолу белгиленип жаткан Бүткүл дүйнөлүк мөңгүлөр күнүндө билдиришти.
Бүткүл дүйнөлүк мөңгү күнү (21-март) мөңгүлөрдүн Жердин климаттык системасында ойногон маанилүү ролу жөнүндө бүткүл дүйнөлүк калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Ал Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнүн алдында (22-март) белгиленет.
БУУнун жаңылыктар кызматы билдиргендей, мөңгүлөр дүйнөдөгү таза суунун 70 пайызга жакынын камтыйт.
"Алар климаттын өзгөрүшүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Анткени алар, адатта, туруктуу климаттык шарттарда эрибейт. Азыр антропогендик климаттын өзгөрүшү менен шартталган глобалдык жылуулуктун кесепетинен алардын аянты болуп көрбөгөндөй кыскарууда", - дешет алар.
@kgosho Билип жаша!