"Евразия" кыргызстандык келечектеги ишкерлерди окууга чакырат
“Евразия” сеттик университети бизнес жаатындагы окутуулар курсунун алгачкы этабын баштады. Ага 18-35 жаштагы КМШ жана россиялык жаштар документ тапшыра алат.
“Евразиялык маданий коддор — ийгиликтүү бизнес-идеянын негизги принциби" аталышындагы окуу курсуна тапшыргандар бекер билим алат.
Бүткөн соң Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун сертификатына ээ болот. Ошону менен катар эле Россиялык ири компанияларда практикадан өтүшөт жана "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун бизнес-идеяларын ишке ашыруу үчүн гранттар берилет.
Долбоордун максаты коомдук жыргалчылык менен салттуу баалуулуктарды урматтаган патриот бизнесмендерди тарбиялоо.
Аталган университет жол кире, жатакана жана тамак-ашка кеткен чыгымдарды төлөйт.
Кененирээк маалыматты жана документ тапшыруу жол-жоболорун окуу жайдын сайтынан алсаңыз болот.
@kgosho Билип жаша!