Kloop кыргызча


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: not specified


Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.
Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Ош: №42 «Жоогазын» бала бакчасынын имаратынан жылан чыккандан кийин жабылды, ата-энелер нааразы болушууда

Маалыматты «Клоопко» мамлекеттик мекеменин жетекчиси Айжаркын Жеңишбекова тастыктады. Анын айтымында, бала бакча 22-апрелден тарта ишин токтотуп, андан бери эки жолу дезинфекция жүргүзүлгөн.

Ошондой эле ал, мекеменин имараты 1987-жылы курулгананын, учурда эскирип, курулуш чөгүп кеткенин кошумчалады.

Ал эми балдардын ата-энелери жооптуулар тарабынан «эч кандай иш-чара көрүлбөй», ыңгайсыздык жаралып жатканына нааразы болушууда.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова «Клоопко» аталган окуя мэриянын көзөмөлүндө экенин, учурда имараттын полдорун жаңылоо үчүн тендер өткөрүлгөнүн билдирди.

«Тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди. Имарат эски болчу. Учурда полдорун жаңылоого тендер өткөрүлдү. Качан ишке берилери белгисиз. Ата-энелерден балдарын убактылуу үйүндө карап туруусун суранып жатабыз», — деди Аматова.

#кабарлар


ӨКМ: Ысык-Көлдө суу астынан 24 миң метрден ашык узундуктагы балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көл районунун Кожояр айылынан Корумду айылына чейинки суу алдынан узундугу 24 600 метрди түзгөн балык уулоочу тор чыгарылып, 2985 кг ар түрдүү таштанды тазаланды.

«Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле уланып жатканын билдирет», — дешти ӨКМден.

Өткөн жылдын июль айында президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» жарлыкка кол койгон болчу.

#кабарлар


Адахан Мадумаров депутат болбой калды

БШКнын мүчөлөрү 26-апрелдеги жыйында ЖК депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алышты. Буга саясатчынын соттуулугу негиз болду.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өкүм чыгарган эмес. Бир айдан кийин, 26-апрелге караган түнү Мадумаров райсоттун чечими жогорку инстанцияда даттанбаганы жана өкүм күчүнө кирип калгандыктан тергөө абагынан бошотулган.

Мадумаров өзү буга чейин ага каршы кылмыш иши аны депутаттык мандаттан ажыратыш үчүн козголгонун айткан.

Мадумаров БШКнын чечимин сотто даттана алат.

#кабарлар


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бишкекте баңгизат жасоо үчүн 4 тонна апийим куурайы сакталган кампа табылды

УКМКнын маалыматына ылайык, кылмыштуу топ алыскы жана жакынкы аймактарга, чет өлкөлөргө, Кыргызстанга, андан соң коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Кытайга баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналын уюштуруу аркылуу көмүскө кирешелерди адалдап жүргөн.

«Бишкектеги кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан ири көлөмдөгү апийим куурайы аныкталган. "Кодеин" жана "морфин" баңги жана психотроптук заттарын камтыган апийим куурайынын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы 350 килограммга жакынды түздү»,

— деп билдирди атайын кызмат.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. УКМК эки жаранды кармап, ТИЗОго киргизди. Тергөө уланып жатат.

#кабарлар


Катуу жааган жамгырдын улам Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

26-апрель күнү эртең менен Нарын районунун Куланак айылында кыска аралыкта жаап өткөн жамгырдын улам Кур-Жылга коктусунан сел түшүп, бир турак үйдүн короосун каптады. ӨКМдин жергиликтүү бөлүмү ишке тартылып, селден тазалоо иштери уланууда.

Ошондой эле, 25-апрелде 23:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолдорду суу каптады. Ушул тапта унаа жолу жабык.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кыяндын кесепеттерин тактоо иштери жүрп жатат дешти мекемеден.

#кабарлар


Чүй облустук соту Акжолтой Тукуновду эки айга камакка алды

Аламүдүн райсотунун 19-апрелдеги Тукуновдун кармалышы мыйзамсыз жана негизсиз деген чечими жокко чыгарылганын «Клоопко» 26-апрелде соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов 17-апрелде «Массалык башаламандыктар» беренесинин негизинде кармалган. 19-апрелде райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, кармоо мыйзамсыз деп таап, сот залынан бошоткон.

Бул чечимге каршы облсотко Аламүдүн райондук прокуратурасы аппелациялык арыз жолдогон.

