Жалал-Абад облусунан Кыргыз Республикасында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 22 активдүү мүчөсү кармалды.
Атайын кызмат Жалал-Абад облусунда ишердүүлүгүн жүргүзүп келген "Хизбут Тахрир" диний уюмунун өкүлдөрүн кармады. Алар дин тутунуу боюнча кабыл алынып жаткан мыйзамдар пакетине каршы үгүт иштерин жүргүзүшкөн.
- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Мамлекеттик дин комиссиясы өлкөдө дин тутунуу эркиндигин жөнгө салуу боюнча мыйзамдар пакетин сунуштаган.
@kgosho Билип жаша!

"Алар "Жалал-Абад шаары боюнча масула"-жетекчиси, "беш накиб" - руханий устаттары, "сегиз мушриф" - окутуучулардан куралган, өз кезегинде акыркылары 3-5 окуучудан туруп, алар экстремисттик идеологияга жашыруун шарттарда окутулган. Туруктуу диний-экстремисттик топ бир нече жылдар бою Жалал-Абад шаарынын тургундары арасында деструктивдүү идеологияны пропагандалоо, жаңы адептерди жалдоо, интернет сегментинде фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле КР аймагында экстремисттик материалдарды көбөйтүү жана жайылтуу үчүн жашыруун басмакананы пайдалануу менен алектенишкен",
- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Мамлекеттик дин комиссиясы өлкөдө дин тутунуу эркиндигин жөнгө салуу боюнча мыйзамдар пакетин сунуштаган.
@kgosho Билип жаша!