Мэрия: Ататүрк паркындагы курулушка берилип кеткен 43 гектар жер мыйзам чегинде кайтарылат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аянты 107 гектар Мустафа Кемаль Ататүрк сейил багынын аймагын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койду.
Анда парктын чек арасын мэриянын 1992-жылдын 25-июнунда кабыл алынган № 225 «СССРдин 50 жылдыгы атындагы сейил бактын аймагын Парктар жана эс алуу зоналардын шаардык бирикмесине утурумдук пайдаланууга бекитүү жөнүндөгү» токтомуна ылайык келтирүү каралган.
«Соцтүйүндө Ататүрк сейил багынын аймагындагы объектилер сүрдүрүлбөйт деген маалымат тарап жатат. Бирок, парктын аймагындагы мыйзамсыз курулган объектилерди тазалоо маселесинде муниципалитет колдонулуп жаткан мыйзамдын чегинде гана иш алып барат», — дешти мэриядан.
2019-жылы «Клооптун» журналисттери Бишкек мэриясы узак жылдар бою Ататүрк паркындагы участокторду жеке адамдарга таратып берип келгенин аныктаган. Парктын жерлерин депутаттар, бизнесмендер, мамкызматкерлер жана алардын туугандары алган.
#кабарлар