Буга чейин жактоочусу Умар Молдобеков Тукуновго башында «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча айып тагылганын, бирок Аламүдүн райсотунда баш коргоо чарасы каралып жатканда берене «Массалык башаламандыктар» беренсине өзгөртүлгөнүн билдирген болчу.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, кылмыш иши анын Фейсбук барагында 2021-жылы жарыялаган видеосуна байланыштуу козголгон.

#кабарлар


Күрөш федерациясынын вице-президенттери Ахрор Иминов менен Дамирбек Асылбек уулу отставкага кетти

Күрөш федерациясынын вице-президенттери Ахрр Иминов менен Дамирбек Асылбек уулу өз ыктыярлары менен отставкага кетти. Бул тууралуу федерациянын өзүнөн билдиришти.

Күрөш федерациясы Иминов менен Асылбек уулуну уюмда кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ахрор Иминов учурда камакта. Ал былтыр октябрда «Көлбаевдин УКТсынын кээ бир мүчөлөрүн» каржылоого шектелип кармалып, уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу боюнча айып тагылган. Бир айдан кийин ал бошотулуп, бирок 2024-жылдын январында кайра кармалып, ТИЗОго киргизилген.

Ал эми ЖКнын экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» жана «Адам сатуу» беренелери менен Казакстанда 10 жылга соттолгон. Ал 2019-жылы Кыргызстанга экстрадицияланган. 2020-жылы августта Жогорку сот ага мунапыс берген.

#кабарлар


🎥 Порнографиялык мүнөздөгү көрүнүштөрү бар тасмаларды элге көрсөтүүгө тыюу салуу сунушталды

Маданият министрлиги токтом долбоорун демилгеледи, анда «“Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борбору» мамлекеттик мекемесине караштуу Эксперттик кеңешти түзүү сунушталууда. Анын курамына кинематография тармагынын эксперттери менен адистери кирет.

Бул кеңеш мамлекеттик каттоого жана жүгүртүү күбөлүгүн алууга көрсөтүлгөн бардык аудиовизуалдык чыгармаларга алгачкы экспертиза жүргүзөт. Документте эгер чыгармаларда «порнографиялык мүнөздөгү көрүнүштөр (эпизоддор) же ишмердиктин тыюу салынган башка түрлөрү» табылса, анда Эксперттик кеңеш материалдарды Кинематография департаментине караштуу Ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын кароосуна жиберери, өз кезегинде ал жүгүртүү (прокаттык) күбөлүгүн берүү же бербөөнү чечери айтылат.

Маданият министрлиги азыркы тапта мыйзамдагы боштуктарды толтуруу керек деп эсептейт, себеби «өлкөнүн ар кандай кинофестивалдарында чыгармачылык эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга тыюу салуу ченемдерине туура келген жана кинофильмдерди милдеттүү мамлекеттик каттоо ченемдерине формалдуу түрдө туура келбеген фильмдерди көрсөтүү учурлары болгон».

Токтомдун долбоору 24-апрелде коомдук талкууга коюлган.

#кабарлар


«Биз сатып алганбыз». Ататүрк паркындагы жерлердин бир нече ээси президентке кайрылды

Бишкекте Ататүрк паркынын аймагынан жер жана үй сатып алган бир нече жаран мүлктөрү сүрдүрүлүп калышы ыктымалдыган улам президент Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылышты. Алар 25-апрелде басма сөз жыйын курушту.

Тургундардын бири Толгонай Султанова алар жер басып албаганын, парктын аймагынан сатып алган үйүнүн кызыл китеби бар экенин, мыйзамсыз болсо, демек «маморгандар эскертип айтышы керек болчу да» деп билдирди.

«Биз мыйзам чегинде укугубузду коргойбуз. Жакынкы күндөрү сотко кайрылабыз. Чынында, сотторго деле ишенич жок. Президент Садыр Жапаровго эле ишенип турабыз», — деди башка тургун Талантбек Исманов.

Басма сөз жыйын курган тургундардын айтымында, алар президентке кайрылуу үчүн кол топтоп жатышат жана кол коюп бергендердин саны 96 адамды түзөт.

12-апрелде мэр Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго кол койгон. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүүнү пландап жатат.

#кабарлар


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров абактан бошотулду

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өкүм чыгарган эмес. Депутат райондук соттун чечимине каршы даттанбаганы үчүн 26-апрелге караган түнү абактан бошотулду.

