Президент С. Жапаров даваатка WhatsApp-группалар аркылуу үндөп, садакаларды QR код аркылуу берүүгө чакырды
Бүгүн 3-элдик курултайдын 2-күнү уланууда. Анда Садыр Жапаров элди даваатка чакырууда WhatsApp-группаларды колдонууну сунуштады. Анын айтымында 80 % калкы мусулмандар жашаган Кыргызстанда ислам дининин ар кандай агымдары көбөйүп кеткен.
Ошол ар кайсы агымдардын ортосундагы кагылышууларды болтурбоо максатында үймө-үй кыдырып даваат айтууга тыюу салынат.
Бирок жалпысынан даваат жүргүзүүгө чектөө жок. WhatsApp-группалар аркылуу, куран окуткан жерлерде, базарларда даваат айтыла берет. Мындан сырткары өлкө башчысы кайыр-садакаларды QR код боюнча жүргүзүү да жакында ишке ашарын билдирди.
Ал ошондой эле учурда 233 айыл аймактын молдолору 8000 сомдон маяна алып жатканын, мындан ары 4000 мечиттин молдолоруна да төлөнө баштарын жана айлыктары 20 000 сомго чыгарын кошумчалады.
Жапаров ошондой эле молдолорду туура эмес агымда жүргөндөрдү салттуу исламга кайтарууга үндөөгө чакырды.
Президент бул кеңешти жөн эле берип жаткан жок, иш жүзүндө текшерилген тажрыйбасы менен бөлүшүүдө десек болот. Кыргызстанда WhatsApp-группалардын керек болсо президентикке жеткирип коер күчү бар эмеспи 😉
@kgosho Билип жаша!