“Алдымдан үрүп чыккан иттерге көңүл бурбайм”. Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги интервьюсун берди.
Интервьюда журналист активист Мелис Аспековдун, Садыр Жапаров тууралуу айткан видео кайрылуулары тууралуу сураган. Ал президент “андайларга” көңүл бурбайм деп айтканын, бирок коомчулукта талкуу болуп жаткан соң Садыр Жапаровдун өзүнө кайрылып турганын айткан.
“Ооба, жооп да бербейм, көңүл да бурбайм дегем. Ар бир “үрүп чыккан иттерге” көңүл бура берсең жетчү жериңе жетпей каласың. Мамлекеттин иши менен алек болбой эле ар бир аферистке жооп берип олтурсам анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан “үрүп чыккан” анча-мынча “иттерге” көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет.
Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз”,-деген Жапаров.
Андан ары өз суроосунда бул нерселерди колдоп пикир билдирип жаткан журналисттер да болууда, деп
Сабыр Муканбетов, Канышай Мамыркулова деген кыргыз тилдүү журналисттерди атаган.
“Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат.
Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң алар “үрүп чыккан иттердин” бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары. Тыштан каржыланган “котур ташы койнундагылар”. Алар өлкөдө ызы-чуу, башаламан болуп турса чөнтөгү кампайып, курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп турган немелер”,- деп жооп берген президент.
Биз сиздерге түп нускасында жеткирүү максатында жоопторду озгөртүүсүз цитаталадык.
@kgosho Билип жаша!