«Убакыт бар, дагы убакыт бар. Биз карап, жактоочуларыбыз менен талкуулап, кеңешип, улантабыз. Мыйзамга ылайык, өкүм алынган күндөн тартып 30 күн берилет. Мен өкүмдү 16-апрелде алдым. Демек, баары алдыда», - деди ал.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал депутаттык мандатына байланыштуу камалган.

«Алардын башка иши жок. Биз акыркы демибизге чейин күрөштүк жана күрөшөбүз», — деди ал.

Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында ИИМ тарабынан кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган.

#кабарлар


УКМК Бишкекте 127 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылганын кабарлады

Бишкектин 12-кичи районундагы баасы 127 млн сомду түзгөн 12 даана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Маалыматка ылайык, алгач борбор калаада «П» курулуш компаниясы мыйзамсыз 12 кабат турак жайды куруп жатканы аныкталып, тергөө башталган.

Териштирүүдө жер тилкеси 2006-жылы Бишкектин башкы планынын авторлорунун бири А.А.М тарабынан шаардык мэрия менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери аркылуу алдын ала сүйлөшүлүп, Октябрь райондук администрациясынын жасалма токтомунун негизинде жалпы аянты 0,2 гектар муниципалдык жер тилкеси афирленген жактарга мыйзамсыз берилген.

Атайын кызматтан жер тилкелери турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон айрым жарандардын өзүнчө категорияларына арналганын белгилешти. Бирок аты аталган А.А.М аттуу кишинин жакындарына берилип кеткен.
Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

#кабарлар


Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына агып кеткен 6 жаштагы бала изделүүдө

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда Нарын дарыясына агып кеткен алты жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, тестиер бала сууга акканы тууралуу кабар 23-апрелде саат 18:50 чамасында түшкөн. 23-24-апрель күндөрү издөө иштеринен жыйынтык чыккан эмес.

Бүгүн Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнүн мобилдик тобу, куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана баланын жакындары кайык менен жана жөө издөөнү улантып жатат.

#кабарлар


Ысык-Көл: Желим баштык колдонгондорго айып салына баштады

Ысык-Көлдөгү кафе, ресторан жана тез тамактануучу жайлардын желим баштык колдонгону аныкталса мыйзамга ылайык айып салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгына таянып «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, айыптын өлчөмү — жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 100 миң сом. Бул боюнча ишкерлерге эскертилди. Эгер фото, видео далилдер болсо алгач эскертүү берилет, баш ийбесе айып салынат.

Өткөн жылдын 29-июнунда парламент «Желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга» тыюу салган мыйзам кабыл алып, президент кол койгон. Мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирген.

#кабарлар


«Биз ар бириңди карап турабыз». Жапаров мамкызматкерлерди планды аткарууга чакырды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясында мамлекеттик органдарды коюлган пландарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

«Мага жума сайын ИИМ, УКМК дан маалыматтар келип турат, Эсептөө палатасы бар. Биз ар бириңди карап турабыз. Кыргызстанда бар айфондун баары силерди карап турат, аткарып атасыңарбы же жокпу жана жүрүм-турумуңарды»,

деп жазды Tazabek анын айткандарын.

Жапаров өкмөттө бекитилген план бар экенин, мамлекеттик түзүмдүн баары ага карап иш кылыш керектигин эскертти.

#кабарлар


Салык декларациясын кабыл алуу үчүн кызматкерлер түн ортосуна чейин иштейт

Мамлекеттик салык кызматы салык декларациясын кабыл алуу үчүн 25-30-апрель күндөрү түн ортосуна чейин — саат 09:00 дөн түнкү саат 00:00 гө чейин кабыл алат. Бул тууралуу мекеменин фейсбук барагына жарыяланды.

Жеке жактар декларацияны «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн же кагаз түрүндө жергиликтүү салык органына барып тапшырса болот. Ишкерлер электрондук түрдө гана бериши керек.

Жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар 1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүү.

Декларацияда кирешелер жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объектилери, жер тилкелери жана отчёттук жыл үчүн төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлүшү керек.

#кабарлар


Президент электромобилдерге жашыл номер берген мыйзамга кол койду

Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзамда электромобилдерди пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана аларды электр менен кубаттоо инфраструктурасын түзүү да каралган.

