Курултайдын катышуучусу Ташиевди «бүгүнкүнүн Манасы» деп атады
20-декабрдагы үчүнчү Элдик курултайдын катышуучусу Байсидин Батыркулов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди «бүгүнкү күндүн Манасы» деп атады.
Ал Ташиев чек ара маселесин «чечип берди» деген пикирин айтып, Оштогу Чоң-Алай элинин чек ара боюнча суранычын аткарганы үчүн бийликке ыраазы болду.
— деди ал.
Бүгүн Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат. Ага өлкө аймагынан келген 700гө чукул делегат катышууда.
Бул бийлик башындагыларды Манас баатырга салыштырган алгачкы учур эмес. Көбүнчө президенттерди эле салыштырышчу. Алсак 2020-жылы депутат кезинде Зарылбек Рысалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду «Манас атанын ордуна Манассыз» деп атаган. «Социал-демократтар» партиясынын депутаты Ирина Карамушкина да экс-президент Алмазбек Атамбаевди Манаска салыштырууга аракет кылган.
#кабарлар

«Анан чек ара маселеси боюнча, бул жакта билбей эле, баягы “диванный” эксперттер жазып жүрөт. Бирок кырдаал согуш абалына жеткен эле. Башын ажалга байлап барып Камчыбек Кыдыршаевич согуш мезгилинде ошол жерде туруп, биздин пайдабызга чечип берди. Азыр эми “Бүгүнкү күндүн Манасы” десе пахта койду дейсиздер. Бирок тарых таразалайт»,