Буга чейин «жашыл номерлердин» ээлерине жол эрежесин бузган учурда айып пулдардын жана транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда, ошондой эле акы төлөнүүчү муниципалдык автопарктарда унаа токтотуучу жайлардын кызматы жана транспорт каражатынын айнектерин караңгылатууга уруксатты тариздөө үчүн алымдардын өлчөмү 50%га чейин азайтып берилери маалымдалган.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды марттын ортосунда кабыл алган. Мыйзамдын демилгечилери документ өлкөдөгү экологиялык кырдаалга олуттуу оң таасирин тийгизери жана өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөрүн белгилешкен.

#кабарлар


Акылбек Жапаров бир нече министр жана алардын орун басарларына сөгүш жарыялады

«Кабар» агенттигинин маалыматына ылайык, тапшырмаларды аткаруудагы кемчиликтер үчүн сөгүш төмөнкү чиновниктерге берилген:

🔹санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага;
🔹транспорт министри Тилек Текебаевге;
🔹маданият министри Алтынбек Максүтовго;
🔹саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага;
🔹жаратылыш министринин орун басары Асел Раимкуловага;
🔹президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевге.

Ошондой эле ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов жана президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев эскертүүлөрдү алган.

Мындан тышкары, Жапаров Кемин жана Баткен райондорунун акимдерин кызматтан алуу сунушун киргизүүнү тапшырган. Бул сунуштар президент менен макулдашууга киргизилет.

#кабарлар


Акылбек Жапаров президентти колдоо деңгээли «рекорддук» 82%га жеткенин билдирди

Бул тууралуу Минкабдын башчысы президенттин администрациясынын коллегиясында айтты. «Кабардын» маалыматына ылайык, ал бул сөзүндө Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүнө таянган.

Жапаровдун айтымында, колдоонун мындай деңгээли — бул «мындан ары кайраттуу реформаларды жүргүзүү үчүн бийликке чыныгы күчтүү мандат, ошондой эле демократиялык өнүгүү деңгээлинин көрсөткүчү».

«Менин түшүнгөнүм боюнча, бул биздин өлкөнүн тарыхында гана эмес, азыркы дүйнөдө да чыныгы рекорддук деңгээл. Биз, президенттин командасы, социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында жетишилген олуттуу ийгиликтерге сыймыктанабыз», — деди ал.

IRI’нин акыркы сурамжылоосу февралдын аягында чыккан. Ал 2023-жылдын 21-декабрынан тартып 2024-жылдын 19-январына чейин жүргүзүлгөн. Сурамжылоого жооп бергендер саясатчылардын же коомдук ишмерлердин кимисине көбүрөөк ишенишет деген суроого алардын 37%ы Садыр Жапаровду тандашкан.

#кабарлар


Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерди уурдап, 140,000$ опузалашкан

ИИМдин маалыматына ылайык, 22-апрелде Бишкекте курулуш тармагында иштеген тургун Гоголь/Чүй дарегине жолугушууга чакырылган. Жолугушуудан кийин кылмыштуу топ аны уурдап, белгисиз тарапка алып кетип, ишкердин аялынан 140 000 АКШ доллардан ашык акча талап кылган. Ишкердин жубайы окуя боюнча милицияга кайрылган.

24-апрелде укук коргоо органдын кызматкерлери кылмыштуу топтун алты мүчөсүн кармашкан. Бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. ИИМдин маалыматына ылайык, ишкерди уурдагандардын бири Көлбаевдин УКТсынын мүчөсү катары каттоодо турат.

#кабарлар


🇰🇬🇦🇿 Кыргызстан менен Азербайжан энергетикалык тармакта кызматташат

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге, анын ичинде Энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

КР Энергетика министрлиги меморандумдун негизги максаты энергетика тармагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасир берүү, ошондой эле бул тармакта алдыңкы келечектеги кызматташтыкты тереңдетүүгө умутулуу экенин белгилешти.

Мындан тышкары, ведомство Кыргызстан менен Азербайжан төмөнкү тармактарды дагы өнүктүрүүгө умтуларын билдирди:

🔹тараптардын мамлекеттеринин аймактарында мунай кендерин биргелешип изилдөө жана иштеп чыгуу;
🔹мунай жана мунай продуктылары менен соода кылуу;
🔹энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика жаатында кызматташуу.

#кабарлар

20 last posts shown.